Кыргызстандын 105 миң тонна балык өндүрүп, экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада министр балык чарбаларынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.
«Айыл чарба тармагында дагы дыйкан-фермерлерге үлгү боло тургандар чыгышы керек. Алар өздөрүнүн тажырыйбасы, билими, каражаты менен артынан карапайым элди ээрчитип, көмөк көрсөтүп, жарандарыбыздын байышына өбөлгө болугуу тийиш. Биз ошондуктан кайра иштетүү өнөр жайын ар дайым колдойбуз. Мына бүгүнкү күндө 30 миң тонна балык өндүрүлсө, 5 миң тонна гана экспортко чыгып жатат. Бизде 105 миң тонна өндүрүүгө шарт бар. Ошондо экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткирсе болот», — деген ал учурда кайра иштетүү өнөр жайларын куруп, өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын айтты.
Белгиленгендей, Аламүдүн районунун Ленин айылындагы «Салих ЛТД» ЖЧКсы куруп жаткан балыкты кайра иштетүүчү ишкана 3 миң тоннага чейин балыкты кайра иштетүү жана 8 тоннага чейин кара осетр балыктарынын икрасын чыгарууга жөндөмдүү. Долбооорго 4 млн. 387 миң 460 доллар сарпталат.
Ал эми «Вилби» ишканасы Сокулук районунун Ак-Жол айылында 134 млн. 250 миң сомго балык жана балык продуктыларын кайра иштетүү цехин курууда. Цех ишке кирсе 45 жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Жылдык өндүрүмдүүлүк:
- муздатылган форель — 1000 тонна;
- тоңдурулган форель — 1000 тонна;
- ышталган балык өнүмдөрү — 800 тонна;
- кургатылган балык өнүмдөрү — 400 тонна;
- жеңил туздалган балык азыктары — 1000 тонна;
- гидробионттордун консервалары — 1 000 000 даана.