2021-2025-жылдарга коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү, инфраструктураны жакшыртуу жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган программанын, ошондой эле 2021-2035-жылдарга карата Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 6 ай аралыгында аткарган иштерин окурмандарга сунуштайбыз.
Өнөр жайдын көрсөткүчү
Өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көрсөткүчү 2024-жылдын 2-кварталында – 705,8 млн. сом, чекене сооданын көлөмү – 4230,0 млн. сом, рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү – 2290,9 млн. сом, калкка кызмат көрсөтүүнүн көлөмү – 953,2 млн. сомду түзүп, салык топтоо 100%га аткарылды.
6 айда объектилерди куруу, кайра куруу, кеңейтүү жана техникалык жактан жабдууларга 220,5 млн. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлдү. 2024-жылдын 2-кварталына карата 8908 кв. метр жеке турак-жайлар курулду жана 157,3 миң тонна жүк ташылып, жүргүнчүлөрдү ташуунун көрсөткүчү – 18376 миң пас/км түздү. Мэрия тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы Восток участогунун 26,1 га жерине “Өндүрүш зонасын” куруу пландаштырылып, ушул эле участоктун 24,5 га жерине көмүр-соода-логистикалык борборун куруу ишке ашырылууда. Учурда жер аянттарын трансформациялоо жүрүүдө.
Инвестиция тартуу
Кызыл-Кыя шаары боюнча 2024-жылдын январь-июнь айларында 475,9 млн. сомдук инвестиция тартылды. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын демилгеси менен Араб инвесторлорунун «Ас Сафа» коомдук фонду тарабынан капиталдык салымы болжолдуу 80,0 млн. сомду түзгөн психонаркология имаратынын курулушу 31-августта пайдаланууга берилет.
Шаардын Асаналиев көчөсүндөгү тыгынды жоюу максатында “Жер астынан өтүүчү өтмөк куруу” долбоору ишке ашырылууда. Мэрия тарабынан жеке ишкерге жер аянты ижарага берилип, курулуш иштери жүрүүдө. Капиталдык салымы 40,0 млн. сом. Аталган жер астындагы өтмөктө 40тан ашуун соода дүкөндөрү курулуп, жеке ишкерлерге пайдаланууга берилет.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,4 млн. сомго Кызыл-Кыя шаарындагы Восток участогунан «Ала-Тоо» эс алуу комплекси сатылып алынды. Аталган комплексте шаар калкы үчүн жана шаарга келүүчү коноктор үчүн маданий эс алуучу жай уюштурулду.
Жактырылган 6 долбоор
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 6 долбоор сунушталып, жактырылды. Алар: Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунун балдар бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоо; Кызыл-Кыя шаарындагы “Ландыш” балдар бакчасынын жылытуу системасын капиталдык оңдоо; Кызыл-Кыя шаарынын Абжапаров көчөсүн капиталдык оңдоо; Кызыл-Кыя шаарындагы Восток көчөсүн капиталдык оңдоо; Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын имаратынын 2-кабатына жеңил типтеги конструкциядан актовый зал куруу; Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылындагы Механизаторская көчөсүн асфальттоо. 6 долбоор боюнча аткарылуучу жумуштардын наркы – 35,8 млн. сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салымы – 20,1 млн. сом, үлүштүк гранттын эсебинен 15,8 млн. сом каралды.
Мындан тышкары “Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү” программасынын Жол картасына ылайык Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан долбоорлор сунушталып, 2 долбоор бекитилди. Алар: Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда “Дүң соода” комплексин, мейманкана (конференц залы менен) жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагына 2 ҮДБнын имаратын куруу. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 85,0 млн. сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө.
Жаңы ишканаларды ачуу
2024-жылы шаардык мэриянын кол-доосу менен жеке ишкерлер аркылуу 15 кичи жана орто бизнес тармагында кызмат көрсөткөн өндүрүш объекттери ачылып, 89 жумуш оруну түзүлдү.
Ал эми, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан шаар аймагында жарандарды жумуш менен камсыздоодо 374 жаран ишке орношкон.
6 айда эт өндүрүү – 353,0 т, сүт өндүрүү – 1284,5 т жана 1053,2 миң жумуртка өндүрүлгөн. Дыйкандарга “Айыл Банк” жана “РСК” банктарынын шаардагы филиалдары аркылуу 50 дыйкан, фермерге – 21,9 млн. сом жеңилдетилген насыя берилген. Ошондой эле лизинг (КАПК) аркылуу бир жаранга айыл-чарба техника сатып алуу үчүн 3,03 млн. сом берилген.
Таза суу менен камсыздоо
“Исфайрам” участкасында бир трансформатор, суу пайдалануучу 4 насос бар, анын кубаттуулугу 145 киловатт жана андан саатына 600 куб суу, ал эми “Кулуштан” участкасында 8 трансформатор, 8 скважина болсо, анын ичинен 6 скважина иштеп, 250 куб суу, “Так-Тек” участкасында 4 трансформатор, 5 скважина болсо, анын экөө иштеп, саатына 120 куб суу келүүдө. Шаар аймагында жалпысынан 384 км суу жана 30,5 км саркынды суу куурлары жайгашкан. “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемеси тарабынан таза суу куурларынын жарылган жерлерин калабына келтирүү, кудук тазалоо иштери жүрүгүзүлүүдө.
Ошондой эле Восток-2 кичи районундагы 50 метр аралыктагы жараксыз суу куурлары алмаштырылып, Восток-1 кичи районунда 120 метр аралыкка жаңыдан суу түтүктөрү орнотулуп, таза ичүүчү суу берилген. Ички жолдордун суу толгон чуңкурларына шагыл төшөлдү. Шаардын Масалиев жана Молодежная көчөлөрүндөгү суу кууру өткөн жерлердин бузулган жерлерине 37 тонна асфальт төшөлүп оңдолду. Бам жана Восток участкаларында куурлар өткөрүлүп, жолдордун чуңкур болгон жерлерине шагыл төгүлдү. Ынтымак көчөсүндө 400 метр траншея казылып, колунда жок үй-бүлөлөргө суу тартылып берилди.
Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу
Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте алдын алуу иштери жүргүзүлүп, муниципалдык менчик департаменти тарабынан Рудник участкасындагы сел суулары өтүүчү 145 метр аралыктагы, темир-бетон лотоктор, Октябрьская көчөсүндө 30 метр аралыкта, Алымкулов көчөсүндө 90 метр аралыкта сел суулары кетүүчү темир-бетон лотоктор тазаланып,123 м.куб ылай, баткак, таштандылардан тазаланды, нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында Ак-Булак айылына келген селдин кесепеттерин жоюу максатында жалпысынан 600 метр аралыкта канал тазалоо иштери аткарылган.
Инфраструктураны жакшыртуу
Кызыл-Кыя шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды. Асаналиев көчөсүндөгү “Таштемир-ажы” базарынын алдына жол коопсуздуктарын жана тыгындарды азайтуу үчүн темир тосмолор орнотулуп, Масалиев көчөсүндөгү шаардык мэриянын административдик имаратында оңдоп-түзөө жумуштары аяктады. Ошондой эле шаар боюнча АСКЭУ үлгүсүндөгү 51 электр тогун эсептегич аппараттар сатылып алынып, орнотулду. Жусубалиев көчөсүндөгү шаардык аскер комиссариаты жайгашкан имарат ремонттолуп, жылуулук системалары курулду.
Шаар ичинде таштанды таштоочу жайларга 9 бастырма аянтчаларын куруу менен бирге 51 таштанды таштоочу контейнерлер орнотулду. Жусубалиев көчөсүндө инвес-торлор тарабынан курулуп жаткан наркология бөлүмүнүн имаратына, жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары пластик эшик-терезелер, витраждар даярдалып, орнотулууда. Шаар ичиндеги көчөлөргө жана борбордук эс алуу паркына орнотуу үчүн СВ-95 үлгүсүндөгү 30 темир-бетон мамылар, 4000 метр А-35 үлгүсүндөгү электр зым чубалгылары,15 траверстер сатылып алынып, орнотулууда. Кызыл-Кыя шаарындагы Т. Кулатов атындагы шаардык стадиондун имаратын оңдоо жана оператордун байкоочу аянтчасын куруу жумуштары аткарылды.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”