(Аягы. Башталышы өткөн санда)
Айтор, ушинтип ар тараптан чуулдап жатышты. Көбү аялдар. Кулатовду байкасам көз айнегин улам оңдоп коюп угуп турат. “Мени кайда алып келгенсиң?” дейби десем анысын деле билгизген жок.
Бир маалда “Кончайте!” – деп колун силкип катуу айтты. Баары тымтырс боло түштү. Анан айтып жатат: «Чоңдор келди деп асыласыңар. Чоңдор эмне асмандан түшүптүрбү?! Мына мен шахтёр болгом. Мобу колум менен көмүр казчумун. Кызыл-Кыя шахтысында иштечүмүн. Мына силер айланаңарды карагылачы. Жашыл талаа. Таза аба. А мен шахтыга ар бир кирген сайын үй-бүлөм менен коштошуп кирчүмүн. Аман чыгамбы, чыкпаймынбы дечүмүн. Ичкенибиз бир стакан сүт эле. Ошого каниет кылчубуз. Азыр турмуш жакшы эле эмеспи? Кыйын заманды көрбөдүкпү?! Же андай эмеспи?!.. десе эле беркилер ыңгайсыз боло түшүшүп, «сиз шахтер да болуп иштеп, эмгектин кадырын билген, өз киши турбайсызбы, биз кээ бир чоңдордой көрүп..» дешип, кечирим да сурап жиберишти. Төрөбай Кулатович бат эле алардын өз кишиси болуп калды. Бир топко сүйлөшүп калышты. Кайтаарда «келгениңизге рахмат» дешип кайра-кайра айтышып узатып калышты.
Ар нерсенин куну болот
Жай чилдеси болчу. Күн сызгырып баратат. «Төрөбай Кулатович, күн ысып кетти. Кантор жакка барып чай ичип алсак кантет», – десем, «макул», – деди. Сокулук райкомунун эски имаратына келдик. Жаңы эле бүткөн имаратка мен көчкөн эмесмин. Райондук аткаруу комитетин ошол жакка көчүрүп, өзүм аппаратым менен эски имаратта эле кала бергем. Сталин заманында салынгандыктанбы мага сапаты жакчу жана бийик болчу. Кулатов келет дегенинен мурда эле даярданып койгонбуз. Кабинеттин эс алуучу бөлмөсүнө ээрчитип кирип, жайымды айттым. Ал мындай болчу. Беш бармак, палоо, лагман өңдүү үч түрдүү тамак даярдаткам. «Ушулардын кайсынысын алдырып келейин?» – десем, Кулатов: «Өзүң нарындык болгондон кийин беш бармагың го түшүнүктүү. Бирок, палоону биз жактагыдай баса албайсыңар. Ал жагынан мактана албайсың. Лагман өзү уйгурдун тамагы. Эки жакты таарынтпай, ошол лагманыңды алдырып кел», – деди. Анан: «Башка киши болбойбу?» – деди. Мен «болбойт», – дедим… Төрөбай Кулатов абдан жөнөкөй киши эле. Ошол жөнөкөйлүгү менен тимеле өмүр бою аралаш жүргөнсүп адамды өзүнө тартып алчу. Костюмун чечип үстөлгө өзү илип, боюн жазып отура кетти.
Эми лагмандын жайын айтайын. Ошол кезде Сокулукта бир уйгур бар эле. Аны Славик деп койчубуз. Лагманды андай эч ким чое алчу эмес. Лагманынын жоондугу аша чаппасам сөөмөйдөй бар эле. Төрөбай Кулатовичтин келээрин айтышкандан кийин мен аны атайы чакырып алып: «Кулатов келет экен, эми өнөрүңдү көрсөт», – дедим. Өзү да сүйүнүп кетти. Баары эле Кулатов десе сыйлап турушчу. Лагманды ошого жасатканбыз. Мен ашпозчуларга жолугуп «лагманга токтолдук», – десем сүйүнүп кетишти. Көрсө, берки палоо басканыбыз палоосуна өзү да ыраа-зы болбой, бир жеринен кетирип алып, ыңгайсызданып турган экен… Лагманды кадимки берекелүү керден аяктарга куюп келишти. Көмөч нан, жашылча коюлду. Тамакка кириштик. «Посольская» деген жаңыдан чыккан арак, дагы армян коньягын алдырып койдум эле, кантип айтсам деп эбин таппай турам. Акыры, «Төрөбай Кулатович, арак же коньяк куйсам болобу», – десем, «Мейли, жигит», – деди. Ошо кезде чехтердин хрустал стакандары мода болчу. Жаркырап, өзүң кошо чагылышып, кагыштырсаң шыңгырап деле үнү укмуш чыкчу. Ошондой рюмкаларга куймакчы болгонумда, ишарат кылып токтотту. Суу куюлчу чоң стаканды көрсөтүп. «Ушуга бир эле куй», – деди. Мен куюп атам, а киши унчукпайт. Мелт-калт болгондо «болду», – деп койду. «Эми өзүңө да куй», – деди. А кишиге толтура куюп, өзүмө бөксө куймак белем мен да баса куйдум.
Анан айтып жатат: «Коньяк ичпей жүр. Оор болот. Мынабу арактан өтөрү жок. Биз жердин астында шахтыда иштеп жүргөндө, сыртка чыккандан кийин ушундай бир стакандан арак беришчү. Бир топ дем болчу», – деп, баягы стаканды шашпай алып, шар тартып ийбей жай шимиргенсип ичти. Мен да Кулатовдон кийин чоң стакан аракты бастырдым.
Эгерим, минтип ичип көрбөгөндүктөнбү алка-шалка тер кетип, «ии, мында бир кеп бар экен» деп отурдум ичимден. Төрөбай Кулатович дагы кол жоолук менен терин аарчып коюп, сонун-сорпо сөздөрдөн айтып отурду. Лагман жаккан экен «…ушуну жасаган кишиге менин атыман рахмат айтып кой. Муну баалаш керек. Ал эми тияктагы беш бармагыңды, палоону ысыгында жеп койгула. Бөөдө тамакка убал болбосун», – деп
жатат…
Анан буларды айтып жатпайбы кайран киши: «Ар нерсенин убалы болот. Хрущев акмак нанды бекер кылды бир мезгилде. Нандын кадыры кетип, балдар көчөдө футбол ойноп кетишкен учурлар да болду. Ошонун убалы жетсе керек, жүгөрүгө күн түшүп, эл загара нан жеп калбадыбы. Ал акмактын тушунда жылкынын кадыры кетип, 20-30 тоокко бир жылкы келген күндөр да өттү. Ар нерсенин баасы, куну болот жигит».
Түнкү бирде Сталинге киргени
Ошондо тамак үстүндө Төрөбай Кулатов бир чечилип сүйлөп берген эле. Мен да ыгы келип турганда деп, көптөн бери көңүлдө жүргөн суроомду Сталинге канча жолу көзмө-көз жолукканын сурап калдым. «Бир жолу көзмө көз жолуккам», – деди Т. Кулатов. Ал мындайча болуптур. 1940-жылы Т. Кулатов атайын Москвага барып, бул эле Кантка жетип токтоп калган темир жолду Рыбачьеге чейин жеткирүү маселесин коюптур. Адегенде Сталиндин жеке секретары Александр Николаевич Поскрёбышевге кирип, келген маселесин айтыптыр. «Сталинге кирсем» дептир. Ал абдан маданияттуу, акылдуу, жакшылыгын аябаган киши эле дейт. Поскрёбышев Сталиндин колу бош эместигин, андан көрө бул маселе боюнча адегенде СССР Эл Комиссарлар Советинин Төрагасы жолдош Молотовго кирип көрүүсүн сунуш кылыптыр. Молотовго барса «азыр акыбал оор, каражат жок» деп болбоптур.
Т.Кулатов мына ошондо көгөрдүм дейт. Кайра Поскрёбышевге барып Молотовдун жообун айтып, «мени Сталинге жолуктур» деп сураныптыр. Поскрёбышев: «Эми бир айласын табаармын. Бирок, ал киши түнкүсүн иштейт. Кокус кабыл алам деп кеч чакырса келе аласызбы?» – деди дейт. «Кайсы убакта болбосун келем», – дептир. «Андай болсо күтүңүз, мен чалам», – деп мейманкананын телефонун алып калат. Т. Кулатов бир жумача сыртка да чыкпай телефонду аңдып жүрүп калат. Бир күнү түнкү саат 12де Поскрёбышев чалып «саат 1ге келип калыңыз, Сталин кабыл алат», – дептир. Алымкул төкмө: «Кремлде бирөө бар…Кире албай адам сүрдөгөн» деп ырдачу дейт. Анын сыңарындай, Төрөбай Кулатовдун айтымында Сталинге кирээрде аябай эле сүрдөптүр. Кантип жетип кол бергенимди байкабай калдым дейт. «Отуруңуз, эмне маселе менен келдиңиз», – дептир. Кулатов шаша-буша айта баштаса керек. Сталин: «Жолдош Кулатов, шашпай сүйлөңүз». Анан өзүн кармап буларды айтыптыр: «Жолдош Сталин. Бизде темир жол түйүнү Фрунзеден Кант деген жерге барып токтоп калды. Андан ары Ысык-Көл жана Тянь-Шань деген эки облус бар. Жол каттамы бир гана Боом деген татаал капчыгайдан өтөт. Башка жол жок. Ошол темир жолду Рыбачье шаарына чейин жеткирип алсак, алыскы эки облустун өнүгүшүнө зор мүмкүнчүлүк түзүлөөр эле. Болбосо, бул облустарды көтөрүү кыйын. Ушуга жардам бериңиз. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңиздер, темир жолду курууну өз күчүбүз менен эле бүтүп алат элек».
«Бул маселе боюнча Молотовдо болдуңузбу?» – дегенде аябай шашып кеттим дейт. «Анан болгон жокмун деп кантип айтам, Сталинге кантип жалган айта аласың, аргасыздан ооз учунан болдум», – дептир. Анын жообун айтыптыр. Сталин басып барып телефонду алып: «Вячеслав Михайлович, сизде жолдош Кулатов болгон турбайбы, Кандай дейсиз, жардам берелик. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңер өздөрү куруп алабыз деп жатпайбы». «Молотов дароо эле макул болду окшойт», – дейт Кулатов. Ошентип, Сталин ал маселени чечип бериптир. «Көзмө көз жолукканым ушул болду, ал эми ар кандай жыйналыштарда көп эле көрүп жүрдүм», – деген эле Төрөбай Кулатович.
Жыйынтыгында, 1940-жылдын 30-ноябрында Кант – Рыбачье темир жолунун курулушу жөнүндөгү токтомго ВКП (б)нын секретары И.В. Сталин жана СССР Эл Комиссарлар комитетинин төрагасы В.М. Молотов кол коюшуптур.
Раззаков жана Кайназарова тууралуу айтканы
Кыргызга эбегейсиз эмгек кылган Исхак Раззаков тууралуу да Төрөбай Кулатов мага кызык маалыматтарды айтты эле. Өзбекстандын Компартиясынын идеология боюнча секретары болуп иштеп турган Исхак Раззаковду Кыргызстандын өкмөт башчысына талапкер кылып Сталинге Өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Усман Юсупов сунуш кылган экен. Ошентип, 1945-жылы Исхак Раззаков Ташкенттен Фрунзеге алгачкы жолу келгенде аны Төрөбай Кулатов тосуп алып, үйүнө алып келиптир. Анын эртеси эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында Кулатов Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы болуп шайланып, анын ордуна Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп Исхак Раззаков дайындалат. 5 жылдан кийин, 1950-жылы Исхак Раззаков Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп шайланып, 1961-жылга чейин иштейт. Ошентип, Исхак Раззаков менен 16 жыл чогуу иштегенин, Раззаковду кетээринде кошомат эле кылып жүргөндөр ага каршы чыгып, аны сындырып койгонун, капа болуп кеткенин, анын анык Сталиндин кадры экенин, кыйла жылдар Кыргызстанга келбей жүргөнүн, кийин келгенде атайы жолукканын айтып берген эле.
Ал эми Төрөбай Кулатов менен Зууракан Кайназарованын да өз ара сый мамилеси өзгөчө болчу. 1972-жылы З. Кайназарова 70ке чыкканда юбилейин мен өткөрдүм. Сыйлык боюнча ЦКга маселе койсом, «Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры» болсо, калган сыйлыктардын баарын алып бүтсө, «эми эмне беребиз?» дешип, баштары айланып калды. Акыры, Жогорку Советтин Ардак грамотасын бермей болушту. Мени Акималы деп койчу. «Акималы, Кулатовду көрүп келейин» деп чогуу бардык. Төрөбай Кулатов өзү тапшырып, кабинетинин эс алуучу бөлмөсүндө чай берди. Ден соолугун, акыбалын аябай сурады.
1976-жылы Зууракан апа буту ооруп баса албай спецбольницага жатып калганда Төрөбай Кулатов көргөнү келиптир. Аны-муну сурап, тамак жагып атабы дейт. Чоң сүйлөгөн шар киши: «Жаккан-эткен жок. Бир эт бышыртып келсең боло», – дептир. Эртеси эле «Кулатов бердирип ийди», – деп бир койдун санын бүкүлү бышырып, шорпо-шилени менен бирөө таштап кетиптир. Зууракан апа этти чыгарып, кесе баштаганда эле кан чыга түшүптүр. Ошол жерден сиңдисин чакыртып «этти бузуп кайра бышырып кел, мага бир жилигин алып келип, калганын бала-бакыра, коңшу колоң менен жеп койгула. Бул касиеттүү кишинин тамагы», – дептир. Үч күндөн кийин Кулатов дагы келип, ал жайын сурайт. «Эт алып келип бердиби?» – дейт. Зууракан апа чыдабай күлүп жиберип баарын айтып бериптир. Көрсө, Кулатов бирөөнө акча берип, базардан бир койдун бир санын алып, Кайназаровага бышырып алып барып берип кой деп табыштаптыр. Анысынын бышырганы жанагыдай болуптур. Ошондо экөө аябай күлгөн экен.
– Ой, Төрөбай, Салимага эле (Кулатовдун жубайы) айтып койсоң, жакшынакай бышырып келбейт беле, – десе:
– Ал дагы жумушта болуп калбадыбы. Ишинен алаксыбасын деп жумшаганым тиги болуп жатпайбы, – дептир анда. Кыскасы, экөө жарым сөздөн түшүнүшкөн залкар замандаштар эле.
40 жыл өкмөттүн жана мамлекеттин башында турган Төрөбай Кулатовду 1978-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессиясында 71 жашка чыкканда пенсияга узатышты. Турдакун Усубалиев КПССтын Борбордук Комитетинин атынан алтын саат тапшырды. Ошондо ага «Баатырдык» наамды берип коюшпайбы деген да сөздөр чыкты. Кийин ушу тууралуу Т.Усубалиевдин өзүнөн сурадым. «Биз «Баатырдыкка» сунуш бергенбиз. Ал тууралуу КПСС БКнын Саясый бюросунун токтому турат. Анда Т. Кулатовдун 5 Ленин ордени, 4 Эмгек Кызыл Туу ордени, 1 Октябрь революциясы ордени менен сыйланганын, ушул он орден Социалисттик Эмгектин Баатырынан кем эместиги ошол токтомдо жазылуу» деген эле…