Адамдын мээси, албетте, көзгө көрүнбөйт. Бирок, анын жоктугу дароо эле билинип калат.
Альберт Эйнштейн
XXI кылымда адамзаттын ойлоп табууларынын эң көрүнүктүүсү – жасалма интеллект болуп саналат. Аталган феномен дүйнө жүзүн бүт каптап, керек болсо ар бир көз ирмем сайын дүркүрөп өсүп жаткан кези. Адамдын акыл жана кол эмгегин “тартып алып”, дүйнөгө бүлүк салып кире баштаганга дапдаяр болгон бул эмне деген “балакет”? Компьютердик техниканын эбегейсиз тездик менен өнүгүү эрасы эчак эле башталган. Муну эске алсак, кандайдыр бир мезгилде, балким тез арада эле машиналар бийликке келип калышпайбы? Анан калса, роботтор өтө эле акылдуу болуп кетишип, адам баласынын өзүнүн жашоосуна коркунуч жаратып койбойбу?
Айтор, кээ бир фантасттарга кудай берип салды! Миңдеген адабий чыгармалар, көркөм жана даректүү фильмдер “жамгырдан кийинки козу карындай жамырап” чыгып турган кези. Албетте, адамдардын арасынан аталган феноменге скептикалык көз карашта болгондор деле арбын. Алар бир добуштан айтып жатышпайбы: “Адамдын мээси жаратылыш түзгөн эң татаал система болуп эсептелет. Ага тең келе ала турган же болбосо, мээнин өзүнө тете ой жүгүртө алган бир дагы жасалма система болушу мүмкүн эмес!” – деп баарыбызды жубатып келишет. Өзгөчө белгилей турган нерсе, андай адамдардын арасында аттары дүйнөгө белгилүү окумуштуулар бар. Мисалы, АКШнын Беркли шаарындагы Калифорния университетинин дүйнөлүк калибрдеги философ-профессору Джон Сирл, атактуу физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Оксфорд университетинин №1 профессору Роджер Пенроуз, ж.б. Алардын пикирлери боюнча машина эч качан адам сыяктуу ойлоно албайт.
Чынында эле машина автономдук түрдө ой жүгүртүп кете алабы? Мына, дээрлик 100 жылга жакын бул суроонун айланасында илимий коомчулук тең экиге бөлүнүп алып, “кыл чайнашып”, талашып келишет. Анысы аз келгенсип, эми “нейросет”, chatGPT аттуу жаңы түшүнүктөр пайда болду. Алдыңкы өлкөлөр аталган жаңы технологияларды дароо эле өздөштүрүшүп, күндөлүк жашоо шарттарына кеңири колдонуп киришти.
Ал эми, биз, кыргызстандыктар канттик? Каерде жүрөбүз? Албетте, бул – чоң суроо жана абдан маанилүү, мамлекеттик деңгээлдеги маселе.
Адамзат өзүнүн эволюциялык өнүгүү жолунда акыл-эсин тынымсыз өркүндөтүп отурду. Адегенде күч эмгеги үстөмдүк кылса, бара-бара акыл эмгегинин артыкчылыгы сезиле баштады. Натыйжада Homo sapiens феномени пайда болду. Эгер адамдын мээсине саресеп салсак, ал кеминде үч бөлүктөн турат. Мээнин арткы бөлүгү, негизинен, базалык функцияны аткарып, жей турган тамакты кантип ажырата алса болот жана дагы аны кандай жол менен таба билүүгө мүмкүн сыяктуу операцияларды ишке ашырат. Мындай касиетке албетте, бардык жаныбарлар дагы ар кандай деңгээлдерде ээ боло алышат. Бул этапта аталган мээ бөлүгү чөйрөнү 3 өлчөмдө анализ жүргүзүүгө толук жөндөмдүү. Адам эволюциялык жол менен өнүккөн сайын анын мээси бара-бара татаалдаша баштайт.
Илимий тил менен айтканда, адамдын лимбикалык системасы пайда болот, б.а. анын мээсинин борбордук (ортоңку) бөлүгү өтө актуалдуу боло баштайт. Бул сапар адам эмоцияга, мотивацияга ээ болуп анын социалдык функциялары катуу күчөйт. Муну окумуштуулар социалдык же “маймыл” иерархиясы деп атап коюшат. Кептин баары адамдын алдыңкы мээ бөлүгүндө турбайбы! Анткени, дал ушул бөлүк “мээнин убакыт машинасы” болуп эсептелет экен. Анын негизинде адамзат келечекти көрө билет. Татаал функцияларды аткара алат. Окуялар кандай багытта өзгөрөөрүн сезип-туюп, аналитикалык ой жүгүртө баштайт. Адамзат учурда өзүнүн мээсинин эбегейсиз бийик өнүгүү деңгээлине жетип турган кези. Натыйжада, эмне болду? Акылдуу машиналарды ойлоп таба баштады.
“Механикалык жаныбарды” жасоо идеясы таң калтырбай койбойт. Бул проблеманын үстүндө окумуштуулар, инженерлер, физик-математиктер жана бардык эле ойчулдар тээ атамзамандан баш катырып келишкен. Грек мифологиясынан баштап гипотетикалык механикалык жаныбарлар, адамдардын сөлөкөттөрү, ж.б. “шумдуктар” б. з. чейинки 400-жылдары эле эл арасында популярдуу болуп келсе, грек математиги Архит Таранский буунун күчү менен учкан механикалык чымчыктын макетин түзгөн. Ал эми б.з.дын I кылымынын башында Герон Александрийский буу машинасынын жардамы менен сүйлөй ала турган алгачкы автоматты жасаган деген легенда бар. Араб окумуштуулары дагы көп ийгиликтерди жаратышкан.
Мындан 900 жыл алдын ойлоп табуучу Аль-Жазари суунун күчүнүн жардамы астында суу саатын, түрдүү күндө керектелүүчү автоматтык машиналарды, музыкалык аспаптарды ойлоп тапкан. Жасалма интеллекттин алгачкы идеяларын сунуштаган. 1495-жылы италиянын улуу сүрөтчүсү жана окумуштуусу Леонардо да Винчи механикалык рыцардын схемасын түзгөн. Анын “рыцарь-роботу” башын жана колдорун кыймылдатып, оозун ачып-жаап, эркин отуруп-тура алган! Илим тарыхчыларынын пикири боюнча гениалдуу Леонардо да Винчи “адам сыяктуу машинанын” алгачкы автору болуп эсептелет.
Биринчи чыныгы роботтун автору катары француз физиги Жак де Вокансонду айтсак болот. Ал флейтада ойной алган андроидди жасаган. Мындан сырткары, ал көп функционалдуу механикалык “өрдөктү” конструкциялаган.
Мындай мисалдар абдан эле арбын. Өзгөчө белгилеп коё турган тарыхый факт бар. “Робот” деген сөздү алгачкы ирет атактуу чех драматургу Карел Чапек “R.U.R.” аттуу чыгармасын жазуу процессинде ойлоп тапкан. Кызыгы, “робот” чех тилинен “оор тажатма эмгек” деп которулат! Мен пьесанын баарын айтып отурбайын. Кызыккан адам өзү окуса арманда калбайт.
Жасалма интеллект (ЖИ) (англ. artificial intelligence, AI) бул – интеллектуалдык системалардын чыгармачылык функцияларды аткарууга жөндөмдүү боло ала турган касиети деп түшүнүүбүз керек. Мындай касиет адамга гана таандык болоорун эске алсак, ЖИти ошол адамзаттын өзүнө атаандаш катары карап жатканыбыз бекеринен эмес экенине ишенебиз. Дүйнөлүк илимде ЖИ менен байланышкан, баарыбызды ойлонткон бир суроо бар. Аталган кубулушту универсалдуу сүрөттөй ала турган фундаменталдуу мыйзамдар эмдигиче белгисиз болууда.
Мисалы, биз физиктер, Ньютондун механикасын, Максвеллдин жарык теориясын, релятивизимди жана атом менен молекуланын ички структураларынын кванттык теориясын мыкты эле өздөштүрө алдык. Ал турсун, Ааламдын пайда болушун ачып бере ала турган, универсалдык теориянын алгачкы элементтери далилденип отурат. Кванттык теория менен гравитациянын тандемин (кванттык гравитация) түзө баштадык десек жарашат. Бирок, акыл-эстин (разум) базалык мыйзамдары дагы деле белгисиз бойдон калууда. Болочокто уул-кыздарыбыз ойлоно турган маселе!
Ошондой болсо дагы математиктер менен компьютерщиктер ойлонууга жөндөмү мыкты машиналарды биринин артынан экинчисин жасап жатышат. Бул багыттагы эң таасирлүү окмуштуу катары англиялык математик Алан Тьюрингди атасак болот. Компьютердик революция так ушул азаматтын аты менен байланыштуу. Тьюрингдин машинасы 3 эле элементтен турат: кирүү, чыгуу жана борбордук процессор (“Пентиум” процессору сыяктуу). Алар операциялардын алдын ала берилген наборлорун өтө зор тактыкта аткарышат. Натыйжада, окумуштуу эсептөө машиналарынын иштөөсүн катуу тескеген мыйзамдарды орноткон. Андан ары Тьюринг өзүнүн машинасынын күтүлгөн кубаттуулугун так аныктап, анын баардык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачып көрсөткөн. Бүгүнкү күндө санариптик компьютерлер Алан Тьюрингдин катуу мыйзамдарына баш ийишет. Акырында белгилей турган нерсе, Тьюринг адам менен машинанын өз ара сүйлөшүү процессин тескеген атайын тестти ойлоп тапкан. Бул феномен азыркыга чейин колдонулуп келет.
ЖИти колго алуу үчүн, азыр бүт дүйнө жан талашып аракет кылууда. Эбегейсиз зор сандагы акча каражаттары бөлүнүүдө. Натыйжада, алдыга озуп чыккан ЖИтин төмөнкүдөй системалары белгилүү болуп калды:
ChatGPT – муну OpenAI компаниясы иштеп чыккан. Ал, негизинен диалогдук режимде табигый тилдер менен иштей алат;
Deep Blue – бул IBM фирмасы иштеп чыккан шахматтык программа. Убагында аталган машина шахмат боюнча дүйнө чемпиону Гарри Каспаровду утуп алган;
AlphaGo – Кореянын улуттук интеллектуалдык оюну болгон Го боюнча түзүлгөн программа. Бул машина дагы бир нече профессионалдык оюнчуларды уткан;
Watson – адамдын сөзүн кабыл алууга жөндөмдүү. IBM фирмасы иштеп чыккан;
MYCIN – эксперттик система катары бир нече ооруларга диагноз коюуга жөндөмдүү. Анын диагнозу кадимки эле дарыгердин
диагнозуна шайкеш келген.
Жогорудагы аталган ЖИ системалары азыр өтө көп. Компьютердик оюндарды иштеп чыгуучу ишканалар ушул күндө абдан эффективдүү натыйжаларды берүүдө. ЖИ боюнча ири илимий жана изилдөө борборлору дүйнө жүзүндө, негизинен, мындай жайгашкан:
АКШ – Массачуссетс технологиялык институту, Машина интеллекти боюнча изилдөө Институту, “Силикон өрөөнү”, ж.б.
Германия – ЖИ боюнча Немец изилдөө борбору.
Япония – Заманбап өндүрүштүк илим жана технологиялар Улуттук институту (AIST).
Индия – Мадрас шаарындагы Индия технологиялык институту.
Кытай – Улуттук Илимдер Академиясы жана анын жүздөгөн илимий институттары.
Россия – Россия Илимдер Академиясы жана Сколководогу Жаңы технологиялар борбору.
Мындан сырткары, дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлору дагы акыркы кездерде эбегейсиз чоң каражаттарды сарпташып, бардык ресурстарын ЖИтин системаларына катуу бура башташты.
Ошентип, ЖИ бүгүнкү күндө адам баласынын күндөлүк турмушуна кадимкидей эле шымаланып кирип келди. Анын бардык тармактарда активдүү колдоно башташы кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Алардын эң негизгилерин эле атасак болот:
Финансы. Бул тармакта бүгүн, нейрондук сеттер биринчи орунга чыкты. Алар күмөн жараткан финансылык окуяларды жана аракеттерди так аныктап берип жатышат. Банк сферасында көз боёмочулук менен дебеттик карталарды колдонуп, түрдүү амалдар аркылуу адамдарды сызга отургузуп жүрүшкөн шылуундарга катуу бөгөттөр коюлууда.
Алгоритмикалык соода. Мында ЖИтин татаал системаларын колдонуу аркылуу адамдын мүмкүнчүлүгү жетпеген ылдамдыкта соода чечимдери кабыл алынууда. Натыйжада, адамды катыштырбай ЖИ бир күндө миллиондогон соода келишимдерин түзүүдө. ЖИтин жардамы менен инвести-цияны моделдештирүү азыр абдан актуалдуу болуп калды.
Мамлекеттик башкаруу. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү ЖИтин мүмкүнчүлуктөрүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системаларында кеңири колдонуп киришти. Мында коррупцияга ыктаган “адам фактору” минималдык абалда болот.
Согуш иши. Согуш талаасында жана курал жасоодо ЖИти бардык өлкөлөр кеңири колдонуп киришти. ЖИ жардамы менен согуш куралдарынын оптималдык жана адаптивдик касиеттерин арттыруу менен согуш куралдарынын оптималдык жана адаптивдик касиеттерин арттыруу мүмкүнчүлүктөрү укмуш өсүүдө. Ал турсун атомдук жана термоядролук согуш куралдарынын кыйраткыч күчтөрү мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип отурат. Кытай мамлекети согуштук куралдуу күчтөрүн ЖИтин негизинде түзүү программасын аткарууга киришти. Англиянын атайын кызматы ЖИтин жардамы менен “фейктер фабрикасын” так аныктоо жана анын активдүүлүгүн жокко чыгаруу программасын ишке ашырып койду.
Оор өнөр жай. Өндүрүш роботтору адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирген тармактарда кеңири колдоно баштады. Улам кайталана берген тажатма, бир өңчөй конвейерлерде ЖИ эчак эле жумушчуларды алмаштырып коюшкан. Японияда ар бир 10 000 кызматкерге 1414 өндүрүш роботтору туура келет!
Медицина. Азыр көп өлкөлөрдө медициналык диагностиканы нейрондук сеттер аткарып калышты. Электрондук медициналык карта программдык камсыздоолору пайда болду. Медициналык сүрөттөлүштөрдү компьютердик интерпретациялоо, жүрөк ритмин анализдөө, онкологиялык шишиктерди тестирлөө, өтө карып калган адамдарды робот-жардамчылар аркылуу тейлөө, дарылоо планын түзүү, медикаменттерди кабыл алууну башкаруу, консультацияларды берүү, дарыларды жасоо, клиникалык окутууларда адам сыяктуу манекендерди колдонуу, ж.б. толгон-токой функциялар кеңири жана эффективдүү пайдалана баштады.
ЖИтин колдонуу сферасында чек жок. Анын адам турмушуна тийгизип жаткан таасирин санап чыгуунун өзү эле бир нече томдогон китеп беттерин ээлейт!
Эми ушундай кубаттуу феноменди биз, кыргызстандыктар кантип пайдаланып жатабыз? Так кесе эле айтып коёюн. Кыргызстанда ЖИ боюнча бирдиктүү, заманбап жана таасирдүү саясат дагы деле калыптана элек! Бул маселени талдоодо көз көрүнөө жасакерлик же көз боёмочулук өлкөгө болгон чыккынчылык менен барабар. Анткени, өзүнүн келечегин көрө билген өлкө биринчи кезекте илим менен техниканын алдыңкы жетишкендиктери менен алектенет. Ал иштерге каржысын, интеллектуалдык ресурсун аябайт. Билим берүү системасына катуу көңүл бөлөт. Чыныгы кесипкөй, илим-билим менен шугулданган адистерге мыкты шарттарды түзөт. Жердешчилик, тууганчылык, көңүлү жакындык деген жат көрүнүштөр түп тамыры менен жок кылынат. Эл аралык алдыңкы фирмалар менен татыктуу алакаларды түзөт. Бардык шарттарды өзүнө камтыган стратегиялык жана тактикалык программаларды түзөт. Аларды толугу менен жетишээрлик деңгээлде каржылайт.
Азыр, бизде, ЖИтин алгачкы кадамдары жасалды. Бирок, арыш алып, чамдап кете турган, чапчаңдык жетишпей жатат. ЖИ, IT, ChatGPT, нейрондук сеттер тармагындагы чыныгы адистер колдоо тапкан жери жок. Дагы деле жооптуу кызматтардагы бюрократ чиновниктердин өзүмчүлдүк өкүм сүргөн доору күчүндө болууда. Мен муну жакында эле өзүмүн жон терим менен сездим. Биз, кыргыз тилинин ЖИ менен жуурулушун камсыз кылган жаңы технологиялык долбоорлорду ишке ашыра баштаган болчубуз. Текстти үнгө, үндү текстке айландыруу, семантикалык анализ, синтез маселеси, кыргыз тил корпусун түзүү, ж.б. алдыңкы когнитивдик технологиялар керектүү деңгээлге чыга баштаган! Менимче, профилдик министрликтер ЖИ маселесин бачым колго алышы бүгүнкү күндүн кечиктирилгис шарты болушу абзел. Жарыш түрдө ЖИ багытындагы жогорку жана атайын башталгыч, орто кесиптик билим берүү иштерин чапчаңдык менен чечүү маселеси аба менен суудай керек болуп турат! “Кыргызиндустрия” МАКу баштаган бир топ алдыңкы ишканалардын базасында ЖИ боюнча улуттук инженер-технологдук кадрларды жана жогорку квалификациялуу жумушчуларды тезинен даярдоо маселесин күндөп-түндөп чечүү – бул мамлекетибиздин бирден-бир олуттуу милдети болуп турат!
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор.