Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Сел каптоолордун себеби эмнеде?

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан ар жылы көпчүлүк аймактарда кар көчкү, сел, жер титирөө, өрт сыяктуу жаратылыш кырсыктары катталат. Быйылкы жылдын жаз, жай айлары айрым райондордо жаан-чачындуу болгондуктан жыл башынан берки болгон 60тан ашык сел он чакты адам өмүрүн алып, бир топ турак үй, сарай, эс алуучу жайларды кыйратып кетти. Учурда Ысык-Көл облусунунун эки-үч жеринде сел жүрүп, тиешелүү мамлекеттик кызматтар жабырлануучуларга жардам көрсөтүп жатышат.

Албетте, мындай жаратылыш кырсыктарынын алдында адам баласы алсыз. Бирок, адистердин айтымдарында, айрым сел каптоо, жер көчкүлөрдүн алдын алса болот жана көпчүлүк учурларда алардын келип чыгышына адамдык факторлор да себепкер.

Кооптуу жагдайлар бардык жерде бар

Климатологдордун, метеорологдордун билдиришинче, негизинен Кыргызстандын бардык аймагында сел жүрүү коркунучу бар. Себеби өлкө боюнча жалпысынан сел жүрүп кетүү кооптуулугу бар 3103 дарыя, суулар бар. Алардын ичинен Чүй дарыясынын бассейндеринде – 479, Талас дарыясында – 254, Нарын суусунда – 789, Кара-Дарыяда – 666, Ысык-Көл бассейндеринде 375 кооптуу аймактар бар. Ошол себептен ар жылы орточо эсеп менен 70ке жакын суу каптоо, селге байланышкан өзгөчө кырдаалдар жаралат. А селдин 70-80 пайызы нөшөрлөгөн жамгырдан болсо, 15 пайызы кар, мөңгүлөрдүн тез эришинен улам келип чыгат. Мындан сырткары айрым учурларда тоо арасындагы көлдөрдүн, адырлардагы жер титирөөлөрдөн улам пайда болгон суу топтомдорунун, суу сактагычтардын жырылышынан да сел жүргөн учурлар бар. Тоо арасындагы айрым табигый көлмөлөр жаз, күз айларында толуп, кыш, жай мезгилдеринде тартылып кетет. Ошондуктан андай кооптуу көлдөргө, дарыяларга тынымсыз байкоо жүргүзүлүп турушу керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жылына кооптуу жагдайларды иликтеп, элге алдын ала эскертүүлөрдү берип келет. Тилекке каршы, айрым учурларда күтүлбөгөн жерлерден сел жүрүп, айыл чарба жерлерин, үйлөрдү кыйратып кетүүдө.

Сел жүрүүгө өзүбүз да себепчибиз

Эксперттердин айтымдарында, Кыргызстанда селдин көп болуп жатышына акыркы жылдардагы мал санынын көбөйүшү менен тоо, талаалардын такырайышы, токойлордун сейректелиши, дренаждык тармактын бузулушу, ашыкча сууларды агыза турган каналдардын тазаланбай  калышы да себепкер. Дренаждык тармак демекчи, ӨКМдин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандагы дренаждык системанын жалпы узундугу 5091,3 километр болсо анын 30 пайызы талапка жооп бербейт. Айрыкча Ош облусундагы дренаждык системанын 61 пайызы бузулуп, камыш, чөп басып кеткен. Бул жер-жерлердеги жергиликтүү бийликтин, тиешелүү кызматтардын өзгөчө кырдаал коркунучтарына маани бербегендигин көрсөтүп турат.

Айыл жерлеринде карапайым калктын басымдуу бөлүгү мал менен жан сактагандыктан акыркы он-он беш жылда кой, эчки, бодо малдын саны өскөнү баарыбызга маалым. Анын кесепетинен азыр адырлар, бетегелер такырайып, жаан-чачын суулары тоо беттеринде кармалбай калып жатат. Малдын көптүгүнөн бүгүнкү күндө сел жүрүү кооптуулугу жогору адырларда жапайы жапыз бадалдар да азайып кеткен. Экологдор мындай өсүмдүктөрдүн тамырлары нымдуулукту сактоо менен бирге, сел жүрүү коркунучун азайтарын эскертишүүдө. Буга жөнөкөй эле бир мисал, жакында эле сел болгон бир участокто июль айынын ортосуна чейин мал жайылгандыктан ал жер такырайып кеткенин соцтармакка чыгарышты. Ага жанаша эле турган бадалдуу, токойлуу адырда сел жүргөн эмес. Андыктан жер кыртышын, бадал, токойлорду сактоо канчалык маанилүү экенин ар бир кыргызстандык жеткиликтүү түшүнгөндөй маалымат кампаниясы жүргүзүлүп турса жыйынтыгы жаман болмок эмес.

Кайдыгерликпи же кенебестикпи?

Быйылкы сел жүрүүлөрдөн мамлекет чоң чыгашага учурап жатканы айтпасак да белгилүү. Ошол эле кезде бир топ мекендештерибиз да үй-жайсыз калышты. Мындай күтүүсүз кырсыктарга, чыгымдарга жарандар мамлекетти айыптаган учурлар да жок эмес. Албетте, жергиликтүү органдардын шалаакылыгынан кээ бир каналдар, селдерди алдын алуучу тосмолор бекемделбей калган учурлар жок эмес. Бирок, көпчүлүк учурларда карапайым тургундардын кайдыгерлигинен да адамдар сел курмандыгы болуп калып жатканын моюнга алышыбыз керек. Алсак, июль айында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары  Азамат Мамбетов кооптуу зоналарда 3,8 миң түтүн жашарын жана алардын ичинен 2495 үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк көрсөтүлүп, там салуу үчүн башка жерден жер участоктору бөлүнүп берилгенин билдирген. Бирок алар ушул күнгө чейин кооптуу жерден көчүп кетишкен эмес. А.Мамбетовдун билдиришинче, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош облустарында жайгашкан.

Ал эми ӨКМдин Мониторинг жана өзгөчө кыр-даалдарды анализдөө департаментинин башчысы Даурбек Сакыевдин ЖМКларга билдиришинче, көпчүлүк учурларда кооптуу жайлардагы үйлөр министрликтин кеңешисиз эле курулат. “Ошол себептен түштүктө болгон селдер элге көп чыгым алып келди. Алсак Ноокат, Оштогу сел болгон жерлердеги курулушка мыйзам чегинде тыюу салынган. Жыл башынан бери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кемчилик, катачылыктарды жоюу боюнча 300 эскертүү жөнөткөнбүз. Селди агызып кетүүчү каналдарды жана ирригациялык системаларды оңдоо керектигин, сел жүрүшү мүмкүн экендиги боюнча аларды кабардар кылганбыз”, – дейт Д.Сакыев. ӨКМ өкүлүнүн айткандарын да жокко чыгара албайбыз. Себеби, ошол эле сел болгон Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде эскертүүлөргө карабай жүздөгөн эс алуучу жайлар, турак үйлөр, базар курулуп кеткен. Демек, биз – кыргызстандыктар “Сактаганды Кудай сактайт” дегенди унутуп, мамлекеттик тартипке баш ийбегендиктен да сел курмандыгы болуп жатабыз.

Канткенде селдерди азайта алабыз?

ӨКМ өз отчётунда сел, суу каптоолордун алдын алуу боюнча аткарылуучу иш-чараларды тизмектептир. Отчётто алгач тоо арасындагы көлдөрдү, плотиналардын туруктуулугун, жырылып кетүү коркунучун, сел жүрүү очокторун изилдеп, мониторинг жүргүзүү керектиги айтылат. Ошондой эле документте селдерди буруп кетүүчү дамбаларды, калктуу пункттарды селден коргоочу плотиналарды куруу жана суу сактагычтардын, көлдөрдүн ашып кетишин алдын алган профилактикалык иштердү жүргүзүү менен селден сактанса болору жазылган. Мындан сырткары кооптуу жайлардан элди көчүрүү, авариялык жана коргонуучу иштерди жүргүзүү үчүн техникаларды даярдоо, жашоочуларды сел каптоо учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигине окутуу маселелери да камтылган. Оңой айтылганы менен эсептей келгенде бул мамлекеттик казына үчүн оңбогондой акча. Андай каражатты кайдан алабыз деген суроо туулат. Мунун баарын жүзөгө ашырыш үчүн кайра эле биз дүйнөлүк тажрыйбаны колдонсок болот. Алсак, географиялык жактан Кыргызстанга окшош Непал өлкөсүнөн Индияга дарыялар агып кирип турат. Непал өзүнүн сууларын Кыргызстан сыяктуу толук колдоно албайт жана бул өлкөдө маал-маалы менен селдер жүрүп турат. Ошол себептен Непал менен Индия чек арага чектеш Махакали дарыясына ири плотина куруу келишимин түзүшкөн. Ошол эле кезде плотина суусунан түшкөн кирешеден Непал өз үлүшүн алып турууга макулдашкан. Демек Кыргызстан дагы мындай учурда бизден суу алып жаткан коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга өз ара пайдалуу сунуш жасап, жогорудагы селди алдын алуучу иштерге каражат алса болот. Анын үстүнө Кыргызстанда союз доорунда курулган суу сактагычтар, плотиналар түбөлүккө турбасы анык. Аларды да улам жаңылап, бышыктап туруу керек. Эгер Кыргызстанда ири сел каптоолор болсо ал сөзсүз түрдө Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга да таасир этери турган иш. Бул жагынан азыркы бийлик дипломатиялык сүйлөшүү-лөрдү тынымсыз жүргүзө бериши керек.

ӨКМдин отчёту боюнча акыркы үч жылда авариялык-калыптандыруу иштерине жана дарыя жээктерин коргоого эле 1,5 млрд. сом жумшалыптыр. Ал эми коңшулар суусун пайдаланып жаткан суу сактагычтарды тейлөөгө оңбогондой каражат жумшаларын убагында көп жыл Кыргызстанды башкарган коомдук ишмер Турдакун Усубалиев фактылар менен жазып чыккан.

Адистерге да кулак салалы

Акыркы жылдарда экологдор жер жүзүндө климат кескин өзгөрүлүп, глобалдык жылуу болуп жатканын коңгуроо кагып келе жатышат. Кыргызстан территориясынын 70 пайызы тоолуу келип, аска-зоолордо дайыма мөңгүлөр жаткандыктан азыр сел болжолдонбогон жерден да жүрүп кетиши толук ыктымал. Муну айтканыбыз, акыры жылдарда адырларда, тоо этектеринде жаңы сарайлар, эс алуучу жайлар, үйлөр көп курула баштады. Экологдордун айткандарын эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик уруксат берүүчү кызматтар ар бир курулуштун жайгашар жерин алдын-ала изилдеп туруп курулушка уруксат бериши керек. Себеби, СССР маалында да сарайлар сел, жер көчкү, кар көчкүлөр болбой турган жерлерге салынган. Учурда “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп ошондой эле сарайлар кооптуу жайларга курулуп калганын көрүп жатабыз. Алыс барбай эле Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоолорун кыдырсак мындай курулуштар четтен чыгат. Ал эми Ош, Жалал-Абаддагы сел андай жайлардын көп экенин ачыктап койду. Жакында эле соцтармактарга учурда сел жүрүп кеткен Рух-Ордо эс алуучу жайындагы конок үй сел агызып кетүүчү каналга курулганын жазып чыгышты. Көрсө убагында ал жерге курулуш кылууга болбой турганын архитектор эскерткен экен. Тилекке каршы, убагында аны эч ким уккусу келбептир. Ушул сыяктуу бизде өзүм билемдиктер көп. Андыктан карапайым эл да жагдайга карап иш кылса дейт элек.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар