Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Се Мейюэнин чакыруусу боюнча, Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин Шакировдун жетекчилиги алдында муниципалдык жана мамлекеттик жетекчилер, айыл өкмөт башчылары кен өндүрүшүндө болушту.
Коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери аяктаган соң, чакырылган конокторго «Алтынкен» компаниясынын видеоролиги көрсөтүлдү. Андан кийин делегацияларга заводдун ишмердиги жана бардык өндүрүштүн жүрүшү тууралуу борбордук башкармалыкта тааныштырылды.
Делегацияга кайра иштетүүчү цехтер менен таанышкандан кийин байкоочу аянтчадагы калдыктарды сактоочу жайга барышты. Тааныштыруу учурунда башкармалыктын төрагасы Се Мейюэ өзү өндүрүш калдыктарын сактоонун этаптары боюнча берилген суроолорго жооп берди.
Акырында, «Достук» стеласынын жанында коллективдүү сүрөткө түшүү иш-чарасы уюштурулду. Андан соң аким баштаган делегациянын бир бөлүгү жыйындын расмий бөлүгүн өткөрүү үчүн кеңсеге жөнөп кетишти. Меймандардын дагы бир бөлүгү спорт комплексинде жана ишкананын жыйындар залында болушту.
Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүүнүн достук кырдаалында өттү.
Райондун акими компаниянын жетекчилигине уюштуруучулук жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
Аким белгилегендей, «Алтынкен» ишканасы Кемин районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан негизги ишкана.
Ал Кемин райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да компанияга колдоо көрсөтүп, эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты бекемдейт деп ишендирди.
Сэ Мэйюэ акимге биринчи жолугушууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле конокторду Компания да жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн аймакты өнүктүрүүгө өз салымын кошууга аракет кылат деп ишендирди. Компаниянын өнүгүшү жергиликтүү бийликтин жана карапайым калктын колдоосу менен тыгыз байланышта экендигин баса белгиледи.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”