Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Мектептер китеп менен 70% камсыздалган

Бүгүнү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн. 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт. Ал эми Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн. китеп керек. Билим берүү министрлиги китептердин жетишсиздик маселеси жакынкы үч жылда толук чечилерин убада кылууда.

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине алдыдагы эки жылда мектептердеги окуу китептердин жетишсиздигин толук жоюуну тапшырган. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерди китеп менен камсыздоо тармагын жакшыртуу жана реформалоо боюнча “Алтын Казык” программасын сунуштап, жакынкы үч жыл ичинде жаңы китептерди басып чыгаруу планы коюлганын билдирген.

Эки жылда китеп менен камсыз болобузбу?

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова мектептердеги китептерди жаңылоого 4,5 млрд. сом керектелерин айтат. Анын айтымында, республикалык бюджеттен буга чейин жыл сайын 152 млн. сомдон бөлүнүп келген. 2025-жылдын бюджетинин долбоорунда китеп басып чыгарууга 460 млн. сом бөлүү керек деп бекитилүүдө. “Бул каражат мурдагыга салыштырмалуу 300 млн. сомго көп.

Финансы министрлиги тарабынан дагы каржы булактары каралууда. Ошондой эле биз Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдардан китептерди басып чыгарууга акча сурап жатабыз. Эгер ал каражаттар бекитилип калса, келе жаткан 3 жылдын ичинде жаңы иштелип чыккан китептерди каржылап, мектептерди толугу менен китеп менен камсыздоого аракет жасайбыз”, –дейт А.Баймуратова.

Ал акыркы 2 жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн. сом каралганын жана 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн. 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып чыкканын кошумчалады. Андан тышкары, 2 млн. 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен жарык көргөнүн айтты.

Сингапур менен келишимдин сыры

Билим берүү жана илим министрлиги сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында Сингапурдун Marshall Cavendish басмасы менен келишим түзгөн. Алынган мөөнөтсүз лицензия аркылуу математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстер басылып чыкмакчы.

“Бүгүнкү күндө бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары даярдалып бир жуманын ичинде платформага жүктөлүп бүтөт”, – дейт министрдин орун басары Муратбек Касымалиев.

“Электрондук мектептен” окуйбуз

Электрондук китептердин варианттары «Электрондук мектеп» платформасына жүктөлмөкчү. Ата-энелер жетпеген китептердин электрондук варианттарын ушул платформадан тапса болот. Аны окуу-чулардын дагы жана мугалимдердин дагы колдонуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Министрлик жалпы республика боюнча окуу планында кандай китептер жетишпей жаткан болсо, алардын электрондук түрлөрүн жеткиликтүү кылып берүүнү убада кылышууда. Электрондук китептер жөн эле PDF-форматында эмес, ал мультимедиалык материалдарды камтыйт экен. Башкача айтканда, презентациялардын аудио, видеосу сунушталат. Ал эми окуу китептерди «Электрондук китепкана», «Билим булагы» жана «Айбилим» порталдарынан тапса болот.

Сынга алынган китептер

Эреже боюнча окутуу стандарттары өзгөртүлгөн сайын окуу китептердин мазмуну да жаңыланышы керек. Стандарттар соңку ирет 2022-2023-окуу жылына ылайыктап бекитилген.

Өкүнүчтүүсү мектептердеги окуу китептердин мазмуну, сапаты боюнча маселе өзгөчө жаңы окуу жылы башталганда гана көтөрүлөт. Балдар мектептердин китепканаларынан алган китебин ата-энелер эле эмес, айрым мугалимдер да сындап, кээ бирлери сунушталган китептерди колдонуудан баш тарткан учурлары бар.

Айрым ата-энелер өзгөчө кыргыз тили боюнча окуу китептер жатык тилде жазылбаганын белгилеп келишет. 2018-жылы октябрда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан окуу китептеринде одоно каталар табылганда чоң ызы-чуу чыккан. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгоп, министр да кызматтан кеткен. Ошондон бери Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында жаңы окуу китептер иштелип чыга элек.

Ноутбук маселени чечеби?

Билим берүү жана илим министрлиги сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң
ноутбук акысыз берилерин билдирди. Маалым болгондой, ноутбуктар математика, физика, химия, биология, география, информатика сабагынан берген мугалимдерге берилмекчи. “Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми рес-публика боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы жылдары толугу менен ноутбук менен камсыздоо планы коюлууда. Ошондой эле өлкөдөгү 1,5 млн. окуучуну электрондук китептер менен жабдуу үчүн ноутбуктарды берүү маселеси турат», – деди министрдин орун басары Муратбек Касымалиев.

Ата-энелер китептердин жетишсиздигине нааразы

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 129 аталыштагы окуу китептери менен камсыздоо зарыл. Ал эми өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептеринде кеминде 147 аталыштагы окуу китептери жетишсиз. Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер китептердин жетишсиздигине нааразы. Бирок балдары окуу китептерге муктаж болгондуктан, базарлардан жана жер астындагы өтмөктөрдөн болгонун сатып алууга аргасыз. Ал эми алардын сапаты жогоруда айтылгандай көп учурда талапка жооп бербейт.

«Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси менен “KG Analitics” интеллектуалдык фондунун билим берүү тармагында жүргүзгөн тал-доосунун жыйынтыгында: мектептердеги китептердин жетишсиз экендиги жана бул көйгөй чечилбесе, келечек муунду окутуу кыйынга тураары айтылат.

Андыктан, Билим берүү жана илим министрлиги жакынкы жылдарга коюлган пландарын аткарып, мектептерди окуу китептери менен толук камсыздап, келечек муунду окутууну жолго койбосо жолубуз болбой турганы анык.

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар