Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Дүйнөнү дүрбөткөн маймыл чечек оорусу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус 14-августта маймыл чечек (мрох) вирусу боюнча глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады. «Эпидемияны токтотуу жана адам өмүрүн сактап калуу үчүн эл аралык алкакта координацияланган чара көрүү зарыл. Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө дүйнөлүк деңгээлде чукул абал эл аралык мыйзамдарга ылайык кооптонуунун жогорку деңгээлин билдирет», – деди Гебрейсус.

Өтө жугуштуу

Маймыл чечеги – сейрек кез­дешүүчү жугуштуу оору. Ага чалдыккан кишинин дене табы көтөрүлөт. Адамдын булчуңдары, сөөктөрү, башы ооруйт. Кээ бир бейтаптар кусуп же ичи өтөт. Туруп-туруп эле дене табы жогорулап, эти кычышып, бүдүр, ыйлаакча чыкса, бул – маймыл чечеги. Вирустун аталышы англисчеден кыскартканда mpox (мурда Monkey pox) деп аталып калды. Илдет өтө тез жугат.

Балдар арасында тез тарайт

Вирус жакын байланыштан, өбү-шүүдөн же жыныстык катнаштан, булганган шейшепти, кийим-кечени колдонуудан жана ийне аркылуу жугушу мүмкүн. Ошондой эле илдетке чалдыккан жан-жаныбардан: маймылдан, чычкандан жана тыйын чычкандан да жугушу ыктымал. Илдет балдар арасында тез тарагандыктан наристелер аярлуу топко кирет. Ошондой эле, иммунитети начар жана кош бойлуу аялдар дагы аярлуу болуп саналат. Эки же үч аптада бейтап айыга баштайт. Бирок, териде боз темгил тактар калышы мүмкүн. Айрым учурларда (орточо алганда жүздөн төрт учур) трох жуккан бейтаптар, айрыкча аярлуу топтогулар жарыкчылык менен кош айтышат.

Азияда жуктурган биринчи учур катталды

Учурда Мрох вирусу Конго Демократиялык Республикасында 15 миңдей адамдан аныкталып, 500дөн ашык киши каза тапты.

Африка континентинин сыртында инфекция Пакистанда жана Швецияда катталды. Пакистандын Пешавар шаарындагы оорукана маймыл чечегин жуктуруп алган бейтаптар көбөйүшү ыктымал деген кооптонуудан улам атайын даярдык көрүүдө. 16-августта Перс булуңунан кайтып келген кишиде бул вирус табылган. Пакистандын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын көрсөтмөсү менен шаардагы полиция күчтөрүнүн госпиталы маймыл чечегине кабылгандарды кабыл ала турган жайга айланды. Швецияда 15-августта Африкадан кайтып келген киши трох вирусун жуктурганы аныкталды.

Вирустун азыркы штаммы Конгодо тез жайылууда. Илдет Африканын мурда катталбаган төрт өлкөсүнө да жетти. Ондогон жылдан бери маймыл чечеги Борбордук жана Батыш Африкада аныкталып келген. Ага чалдыккан алгачкы бейтап 1970-жылы Конгодо аныкталган. 2022-жылы вирустун Европа жана Түндүк Америкада табылганы чоң кооптонууга жем таштаган. Бирок, адистер бул жолку штаммы мурункуга караганда кооптуу экенин эскеришет.

517 киши каза тапты

Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маа-лыматына караганда, вирусту жуктуруп алгандардын көбү Конго Демократиялык Республикасына туура келгени менен ушу тапта континенттин кеминде 13 өлкөсүндө катталды. Быйыл Африкада маймыл чечегин жуктурган 17 миң учур катталса, 517 киши оорудан улам каза болду.

Бул илдеттен коргогон вакцина бар болгону менен Африкада бардык адамдарга жетпейт. Өткөн аптада АКШ маймыл чечегин жуктуруп алышы мүмкүн деген адамдарга эмделүү зарылдыгын эскертти. Бирок эксперттер вакцинадан тышкары вирустун жайылуусун алдын алуу үчүн көзөмөлдүн, диагностиканын жана изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгилешет.

Кыргызстан сактык чараларын күчөтүүдө

Ал эми Кыргыз бийлиги маймыл чечек вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен маймыл чечеги катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сак болууну эскертти. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара посттордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пункттарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү.

Министрлик ДССУнун техникалык колдоосу менен 2022-жылы маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алганын билдирди. 2024-жылдын 19-августуна карата 500 ПЧР тест-системасы бар. Ведомство маймыл чечек оорусуна каршы алдын алуу иштер улантылып жатканын, ооруну эрте аныктоо үчүн кошумча ПЧР тест-системалар алынарын белгилеген. Мындан тышкары, муфтият менен биргеликте иш жүргүзүп, калкка маймыл чечек оорусу боюнча өз убагында маалымат берилип турары
айтылды.

Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусу катталган жок. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиология-лык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиолог-дарыгери Венера Алымкулова учурда санитардык-карантиндик пункттар адамдардын дене табын өлчөө үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылганын айтты. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. “Андыктан, кыргызстандыктардын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок”, –
дейт ал.

Дарыгерлер толук кандуу дарылоого даяр

Кыргызстандын адистери бул илдетти толук кандуу дарылай алабыз дешүүдө. Алар лабораториялык адистерден тарта, тийиштүү дары-дармектер дагы жеткиликтүү экенин айтып жатышат. “Бул жаңы оору эмес. Илдеттин үч бөлүгү бар, анын ичинен 1Б деген бөлүгү эң оору болуп эсептелинет. 2022-жылы тест системаны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан алып, тестирлөө кылып иштетип көргөнбүз. Ошол үчүн биздин лаборатория адистери бул илдет боюнча изилдөөлөрдү жасай алат деп айта алам. Тесттен кошумча дагы алып берүү үчүн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кат жөнөтүп жатабыз”, – деп билдирди Оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Динара Оторбаева. Адистер “маймыл чечек” 1970-жылы эле пайда болгонун, андан бери кайсы бир мамлекеттерде маал-маалы менен катталып турарын айтышып, буга каршы медициналык тажрыйба бар экенин жүйө келтирип жатышат. Мындан улам ашыкча кооптонууга деле негиз жоктугун кошумчалашат.

Анара Арзыбай кызы,  “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар