Кемин районундагы Орловка шаары тоо койнунан орун алган, абасы таза, жайда салкын, кышта жылуу, көчөлөрү көркөм, өнүгүү жолуна түшкөн шаарларыбыздын бири.
Шаардын мэри Бактыбек Чанчаров чыгаан жетекчи, мыкты уюштургуч экендиги шаарга келген меймандарга дароо байкалат. Ага жараша үстүбүздөгү жыл орловкалыктар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Шаардын көчөлөрү жаңыланып, жаңы парктар түптөлдү. Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашырууда көзгө толорлук иштер жасалды.
Орловка мэриясынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жыйынтыктары, иш-пландары, милдеттери тууралуу шаардын мэри Бактыбек Чанчаров кеп салып берди.
2024-жылы жергиликтүү бюджеттин долбоору Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык мэрия тарабынан иштелип чыгып, Орловка шаардык кеңешинин чечими менен бекитилген. Бул программа стратегиялык башкаруунун негизги инструменти болуп калды, анын негизги максаты – шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттары боюнча бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу болгон.
Таза суу өмүр булагы
Бүгүнкү күндө “Орловка сууканалы” муниципалдык ишкана штаттык режимде иштеп, калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле суу түтүктөрүн калыбына келтирүү (жарым-жартылай оңдоо), скважиналарды тейлөө жана оңдоо иштери жүрүп жатат.
Катар мамлекетинин “Ассалам” кайрымдуулук фонду менен иш активдүү жүрүп, 2930 метр суу түтүктөрү жана 2 клапан тартылды.
Кышка даярдыктар көрүлүүдө
Калкты жылуулук менен камсыздоо иштери аяктады (январь-март), 2024-2025-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө. “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалы (ОПТС) Орловка жылуулук менен камсыздоо ишканасы калкты жылуулук менен камсыздайт.
Борбордук жылуулук тармагындагы жараксыз абалга келген түтүктөрдү демантаждоо иштерин жүргүзүп, жаңы түтүктөр орнотулду. ДКВР 20/13 от казандын ичин капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, биринчи жана экинчи суу линиясынын жылуулук алмаштыргычтын капкактарын монтаждоо жумуштарын аяктады.
Ички жолдорго көңүл бурулууда
Орловка шаарынын мэриясы жергиликтүү коомчулуктун социалдык жана башка көйгөйлөрүн чечүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барат.Андан сырткары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен тыгыз байланышта кызматташып келет. 2024-жылдын 6-айынын ичинде транспорттук-эксплуатациялык абалды кабылына келтирүү жана жакшыртуу максатында Орловка шаарынын 2,4 км (Кудряшов көчөсү) капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле, кыш мезгилинде жолдорду тазалоо жана кум чачтыруу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.
Жарашыктуу – “Жашыл Мурас”
Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында Жалпы аймакты жашылдандыруу жана жакшыртуу максатында “Алтынкен” ЖЧК жана башка подряддык уюмдардын, жергиликтүү калктын жардамы менен шаардын аймагында жалпысынан 1500 даана ар түрдүү көчөттөр отургузулду (павлоний, ак кайың, терек, сирень, каштан, ийне жалбырактуу, жемиш дарактар), ошондой эле Орловка шаар аймагында бактарды бутоо, тазалоо сыяктуу санитардык иштер жүргүзүлдү.
“Жеңиш” паркын оңдоо иштери” боюнча долбоордун 2 этабы жүргүзүлүп жатат. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигин, асфальт төшөө, жарыктандыруу, отургучтарды орнотуу жана оңдоо иштерине даярдыктар жүрүп жатат.
Калкка жагымдуу шарттарды түзүү
Шаарда жашаган калкка жагымдуу шарттарды түзүү жана ден соолукту чыңдоо максатында, Орловка шаарынын муниципалдык коомдук мончонун оңдоо иштерине (от казан, отургучтарды, шкафтарды) тендер жарыяланып, подряддык уюм даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.
Орловка шаарынын, Подгорное жана Кашка конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн мэрия Мамлекеттик долбоорлоо институту (ГПИ) менен келишим түздү, ал жердеги Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту Подгорное жана Бордунский конуштарын кошуу менен Орловка шаарынын башкы планын иштеп чыгуу долбоорун аяктоо боюнча инженердик-техникалык жер үстүндөгү жана жер астындагы иштер жүргүзүлүп жатат.
Табигый кырсыктардын алдын-алуу
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы №209 “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген пландын негизинде 2024-жылга турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 6 айдын ичинде 29 келишим түзүлдү.
Аткарылган долбоорлор
“Чүй облусунун кире беришине Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясынын аймагына стелла орнотуу” долбоору Өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылды.
“Орловка шаарындагы арканын жанындагы гүлбакчага эшикчеси менен тосмо орнотуу жана жашылдандыруу үчүн суу менен жабдуу” боюнча долбоор жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Социалдык тармактар көңүл борборунда
Орловка шаарынын мэриясынын балансында 15 муниципалдык менчик объектилери бар, анын ичинде социалдык объектилер: Орловка №1 жана №2 орто мектептери, музыкалык мектеп, “Кристалл” спорт комплекси, “Лесная сказка”, “Ромашка” жана “Подгорное” бала бакчалары. Бул имараттарды жана курулмаларды кармоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, ага учурдагы жана капиталдык оңдоолор, ошондой эле коммуналдык кызматтар кирет.
Эки мектеп жана эки бала бакча Орловка жылуулук менен камсыз кылуу ишканасы тарабынан (ОЖмККИ) жылытылат. Учурда 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине Орловка шаарынын мэриясынын ОЖмККИна керектелген жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызы жок.
Билим берүү
Орловка шаарынын муниципалдык билим берүү уюмдарында (мектептеринде) 71 класс түзүлүп, аларда 1844 окуучу билим алат.
Подгорное жана Кашка айылдарынан Орловка шаарынын №1 жана №2 орто мектептерине мэрия тарабынан мектеп окуучуларын ташып жеткирүүгө транспорт уюштурулган.
2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын жергиликтүү бюджеттен №1 жана №2 орто мектептин башталгыч класстарынын окуучуларын жана “Лесная сказка”, “Ромашковый сад” жана “Подгорное” бала бакчаларындагы мектепке чейинки курактагы балдардын тамактануусуна акчалай каражаттар бөлүнүп турат.
Тарбия бала бакчадан башталат
Орловка шаарынын муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) 22 тайпа түзүлүп, аларда 620 бала тарбияланууда.
Мектепке чейинки жана мектепте билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мектептердин жана бала бакчалардын имараттары, окуу бөлмөлөрү учурдагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө, кошумча курулмалар (коридорлор, дааратканалар) курулууда, керектүү жабдуулар сатып алынып жатат. Атап кетсек:
– 2024-жылга “Лесная сказка” бала бакчасында сантүйүндү оңдоо”, “Ромашковый сад» балдар бакчасынын кире беришине чатырча орнотуу”, “Подгорное” бала бакчасында ашкананы ондоо”, “Орловка №1 орто мектебинин кабинеттерин оңдоо”, “№2 орто мектебинин көлөкө чатырын куруу жана балдар аянтчасын жакшыртуу” жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланып, подрядчы уюм тандалып, тиешелүү иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
2024-жылдын 28-мартында болгон катуу шамалдын кесепетинен 2 бала бакчанын чатыры бузулган, Кемин райондук өнүктүрүү фондунун жана “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” ААКтын каражаттарынын эсебинен чатырынын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 батир сатып алынып, 2 бөлмөлүү батирди оңдоого подряддык уюм менен келишим түзүлгөн, иштер жүргүзүлүп аяктады.
Подгорное айылы жардамга муктаж
“Подгорное мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын чатырын алмаштыруу жана көмүр кампасын оңдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча подрядчы менен келишим түзүлүп, оңдоо иштери аяктады, каржылоо Кемин районун өнүктүрүү фондунан.
Кемин райондук өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кароосуна “Подгорное айылындагы насостук станцияны оңдоо” долбоорун каржылоого арыз берилип, подрядчы тандоо боюнча тендер жарыяланды.
Долбоорлоочу уюм Подгорное айылында фельдшердик-акушердик пунктту куруунун долбоордук-сметалык документациясын даярдап жатат. Долбоордук-сметалык документтер алынгандан кийин бул долбоорду ишке ашырууга каражат изделмекчи.
“Ромашковый сад” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоо” боюнча долбоору ишке ашырылып жатат, Кемин райондук өнүктүрүү фондунан каржыланат.
Билим берүү кызматкерлерин колдоо
Билим берүү тутумунун кызматкерлерин (мектептер, бала бакчалар) социалдык жактан колдоо максатында жыл сайын жергиликтүү бюджеттен коммуналдык кызматтардын чыгымдарына компенсация түрүндө каражат бөлүнөт, быйылкы жылы ар бир билим берүү жана MОП, TOП кызматкерлерине акчалай каражат берилди.
Маанилүү даталар: Жеңиш күнү, Нооруз жана башка майрам күндөрүн өткөрүү боюнча атайын жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, иш-чаралар уюштурулат.
Шаардагы спорттук секциялар
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардын мэриясы тарабынан “Кристалл” спорт комплексинде каалоочулар үчүн шарттар түзүлүп, спорттук секциялар уюштурулган. Мини-футбол, дзюдо, грэпплинг, волейбол, баскетбол, оор атлетика, алардан тышкары лыжа, грек-рим күрөшү жана бокс боюнча секциялар уюштурулган.
Жалпысынан бул секцияларга 500дөн ашык бала катышат. Спорт менен машыккан балдар ар кандай мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Ал эми жол кире чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Калктын аялуу катмарын колдоо
Орловка шаарынын мэриясынын аймагында майыптардын саны 325 адамды түзөт. Андан сырткары, Ооган согушунун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин майыптарына жана майыптарынын жесирлери, 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрү,Улуу Ата Мекендик согуштун 2 жесири, Энелер күнү, Балдарды коргоо күнүнө карата көңүл бурулуп келет.
Ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарына жана социалдык жактан аялуу катмарына, кайрылууларга материалдык жардам көрсөтүлөт.
Чарбалык иштер жана сугат суу маселеси
Сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлдү: арык казгыч менен (К700) арыктарды кесүү – 11 км, экскаватор менен – 4 км, бадалдарды жана бактарды кыюу – 7 км, ашар ыкмасы менен каналдарды тазалоо – 8 км, ЛР-80 лотокторду алмаштыруу – 16 даана; Көпүрө оңдоо (канал аркылуу плиталарды орнотуу жана тегерегин толтуруу) – 1 даана; атайын техниканын жардамы менен жолду толтуруу жана тегиздөө – 800 м; шлюздарды ондоо – 10 даана; суу бөлүштүрүүчү монолиттүү бетон конструкцияларын орнотуу – 3 даана; жолдун аркы өйүзүнө түтүктөрдү орнотуу Ф325-15 метрди түздү.
Шаардын айыл жана мал чарбачылыгы
Үстүбүздөгү жылы шаардын дыйкандары 162 гектар аянтка буудай, 1190 га арпа, 55 га көп жылдык өсүмдүктөр, 48 га жүгөрү, 22 га жерге кант кызылчасы айдалды. Ал эми Орловка мэриясынын аймагында 2024-жылдын башында мал санактын жыйынтыгы боюнча такталып, алардын жайкы жайыттарына кеткен жолдор жыл сайын тазаланып турат.
Алдыга коюлган пландар жана иш-аракеттер
Орловка шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата көптөгөн максаттар каралып жатат, өзгөчө белгилеп кетсек, негизги пландарга коюлган төмөнкү иштер:
– Фрунзе жана Некрасов көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү;
– №2 орто мектебинин жертөлөсүн, фасадын оңдоо жана кенже класстар үчүн жаңы спортзал куруу;
– Орловка шаарындагы №1 орто мектептин кабинеттерин, жылытуу системасын,
окуучулар чечинүүчү жайларды жана ички
дааратканаларды, ошондой эле фасадды оңдоо пландаштырылууда.
– “Ромашковый сад” бала бакчанын имаратынын фасадын оңдоо жана жаңы беседкаларды орнотуу;
– “Лесная сказка” бала бакчасына жаңы беседкаларды орнотуу, электр зымдарын жана эшиктерди алмаштыруу;
– Дүйнөлүк банктын каражатына “Теремок” бала бакчасынын имаратынын дагы бир блогун оңдоо пландалууда.
Дагы башка долбоорлор шаардагы калктын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде – күнүмдүк таштандыларды тазалоо, жолдорду өз учурунда калыбына келтирүү, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштери мэриянын милдети.
Жыпара Жээналиева, «Кыргыз Туусу»