Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Президент С.Жапаров кол койгон «Инсандын-руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы» жөнүндө №1 жарлык баарыбыздын эсибизде. Ушул жарлыкты кереметтүү Кыргызстаныбыз менен айкалыштырып, эгемендигибиз, мамлекет башчысы белгилегендей, андагы «руханий адеп-ахлактык» тууралуу ой таштагым келди.
Азыр жер жүзүндө 200дөн ашык мамлекет, 3500гө жакын этностор бар. Айрым этностордун калкынын саны 60-100 миллионго чейин жетип барат. Тилекке каршы, алардын баарынын эле өз Туусу, өз Гимни, өз Герби, өз Мекени жок. Аларга салыштырмалуу 7 миллион эли бар биздин Мекенибиз, болгондо да Бейиш төрүндөй болгон Мекенибиз бар!
Ушул эле Азияда канчалаган элдер жер бетинен улут катары жоголуп кеткенин карт тарых билет. Качанкы бир байыркы тарыхты айтпайлы, Орто кылымдардын башында эле кыргыздар менен чабышып жоолашып келишкен түргөштөр, кара кытайлар, карлуктар, наймандар кайда азыр?..
Ооба, керек болсо биз баарынан Улуу калкпыз! Анткени, биздин бай Тарыхыбыз бар. Башка элдерден айырмаланган көөнөрбөс Салтыбыз бар! Себеби, улуттун Улут экендиги анын экономикасында эмес, анын Эне тилинде, Тарыхында, Маданиятында, Салт-санаасында!
Деги эле, Кыргыздар ким болгон? Төмөндө айтыла турган ойлорум жөн сөз болбошу үчүн далай окуяларды өзүнө камтыган олчойгон карт тарыхтын саргайган барактарынан, энциклопедияга түшүрүлгөн залкар адамдардын пикирлерин мисал келтирейин.
Караңыз: «Кыргызы это- другая нация. Они умные, устремленные вперед народ» (Николай Вавилов, академик, дүйнөгө белгилүү генетик), «Кыргызы это – народ жаждавшиеся к науке» (Конради, профессор), «Кара кыргызы отважный народ» (Чокан Валиханов), «Киргизия единственные из Центрально-Азиатских народов никогда не признавали власть Чингизидов, а управлялись собственными правителями, пусть столь громких титулов, но родными. Эти традиции идет с 12 века, когда монголы завоевали их, а потом подавили несколько киргизких восстаний» (Улуу Октябрь революциясына чейинки орус энциклопедиясынан, 1890-1907-ж.ж), «Чоң балыктар менен киттер чоң деңиздерде гана сүзөөрү сыяктуу, чоң руханий байлык жыйнаган эл гана чыгаан инсандарды жаратат. Ушул жагдайдан алганда Кыргыз эли руханий залкарларды дүйнөгө берген жылдызы бийик эл» (Мухтар Шаханов, Казак Республикасынын эл жазуучусу), «Дүйнөдө Кыргыз деген эл бар экендигине жана мен анын уулу экендигим үчүн бактылуумун!» (Чыңгыз Айтматов).
Ошондой эле XV-XVI кылымдарда кыргыздар «Моголистандын арстандары» деген ат менен дүйнөлүк тарыхта калышкан.
Азияда азыр миллиардан ашкан кытай эли деле, 7 миллион кыргыз деле жанаша жашап келе жатышат. Калктын саны жагынан астрономиялык айырмачылык болсо дагы, Кыргыздын улут катары үзүлбөй келаткан себеби – анын көөдөнүндө жашап келе жаткан улуу маданияты! Рухий дөөлөттөрү! Салт-санаасы! Бизди Табияттын улуу мыйзамдары ошондой жараткан экен!
«Кыргыздын кылычы кимдерге гана шилтенбеген!.. Кыргыздын атынын туягы кай жерлерде гана калбаган» деп ташка чегилип жазылыптыр, IX кылымдагы «Култегин жазуулары» аталган тарыхый (ички Монголия) таш эстеликтеринде.
Ошол доордо тегеректеги кошуналар эле эмес, атүгүл орустар улут катарында бирдиктүү Русь болуп түптөлө элек кез болгон.
Азыр, чакчалекей болуп аткан геосаясатта өзүн сыйлап өнүккөн же өнүгүүгө бет алган мамлекеттердин аракеттериндеги Башкы маселе — мамлекеттин акчасы, байлыгы эмес, Эне тили, Салт-санаасы, Рухий баалуулуктары баалуу экени айтылып, алар алдыңкы орунга коюлуп жатат! Анткени, чыны менен ал баалуулуктарды кадырлаган Эл же өлкө эч убакта начар мамлекет болбойт! Дале кайталагым келет, бул – аксиома!
«Жаман айтпай жакшы жок» делет бабалар сөзүндө. Анткеним, мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышына жана 70 миллиондон ашык адамдын өмүрүнүн кыйылышына башкы себепкер болгон Гитлер жоокерлерине: “Биз ириде басып алган өлкөлөрдүн руханий дүйнөсүн талкалашыбыз керек! Рухий дүйнөсү өчкөн адам эч качан коркунучтуу душман боло албайт!” деп сайрап турган. Бул накта фашисттик идеология болгон. Бирок, канкор Гитлер өзүнүн мүдөөсүндөгү чындыкты айткан.
Дагы да айлантып айтайын, бүгүнкү ажыдаардай алкынган глобалдаштыруу доорунда кайсы, кандай гана мамлекет болбосун, өз өлкөсүнүн келечегин бекемдөөнүн бирден бир жолу – мекенчилдик экенин таанып жатышат. Дилин, салт-санаасын, сүйүүнүн вазийпасын терең калыптандыруу башкы маселе экенине басым жасап жатышат! Эч кимге жашыруун эмес, чын-чынында эле дүйнөнүн прогрессивдүү, улуу инсандарынын баары мекенчил болушкан. Андан да тагыраак айтсак, адам баласы жаралганы бир дагы мамлекет эч убакта мекенчилдер тарабынан жок болгон эмес, тескерисинче өнгөн, өскөн! Муну да карт тарыхтын калдайган фактылары далилдеп турат.
«Байлык менен бийлик колдун кири» деп акылман бабаларыбыз таамай айтышкан. Аталган кептин мазмунун билген жан үчүн бул накылдын өзөгү өтө тереңинде! Негизинде байлык менен бийлик убактылуу жыргалчылыкты тартуулаганы менен түбөлүктүү болгон эмес!
Жогоруда айтылган ойлорумдун кыр аркасы – өзүбүздүн Рухий баалуулуктарыбызды, Салт-санаабызды, Тилибизди урматтоо менен сактасак, кадырласак деген гана ниет.
Кезинде, ушул Эгемендигибиздин түптөлүшүнө кара жандарын карч уруп, ошол учурдагы замандын оомалуу-төкмөлүү мезгилдеринде, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырында, көз караштардын кызыл-кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан мамлекеттүүлүк үчүн баштарын канжыгага байлап, ак эмгектерин өтөгөн мыктыларыбыздын бири, кеменгер Касым Тыныстанов бабабыздын «өз элиңди, өз жериңди, өз ата салтыңды сүйө бил жана аны көздүн карегиндей сакта! Ал сенин өмүрүң, ичээр сууң!» ташка тамга баскандай айтып кеткен насааты ар бирибиздин көөдөнүбүздө, көкүрөгүбүздүн тунук жеринде сакталса деген гана тилек!
А биздин Кыргызстаныбызчы? Тоолордун, мүрөк суусундай болгон тоо сууларынын, керемет жаратылыштын Мекени! Мыкты акындарыбыздын бири жалындуу ыр саптарында жазгандай:
«Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда,
Мекеним жок сенден башка дүйнөдө».
Негизи, биз, кыргыздар, кылымдардын бороонунда чайпалып, миңдеген жылдар бою үзүлсөк да жок болгон эмес-пиз! Себеби, Салт-Санаабыз, Рухубуз, Тилибиз үзүлбөй, анын бекемдигинде болгон.
Кезинде далай өлкөлөр кулчулукта жүргөндө бабаларыбыз кең Азияда ат ойноткон, Эркиндиктин шумкарлары болушкан. Башка түрк уулдары менен убагында килейген Европаны багындырган. Түштүк Чыгыш Азияда Улуу Кыргыз Каганаты жашаган. Канчалаган өлкөлөр жалпы адамзаттын жашоо турмушунда жазылбаган түбөлүктүү мыйзамдары менен жашай албай жатканда Кыргыз өзүнүн Каада-Салты, Салт санаасы, Таза Эне тили менен далайларды суктандырган! Бул – өчүрүлгүс тарых!
Сөз учуру келип турганда Рухий байлыгыбыздын бир-экөөсүн атай кетейин. Мисалы, “Манас” эпосубуз не деген кенч! Дүйнөдөгү эң алп эпос! Мындай баалуулук жер бетинде бизде эле бар.
Ал эми “Кожожаш” дастанычы? Кыргыз генийинен жаралган бул дастанда адам менен табияттын байланышы
туурасында терең философиялык маани бар. Бул улуу дастанда дүйнө элдеринин поэзиясында эч бир кездешпеген, жалпы адамзаттын элеси Кожожаш аркылуу берилсе, табият, жаратылыш Сур Эчки аркылуу берилгенинде!
Кайберендин тукумун улантуучу Алабаш текени Кожожаш атып өлтүргөндөн кийин, мергенчиден өч алыш үчүн Сур Эчки аны азгырып отуруп, кайра түшө албас бир зоого алып келип, каргап турат го ошондо. Сур Эчкинин Кожожашты каргаганы – бул табияттын каргаганы. Сур Эчкинин каргышы – улуу табияттын адамзатка болгон каргышы…
Ушул ойлорумдун агымында боордош казактын элинин чыгаан акыны Мухтар Шахановдун төмөнкү «Төрт эне» деген ырын кошо салып кетким келди:
«Тагдырдын тамырсыздык илдетинен калкала,
Ар адамда өз энесинен башка да,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне,
Жөлөп тураар, тиреп тураар аркада.
Ал төрт эне:
Туулган жери – түп казыгы айдыңы,
Эне тили – сатылбоочу байлыгы,
Карт тарыхы, каада-салты, тиреги,
Кагып турган көөдөнүндө жүрөгү!
Төрт энеге дилин жалгай албаган,
Пенделердин башы кайда калбаган,
Төрт энени коргобогон элдердин,
Бак жылдызы эч качан да жанбаган!»
Кыргызымдын дагы бир мыкты инсаны, акыны Түмөнбай Байзаков абабыз жазгандай:
«Улуусуң Кыргыз Жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң Кыргыз Жери ырдан бүткөн!»
Соңку сөз
Бар бол, Көз карандысыз Кыргызстаным!
Сенин башыңдан не деген гана оор күндөр өткөн! Кылымдардын бороонунда миңдеген жылдар бою үзүлүп, чачылгансың! Бирок, каада-салтың, дилиң, бекем маданиятың менен, үч кыл комузуңдай кайра күүгө келип бириккенсиң!
Өздөн чыккан Абыке менен Көбөштөр жана тиги Шыпшайдарлар менен Көзкамандар нечен ирет жонуңа бычак урганга аракет жасаган, тузуңа кыянат кылган. Ошондо да ар-намысыңды, касиеттүү катарыңды сактай алгансың! Тилекке каршы андайлар болгон жана боло берет экен!..
Түбөлүктүү тур, касиеттүү Кыргызстаным, санжыргалуу Ала-Тоом!
Түбөлүгүң түз болсун, Мекеним!
Кенжебек АРЫКБАЕВ,
Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты