Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Эгемендик майрамыбыздын маани-маңызы, азыркы күндөрдө аткарылып жаткан иштер тууралуу пикирлер

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер, саясатчы: “Өзүбүздү өзүбүз
баалай билели”

– Алгач Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, андан кийин республика, кийин союздук республика болуп, 1991-жылдан бери  көз карандысыз мамлекетпиз. Мунун баркын, кадырын билгендер үчүн бул өтө чоң олжо. Экинчиден, быйыл алгач “Эркин Тоо”, андан соң “Кызыл Кыргызстан”, кийин “Советтик Кыргызстан”, эгемендүүлүктү алгандан бери “Кыргыз Туусу” болгон кыргыз элинин улуттук туңгуч гезитинин да 100 жылдыгы. Бул эки окуя тең бири бирине айкалышкан маанилүү окуялар. Өзүм Москвада окуп жүргөндө бул туңгуч гезитибиздин алгачкы сандарын архивден таап көп окугамын. “Советтик Кыргызстан” кезинде бул гезитке далай очерк, макала, сын пикирлеримди да жазып тургам. Ошондуктан мен кыргыз элимди кош майрам менен чын дилимден куттуктайм. Элибизге, мамлекетибизге тынчтык, бейпилдик, ынтымак каалап, “Кыргыз Туусу” гезитинин жалпы жамаатына да бакубат турмуш, жарыкчылык каалайм.

Албетте, эгемендүүлүк жылдарыбызда ийгиликтер да, жаңылуулар да болду. Мындай күндөрдө тарыхтын жакшы да, кемчилик жактарын да белгилей жүрүүбүз калыстык болот. Эң негизгиси, ушул көз карандысыздыктын тынчтык жолу менен келиши элибиздин бактысы.

Буга чейинки бардык саясий окуяларга катышып жүргөн киши катары айтсам, азыркы жаңы бийликтин аракетине оң көз караштамын. Себеби, мына Өзбекстан менен чек ара маселебиз чечилип, Тажикстан менен да чечилгени жатканы жакшы саамалык. Бул эң башкы жагдай, шарт. Ошондой эле азыркы жетекчиликтин эл аралык мамилелерди чыңдап жатышын да абдан колдоймун. Мындан сырткары азыр экономикалык, социалдык жактан да жылыштар болууда. Инвестициялар кеңири тартылып, бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин маяналары, пенсия, пособиелер улам көбөйүп жатат. Ошону менен бирге масштабдуу курулуштар жүрүп, айыл чарбасында, өнөр жайында, тейлөө, транспорт тармагында алгылыктуу жетишкендиктер болгонун көрүп жатабыз. Айрыкча авиация, транспорт тармагы жанданып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу жакында курулганы турат. Ушунун баары тең бизде болуп жаткан жакшылыктардын далили.  Анын ичинен маданият, илим, билим, саламаттыкты сактоодо да албан-албан өсүп-өнүгүүлөр бар. Ушул иштердин уланышын чын дилимден колдойм.

Биз өзүбүздү өзүбүз баалай билип, наркыбызды сактап, өзүбүздүн татыктуулугубузду бүткүл дүйнөгө даңазалай берели.

Элмира ЖУМАЛИЕВА, экономика илимдеринин доктору, ЖКнын мурдагы депутаты, коомдук ишмер: “Кылымдарды карыткан элбиз”

– Кылымдарды басып өтүп, эл катары өзүнүн тарых-маданиятын сактап келген элибиздин басып өткөн жолу тууралуу азыноолак кеп сала турган болсок, кандай гана кыйын кезеңдерди башынан өткөрбөдү. Бирок, ата-бабаларыбыз бирде майышса, бирде жеңишке жетишип, чабылып-чачылып кетпей, Ала-Тоодой асыл жерин урпактарына мурас кылып калтырды. Биз, кыргыздар, байыртадан эгемендикти туу тутуп, ар кандай кырдаалды сабырдуулук менен жеңген кайратман элбиз. Эли-жерин кас душмандардан коргогон Манас атанын урпактарыбыз. Ар бириңиздерде элим, жерим, мен кыргызмын деген улуу сезим жашап турганда мекенибиз келечекке карай өркүндөп, өсө берет.

Ушул улуу күнүбүз жалпыбызга кут болсун! Баарыңыздарды эгемендик майрамыңыздар менен куттуктайм! Аманчылыкта болуп, иштериңиздерди ийгиликтер, турмушуңуздарды бакубаттуулук коштосун!

Токон МАМЫТОВ, мурдагы Акыйкатчы:  “Тышкы саясатта бир топ жетишкендиктерге жеттик”

– Ар бир мамлекет, ар бир элге баа берээрде эң биринчи анын ички жана тышкы саясатына баа берилет. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатына токтолсок, эл аралык деңгээлде бир топ жакшы жыйынтыктарга жетише алдык. Бул ШКУ алкагындагы сүйлөшүүлөр жана КМШ мамлекеттери, ЖККУ, Евроазиялык биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон карым-катнаштардагы  жетишкендиктерибиз болду. Мындан тышкары алыскы мамлекеттер менен дагы карым-катнаштарыбыз жогорку деңгээлге өттү. Президент, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин мүчөлөрү тиешелүү деңгээлде өздөрүнүн коллегалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз мамлекетинин, элдин кызыкчылыгын ойлоп, бир топ жакшы жыйынтыктарга жетти деп айтсак болот.

Эл аралык деңгээлде кыргыз мамлекетинин тышкы саясатын терс баалаган бир да уюм, мамлекет да жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен айрым учурларда бизди бөлүп карап, айрым демилгелерибизди жакшы баалап берип жатышты. Анын ичинде түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигинде да.

Ал эми ички саясатты алсак, жалпы кыргыз коомчулугу азыркы өкмөттүн, өлкөнүн жетекчилери алып барган ишти кубаттап, өзгөчө уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга каршы күрөштү колдоп жатышат. Социалдык-экономикалык маселелер баары болбосо да, четинен чечилүүдө. Муну баарыбыз көрүп турабыз. Бул жагынан да Кыргызстандын эли, жеке өзүбүз баа бербей, коңшу мамлекеттер, эл аралык уюмдар, ошол эле алыскы чет мамлекеттер, БУУнун Башкы катчысы дагы бизге жакшы баа берип кетти. Батыш мамлекеттеринин делегациялары дагы жакшы баасын берип жатышты.

Баары жакшы болуп, телегейибиз тегиз болуп кетти дегенден  алысмын. Бир топ иштер жасалды, алдыда дагы чечилбеген маселелер бар. Мамлекет ушул темп менен, ушул багытта иш алып барса, Кыргызстандын келечеги жакшы болот  деген чоң ишенич бар.

Алмаз ИБРАЕВ, Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин биринчи проректору: “Санариптештирүү билим берүү системасынын өнүгүүсүнө өбөлгө болду”

– Азыркы учурда өлкөбүздө бардык тармактарда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул өзгөрүүлөр жалпы Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу жана жакшы нукта болуп жатканын белгилей кетүү керек. Алардын ичинен билим берүү жаатында чоң өзгөрүүлөр болду. Улуттун өнүгүүсүндөгү негизги фактор бул билим тармагы. Көптөгөн жаңы бала бакчалар жана мектептер курулду.

Өзгөчө алыскы аймактарда мектептерди оңдоп-түзөө, жаңы мектеп жана бала бакчалардын курулушу, ачылышы өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарыбыздын билим алуусуна чоң таасирин тийгизет. Ошону менен бирге жогорку окуу жайларында да студенттер үчүн ыңгайлуу, жеңилдетилген системалар орношуп жатат. Негизи эле өлкө масштабында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү системасы көптөгөн тармактардын иштерин жеңилдеткендей эле билим берүү системасына да абдан чоң салымын кошту.

Эльмир ДОСАЛИЕВ, Бишкек шаардык кеңешинин  “Эмгек” фракциясынын лидери:  “БУУнун Баш катчысы өзүнүн жакшы пикирин айтып кетти”

– Бишкек шаары боюнча айтсам, жаңы мектептер салынууда, жолдорубузга быйылкы жылы көбүрөөк көңүл бурулууда.  Жолдорубуз салынып, ипотекалык үйлөр салынууда. Жаңылбасам жыл аягына чейин Бишкекте 10 000 киши ипотекалык негизде үй алат.

Ал эми жалпы республика боюнча айтсам, жер жерлерде аэропорттор толугу менен ушул жылы оңдоп-түзөөдөн өттү. Ички каттамдар үчүн самолеттор сатылып алынууда. Ушул жагынан алганда жетишкендиктерибиз жакшы  болду.

Андан сырткары региондордо дагы жолдор салынууда, ипотекалык үйлөр курулууда. Коррупция менен күрөш жогорку темпте жүрүүдө. БУУнун Баш катчысы келгенде дагы өзүнүн жакшы пикирин айтып кетти. Бул өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирет.

Бетти даярдагандар:
Вера БЕДЕЛБЕК,
Мелис СОВЕТ уулу,
Султанбек АМАНБЕК уулу, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар