Быйылкы Эгемендүүлүк майрамы дагы бир өзгөчө датанын алдында белгиленүүдө. Бул — азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлгөндүгүнүн – Кара Кыргыз автономиялуу облусунун уюшулгандыгынын 100 жылдыгы.
14-октябрда белгиленгени турган ал дата боюнча айтаар сөзүбүз алдыда. Бул макалада эгемендүүлүк алган 33 жыл ичиндеги “оош-кыйыштарыбыз” жөнүндө кыска сөз кылалы.
Көз карандысыздыкка умтулган эмеспиз
Дээрлик жетимиш жылга созулган совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар 1980-жылдардын аягында СССР туш келген экономикалык, социалдык кризистерден улам, союздук республикалардын дээрлик ар биринде улуттук аң-сезим жогорулап, аны менен катар эл арасында бир союздук республика башкасынын эсебинен жашап жаткандай, ар бири өз алдынча мамлекет болсо эле өнүгүп кетчүдөй маанай жарала баштаган.
Узак жылдар бою тоталитардык идеологиядан улам демократия жана сөз эркиндигине суусаган советтик адамдарда кайра куруунун натыйжасында алар берилгенден кийин идеологиядагы баш аламандыктар башталып, ал өлкөдөгү баш аламандыктарга чейин өсүп кетти. Ар кайсы союздук республикалардын көп жерлеринде конфликттер, улуттар аралык кагылыштар чыга калып жатты.
Мындай процесс Совет мамлекетинин жетекчилигин СССР жаралгандан берки алгачкы (жана акыркы) референдумду өткөрүүгө аргасыз кылган. Бул кыйрай турганы анык болуп бараткан СССРди формасын бир аз өзгөртүү менен сактап калууга аракет болгон.
1991-жылдын 17-мартында өткөн референдумда “Сиз Советтик Социалисттик Рсепубликалардын Союзун анда бардык улуттардагы адамдын укуктары менен эркиндиктери толук өлчөмдө кепилденилген тең укуктуу суверендүү республикалардын Союзу катарында сакталышын зарыл деп эсептейсизби?” – деген суроо коюлган.
Баса, Казак ССРинде суроо “Сиз Советтик Социалисттик Республикалардын Союзун тең укуктуу суверендүү республикалардын Союзу катарында сакталышын зарыл деп эсептейсизби?” – деп өзгөртүлгөн. Латвия, Литва, Эстония, Молдова, Армения жана Грузия референдум өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, алардын референдумга катышууну каалашкан жарандары жергиликтүү кеңештер жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган шайлоо участокторунда добуш беришкен. Ушул фактынын өзү – кайсы союздук республикалардын ошол кездеги жетекчилеринин Москвага канчалык баш ийип турганынын көрсөткүчү эмеспи!
Баса, референдумга СССРдин жалпы калкынын 80%ы катышып, анын ичинен 76,4%ы “макул” деп добуш берсе да (Кыргыз ССРинде – 94,5%), кийин тарыхтын дөңгөлөгү “тескери” кетти. 1991-жылдын аягында СССР тарады…
Өз алдынча болсок эле өнүгүп кетчүдөй сезилген
Жогоруда жазганыбыздай, союздук республикалардын жетекчилеринде ал кезде өз алдынча мамлекет болсо эле өнүгүп кетчүдөй, ага Москва тоскоолдук кылып келгендей көз караш бар болчу. Биздин Президент Аскар Акаев да андай романтиктердин катарында болгону белгилүү.
Бирок, турмуштун ачуу чындыгы заматта андай романтиктерди ордуна коюп койду. Ич ара чырмалышкан союздук экономикада ар бир союздук республика бир буроо гана экени тез эле сезилди. Экономикалык байланыштар, өндүрүштүк циклдер үзүлүп, натыйжада кечээ өз алдынча жетиштүүдөй сезилген республикалардын экономикаларында системалуу кризис башталды.
Кыргызстан сыяктуу агрардык экономикасы бар, сырьелук база гана болгон республикаларда кризис өзгөчө катуу болду. Ушундай учурда эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гуманитардык жардамдары гана огожо боло алды. Ошол эле учурда чет элдик консультанттардын берген кеңештери биздин реалдуулук менен коошпогондуктан, кризистин күчөшүнө гана түрткү болду.
Дагы бир өкүнүчтүүсү — кыргыз жетекчи кадрлардын арасында өз алдынча чарба жүргүзүү жөндөмү барлары дээрлик жок болуп чыкты. Алардын көпчүлүгү Москвадан келген директиваларды аткарууга гана жарай турганы ачык болуп калды.
Мына ушундай шартта А.Акаев башында турган жогорку жетекчиликтин стратегиялык багыттарды аныктап, алдыны көрө билген жана келечекте кайтарымы боло турган программаларды иштеп чыгып, ишке ашырууга жөндөмсүздүгү көрүндү. Абалдан чыгуу үчүн ошол кездеги жетекчилик иштеп жаткан ишканаларды, чарбаларды элге таратып берүү менен “өзүңөрдү өзүңөр баккыла!” деген ураандын астында аракеттенди.
Мыйзамдык нигилизм калыптанды
Ошол кездеги бийликтин дагы бир урааны “Байыгыла!” болчу. Бирок, мында “Мыйзамдуу байыгыла!” деген ураан туура болмок. Андай болбогон соң, ар ким баюу амалын көрүү менен эпчилдер жана мамлекеттик чиновниктер тарабынан
союздан калган байлыкты массалык талап-тоноо башталды. Анын кесепетинен улам, ишканалар, алардагы жабдуулар, өндүрүштүк аянттар текейден арзан баада приватташтырылып, сакталмак түгүл, түп орду менен жоготулду. Темир сыныктары катары Кытайга сатылып, айрымдары жөн эле талкаланып бүлүндүрүлдү.
Натыйжада жүз миңдеген мекендештерибиз акча табуу үчүн массалык түрдө эмгек миграциясына кетишти. Андан калганы бактыларын базарлардан издөөгө аргасыз болушту.
Эң башкысы жана эң жаманы – өлкөдө коррупция күч алды. Өзүбүздүн мамлекеттик каражаттар түгүл, чет элден үстөк пайызы менен алынган кредиттер да уурдалып жатты. Башкасын айтпаганда да 2020-жылы Эл аралык валюта фонду тарабынан коронавирусту алдын-алуу үчүн бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалып, ажылыкка деп элден чогултулган каражаттардын бир партияга пайызга берилип кеткени – биздеги абалды көргөзүп турду.
Ири жана майда чиновниктерде, адамдарда мыйзамдык нигилизм калыптанды. Мындай учурда адамдарда мамлекетти оңдоо, коррупциядан арылтуу мүмкүн эместей пикир калыптанды.
Ошондон улам 2005-жылы, 2010-жылы жана 2020-жылы төңкөрүштөр болуп, алар мамлекетке, ишкерлерге өлчөөсүз зыян келтирген талап-тоноолор, андан да жаманы – адам курмандыктары менен коштолду.
Дагы бир жаман көрүнүш – кылмыш дүйнөсүнүн адамдары чиновниктер менен коюн-колтук алышып, кайсынысы кайсы топко таандык экени анчалык деле айырмаланбай калды. Коррупционерлер жана кылмышкерлер укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерине пара берүү менен жазасыз калыша тургандыктарын бөркүндөй көрө башташты.
Ошентип өлкөнүн имиджи түшүп, чет элдик лидерлер арасында Кыргызстан калыптана албаган мамлекет катарында баалана баштаган.
Абалдан чыгуунун жолдору бар экен…
2020-жылы кезектеги төңкө-рүштүн натыйжасында Садыр Жапаров баш болгон азыркы бийлик келгенден кийин деле адамдарда ишенбөөчүлүк күч болуп, мамлекеттеги чырмалган коррупцияны жеңүү, өнүгүү үчүн каражат булактарын табуу мүмкүн эместей көрүнгөн.
Бирок, бийлик саясий эркин көрсөтүү менен чечкиндүү реформаларды ишке ашырып, мына ушул чиеленишкен түйүндү чече алды. Натыйжада өлкөдө биринчи жолу кредиттер эмес, ички каражаттар менен массалык түрдө социалдык объектилер, жолдор салынып, ири өндүрүштүк ишканалар, чакан ГЭСтер курула баштады. Эмгек акылар, пенсиялар, жєлєкпулдар кєбєйтүлдү. Мунун баары бюджеттик жана коррупция менен натыйжалуу күрөштөн улам кайтарылган миллиарддаган каражаттардын эсебинен мүмкүн болууда.
Баса, өз алдынча мамлекет болгондон бери биринчи жолу табигый кырсыктан жапа чеккен кошуна мамлекетке гуманитардык жардам да бердик окшойт…
Адамдарда мыйзамды сыйлоо жана ага баш ийүү сезими пайда болуп, чиновниктер арасында мурдагыдай уурдоого умтулгандар азаюуда. Үйрөнгөн адатынан кутула албагандары укук коргоо органдары тарабынан кармалып, тиешелүү жазаларын алышып, ичип-жегендерин кайтарып жатышат.
Криминалдык чөйрөнүн анабашылары жок кылынып, айрымдары темир тордун артынан өз ордуларын табышты, калгандары баш көтөрбөй калышты.
Жыйынтыгында, Кыргызстан көз карандысыздыгынын отуз үчүнчү жылында өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулууга ишенимдүү кадам таштоодо.
Ушул жол менен кете берсек, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп калчу күн деле алыс эмес.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”