Воскресенье, 29 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Оңдоп бүтө электе ойрондото баштагандар

Өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхында биринчи жолу массалык түрдө жаңы жолдор курулуп, совет мезгилинен бери кол тийбеген жолдор оңдолуп жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш.

Ошол эле учурда эрежелерге ылайык, айрым айдоочуларыбыздын жолдорго абай мамиле жасагандын ордуна, бүлдүрүүгө алып келчүдөй мамиле жасап жатышканына жол болсун!

Мисалы, быйыл 1-июндан 19-августка чейин эле Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы ири жүк ташуучу машиналардын айдоочулары тарабынан жылуулук режимин бузуунун 64 учурун аныктаган.

Тактап айтканда ал айдоочулар мэриянын абанын температурасы 28 градустан жогору болгон учурда муниципалдык жолдор боюнча оор транспорт каражаттарынын кыймылын чектеген 15.04.2024-ж. №102 тескемесине тоотпогондук менен мамиле жасашкан.

Андыктан, аталган инспекциянын кызматкерлери тарабынан КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жылуулук режимин сактабагандык үчүн жеке жана юридикалык жактарга бузуулар жөнүндө жалпы суммасы 342 200 сомдук 64 протокол толтурулган.

Оор транспорт каражаттарына мындай чектөөлөр быйыл 1-июндан 1-сентябрга чейинки мөөнөткө саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилген. Чектөөлөргө ылайык, максималдуу массасы 18 тоннадан ашкан автомашиналарга шаар жолдорунда жогоруда көрсөтүлгөн убакытта жүрүүгө болбойт.

Анын сакталышына контроль милициясынын патрулдук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгы менен мэриянын транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт

Тыюу салуу тез бузулуучу продуктыларды, гуманитардык жардамдарды ташыган, Бишкек мэриясы тарабынан жолдордун курулушуна жана оңдоого тартылган, ошондой эле муниципалыдк заказдарды ишке ашырып жаткан транспорт каражаттарына жайылтылбайт.

Негизи мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө мыйзам түгүл, эрежелерди бузуу деген дээрлик кездешпейт. А бизде мыйзам менен эрежелер аларды сактоо үчүн эмес, байкатпай (жаза албай) бузуу үчүн кабыл алынат дегендей көз караш калыптанып калган. Мына ушул стереотиптен арылуу үчүн дагы бир топ мезгил керек болчудай…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар