Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөн улуу инсандарыбыздын эң жашы да, жооптуу иштерди аркалаганга машы да Осмонкул Алиев болгон. Ал Кыргызстандын жаштар (комсомол) уюмунун негиздөөчүсү, бүгүнкү тил менен айтканда лидери эле. 1926-жылы чыккан “Жаштар жарчысы” гезитин чыгаруунун демилгечиси, ошол эле жылы чыккан “Коммунист” журналынын башкы редактору болгон. Ал эми тарыхта “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин туңгуч башкы редактору катары калды. Мамлекеттик ишмер катары эки жолу Эл агартуу комиссары болуп дайындалып, Кыргызстанда сабаттуулукту жоюу, мектептерди уюштуруу, мектептерге орто билимди киргизүү, жогорку окуу жайларын негиздөө жаатында зор эмгек жасаган.
Осмонкул Алиев Чүй облусунун Панфилов районунун батыш тарабындагы тоо этегинде, Ашмара дарыясынын боюнда казак эли менен чектеш Чолок-Арык айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Балалык чагы ушул айылда өткөн. Кыргызча теги кара-сакал уругунан болот. Атасы Эгимбай баласынын кат таанып сабатын жоюусун каалап айылдык молдого берет. Бирок Осмонкулдун зээндүүлүгүн баалап, орусча окуу бир топ прогрессивдүү болгонун түшүнүп, атасы аны 1913-жылы Меркедеги орус-тузем мектебине алып барып окутат. Ал аны 1916-жылы бүтүрүп, 1917-жылы Олуя-Ата (азыркы Тараз шаа-ры) реалдуу училищеге (педагогикалык багыттагы атайын окуу жайы) өтүп окуусун улантат. Бул жерде 1919-жылга чейин окуп, өзүнүн билим деңгээлин көтөрүп, эне тилин, орус-казак тилдерин үйрөнүүнү тереңдетет.
Бирок дагы эле билим дүйнөсүн аралап, изилдей берүү аракеттери эстен кетпейт. Октябрь революциясынан кийин Совет бийлиги түзгөн шарттан пайдаланып, 1919-жылы Ташкент шаарына барып, Казак-Кыргыз агартуу институтуна өтүп, аны 1924-жылы январь айында бүтүрөт. Ошол эле 1919-жылы комсомолдун катарына өтүп, Ташкент шаардык комсомол уюмунун Саясий агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп активдүү иштеген.
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлгөндө Осмонкул жолдомо менен Пишпек шаарына келет. Комсомолдун облустук уюмунун уюштуруу бюросу 1924-жылдын 15-декабрында толугу менен түзүлөт, ага төрт округ кирет – Пишпек, Кара-Кол, Нарын, Ош жана Жалал-Абад.
1925-жылдын январь айында Кара-Кыргыз облусунун комсомолду уюштуруу бюросунун секретары болуп Осмонкул Алиев дайындалат, андан кийин комсомол обкомунун секретары болуп шайланган. Кыргызстандын РЛКСМинин I уюштуруу съезди 1925-жылдын 25-майынан 1-июнуна чейин өткөн, анда облустук комсомолдун секретары Осмонкул Эгимбаевич Алиев съездди ачып, алып баруучу болуп, отчет берген. Ушул жооптуу милдетти 1926-жылга чейин аткарган.
1924-жылы Олуя-Ата парторганизациясы Осмонкулду ВКП(б) мүчөлүгүнө талапкердикке кабыл алса, 1925-жылы Фрунзе шаарынын партиялык уюму ВКП(б) мүчөсүнө кабыл алат.
Ал жетектеген Кыргызстандын комсомол уюму жаштарга коммунисттик тарбия берүү, алдыңкыларын комсомолдун катарына тартуу, эски феодалдык үрп-адатка каршы күрөшүү, маданий агартуу иштерин жүргүзүү, аялдар теңдиги, калыңга мал берип аял алуу, көп аял алууга каршы күрөшүү, тап күрөшү сыяктуу олуттуу иштерди алып барган жана комсомолдун ролу өтө чоң болгон.
Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин өз эне тилинде басма сөзү болгон эмес. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлгөн күндөн баштап партиянын облустук комитети ушул боштукту толуктоо үчүн анын камын көрүүгө активдүү киришкен. Биринчи жолу кыргыз алфавити араб тамгасынын негизинде иштелип чыгып, редакциялык коллегия түзүлүп, “Эркин Тоо” гезитинин жобосу бекитилип, анын башкы редакторлугуна Осмонкул Алиев дайындалат.
“Эркин Тоо” гезитинин биринчи саны 1924-жылы 7-ноябрда Ташкент шаарында үч миң нуска болуп басылып чыгат. Биринчи санда он беш макала жарык көргөн. “Эркин Тоо” гезити улуттун жазуусунун, басма сөзүнүн, адабиятынын башаты болуп, кыргыз элинин кылымдардан келе жаткан караңгылыгын жоюуга шарт түзүп, миңдеген кишилердин сабаттуу болушуна чоң жардам берген.
1926-жылы “Коммунист” журналы чыга баштайт, буга дагы Осмонкул Алиев биринчи редактор болгон. Ушундай чоң маанилүү жумушту ал комсомолдун жетекчиси катарында иштөө менен айкалыштырган.
Республикабызда мезгилдүү басма сөзгө жетекчилик кылып, редактор катарында анын иштерин жөнгө салуу, алгачкы жаш журналисттерди тарбиялоо, кабарчылар кыймылын өнүктүрүү, басма сөздүн таасирин күчөтүү иштеринде Осмонкул Алиев тоодой эмгек жасаган.
Мамлекеттик ишмер катары Осмонкул Алиев 1926-жылы жай айында Баку шаарында өткөн тюркологдордун I съездине Кыргыз делегациясынын жетекчиси болуп барган.
1926-жылдын сентябрынан баштап Киргобкомунун ВКП(б) агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштайт.
1927-жылы Осмонкул Алиевдин өмүрүндө дагы бир бурулуш болду. Февраль айынан баштап Москва шаарындагы Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) алдындагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп иштейт. Бул кызматта иштеп жүрүп Я.М. Свердлов атындагы Коммунисттик университетке өтөт.
1930-жылы май айында аталган университетти бүтүрөрү менен Киргобком ВКП (б) Фрунзеге чакыртып алат. Такшалган, тажрыйбалуу ишмер катарында Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссарлыгына дайындалат. Бул комиссариат ошол кезде республикабызда негизги органдардын бири эле.
Комсомолдук, мамлекеттик жумушта, практикалык иште өзүн көрсөткөн Осмонкул Алиев 1931-жылы партиялык жумушка ВКП(б) Кыргыз обкомунун жабдуу жана транспорт катчысы болуп бекитилет.
ОКК ВКП(б) жана киробкомунун 1931-жылы июлда III бириккен пленумунда Осмонкул Эгембаевич сабатсыздыкты жүз пайызга жоюуну, башталгыч билим берүүнү Кыргызстандын бардык аймактарында 1931-1932-окуу жылында киргизүүнү, мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчалар менен элүү пайыз камсыздоо маселелерин көтөргөн.
1933-жылы март айында Борбордук комитеттин Орто Азия бюросунда иштөөгө чакыртылып алынып, 1935-жылга чейин иштеген.
Партиялык идеологиялык, чарба жумуштарынан бир топ тажрыйба алган Осмонкул 1935-жылы февраль айында республикабыздын эң чоң району Ош райкомунун биринчи секретарлыгына бекитилет. 1936-жылдын аягына чейин иштейт.
1937-жылы январь айынан баштап кайрадан экинчи жолу Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссарлыгына дайындалат.
1937-жылдын август айында партиянын катарынан чыгарылып камакка алынган, 1938-жылдын ноябрында СССРдин Жогорку сотунун аскер коллегиясы тарабынан соттолуп, атылып кеткен.
1957-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Компартиясынын БК бюросунун чечими менен Осмонкул Алиев акталган.
1991-жылдын жайында Бишкектин түштүк тарабында Чоң-Таш айлынын жанында атылган 137 адамдын сөөгү кайрадан Ата-Бейит мемориалдык комплекси көрүстөнүнө коюлган. Осмонкул Алиев тизмеде он биринчи болуп жазылган.
Осмонкул Эгимбаевичтин турмуш жолунун башталышынын өмүрүнүн аягына чейинки ишмердигин карасак, он алты жашында комсомолго өтүп, Ташкент шаарында комсомол уюмунун Саясий агартуу бөлүмүнүн башчысы, жыйырма бир жашында республикабыздагы биринчи “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы редактору, жыйырма үч жашында Кыргызстан комсомол уюмунун 1-катчысы, ошол эле учурда Киргобкомунун ВКП(б) агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, “Коммунист” журналынын биринчи редактору, жыйырма жети жашында Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссары, жыйырма сегиз жашында Кыргыз обкомунун катчысы, отуз төрт жашында экинчи жолу Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары болуп дайындалат.
Осмонкул бат ойлонуп, тез иштеген адам болгон, анын адамгерчилиги, билимдүүлүгү, ак ниеттүүлүгү, каралган маселелер боюнча тактыгы, патриоттуулугу, мекенчилдиги өмүр баянынан даана көрүнүп турат.
Осмонкул Алиев Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө өзгөчө салымы бар, республикабыздын тарыхында анын ысмы түбөлүккө кала бере турган тарыхый инсан.
Болотбек ЧЕГЕБАЕВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун сүрөтчү-дизайнери
Саламатсыздарбы Осмонкул Алиевдин бир тууган иниси Асан Алиев тууралу да жазып койсонор жакшы болмок ал да кыйын инсан болгон, конный кавалериянын командири 38чи жылы репрессия болуп 57чи жылы реабилитация болгон.