1924-жылы 14-октябрда СССР Борбордук Аткаруу комитетинин ХI сессиясы, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө атайын токтом кабыл алган. Бул токтомдун кабыл алынуусуна Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Махмуд Ботбаев ж.б. улуу инсандарыбыздын салымы чоң болгон. Ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун мамлекет катары чыңдалышына ат көтөргүс эмгек кылгандардын бири Кетмен-Төбө өрөөнүнүн өрнөктүү уулу Мураталы Ашыров. Бул тууралуу Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов “Кыргыз Туусуна” маек куруп берди.
-Нурболот Калчороевич, быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Тарыхый маалыматтарга таянсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан Мураталы Ашыров да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүүсүнө өз салымын кошкон экен. Анын өмүр таржымалы тууралуу айтып берсеңиз?
– Мураталы Ашыров 1891-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө төрөлгөн алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер. Мага жеткен маалыматтар боюнча ал арабча жана орус тилинде алгачкылардан болуп сабатын жойгон жана жергиликтүү элдин балдарын окутуп, алардын сабаттуулугун арттырган агартуучу. Мураталынын атасы Ашыр жакыр үй-бүлөдөн чыккан айтылуу Керимбай болуштун атасы Атаканга малай болуп, жылкысын кайтарган. Ал Салтанат аттуу кызга үйлөнүп, андан Жамгырчы, Кийизбай, Мураталы жана Жолборс аттуу уулдуу болгон. Ал жаш кезинен зирек, тирикарак чыгып, орус тилинде окуп, жаза билгендиктен анын эмгек жолу 1916-жылы эле башталат.
–Мураталы атабыз Биринчи дүйнөлүк согушта орус армиясынын оорук жумуштарына кыргыз жигиттерин баштап барган турбайбы?
– Ооба. Биринчи дүйнөлүк согушта орус падышачылыгы согуштун оорук жумуштарына байланыштуу жергиликтүү элден батальондорду түзүү боюнча буйрук чыгарып, жер-жерлерге жөнөткөн. Кетмен-Төбөдөн ар бир төрт түтүндөн бирден жигит чыгарылган. Анда Мураталы Ашыров жыйырма беш гана жашта болгон экен. Кат сабаты жоюлуп, орус тилин жакшы билгендиктен, чогултулган миңге жакын жигитке “Миң башы” кылып шайлап, поезд менен Орусияга жөнөтүлгөн. Мураталы “Миң башы”(комбат) катары аскер иштерин, согуштук курал колдонууну үйрөнүп, орустардын ички турмуштарын көрүп, бардык тараптан түшүнүгү арткан.
Көп өтпөй Октябрь революция-сы башталып, падыша өкмөтү кулайт. Орусияда тополоң башталып, алып барган батальонду суроого бийликтин чамасы жетпей калат. Зиректигин дагы бир жолу көрсөтүп, М.Ашыров өзү алып барган жигиттерди бөлүп-жарбай, поездге кайрадан отургузуп, туу-луп өскөн Кетмен-Төбөгө аман-эсен алып келет.
– Кетмен-Төбөнүн бир тарабы Анжиян уездине, экинчи тарабы Наманган уездине караган шарттарда, эки аймакты бириктирип, бир административдик аймак кылганы чындыкпы? Кандай кызматтарды аркалады эле?
–Ал кайтып келгенден кийин жаш жетекчи катары эл оозуна алына баштайт. Кыргызстанда 1919-жылы Совет бийлиги тарабынан революциялык аскер комиссариаты уюштурулуп, биринчилерден болуп Кетмен-Төбө өрөөнүнөн анын курамына шайланат.
Дагы бир кызыгы, жер-жер-лерде ар кандай толкундоолор башталып, ага байланыштуу кызыл милициянын начальнигинин кызматын кошо аткарат. М.Ашыров 1920-жылы Кетмен-Төбөнүн бир тарабы Анжиян уездине, экинчи тарабы Наманган уездине караган эки аймакты бириктирүүнүн башында турган. Бир административдик аймакка айлангандан кийин, өрөөндө биринчи жолу райревкомдун төрагалыгына шайланган.
–Ал жаш кадрларды даярдоого катуу көңүл бөлгөн-дүктөн Токтогул районунан Абды Сүйөркуловдой мамлекеттик ишмерлер чыккан деген да сөздөр бар…
– Бул чындык. Мураталы Ашыров жаш кадрларды даярдоого да өзгөчө чоң маани берген. Айрыкча билимге умтулган жаштарга тыкыр көңүл бурган. Атүгүл билим алууга үгүттөгөн. Мисалы, ошол кезде С.Боркеев, М.Кийизбаев, А.Сүйөркуловдорго окшогон республикага белгилүү инсандар анын жардамы менен Кагарт мектеп-интернатынан билим алышкан. Алар кийин республикага белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмер болуп чыгышкан.
Тарых тастыктагандай анын чечкиндүү жана даанышмандык сапатын мурунку
муундун өкүлдөрү Э.Малгараев, Н.Бримкулов, С.Айдаралиев, Р.Суюналиев, К.Орокбаев, Т.Ашы-ралиевге окшогон аксакалдар көп эскеришээр эле.
– Кетмен-Төбө өрөөнүн өнүктүрүү үчүн кандай эмгектерди жасаган?
– Өрөөндө пахта тазалоочу, чигиттен май чыгаруучу завод курдурган. Токтогул районунун эски борборундагы Чычкан суусуна көпүрө салдырып, калктын өйүз-бүйүзгө өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Райондо сугат системасы жокко эсе болчу. Чычкан дарыясынан Нарын дарыясына чейинки созулган чоң канал курдурган. Аны улуу муундагы адамдар “Мураталынын арыгы” деше турган. Ал канал менен райондун борборундагы калк эле эмес, батыш тараптагы жайгашкан тургундар да дыйканчылыкты өнүктүрө башташкан.
Мураталы Ашыров 1924-жылдан 1926-жылга чейин Жалал-Абад округунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Бул өзгөчө оор жылдар эле. Жалал-Абад шаарындагы Токтогул багынын курулушунда анын демилгеси чоң болгон. Аны менен бирге иштешкендер бул бакты “Мураталынын багы” деп аташаар эле деп сыймыктанышчу экен.
Анын бийлиги астында жер-суу реформасы жүргүзүлгөн. Канчалаган каналдар курулуп, дың жерлер өздөштүрүлгөн. Ал мамлекеттик деңгээлдеги жетекчи катары Эл чарба кеңешинде (Сов-нархоздо) төрага болуп иштеп турганда чечкиндүү жетекчи катары республикада көп жерлерге канал салдырып, эл чарбасын өстүрүүгө көмөк көрсөткөн. Жаңы багыттарда иш алып баруусунан дыйканчылык өнүгүп, малдын башы өсө баштаган.
Жогорку кызматтарда иштеп жүрүп,1932-жылы Кетмен-Төбөгө кайрадан келип, Ленин атындагы колхоздун председателинин орун басары болуп иштеп, колхоздун жигердүү өсүп-өнүгүүсүнө жана колхозго биринчи жолу башталгыч мектебин курууга чоң салымын кошот.
– Кетмен-Төбөдө басмачыларга, айрыкча элдин үшүн алган Аман Палбанга каршы күрөшкөнү, анын жазган катына татыктуу жооп бергени да эл ичинде айтылып жүрбөйбү?
– Бул кашкайган чындык. Ошол кезде жаңы бийликке, жаңы саясатка каршы күчтөрдү топтоп, элдин жүрөгүнүн үшүн алган корбашы Аман Палбан чыккан. Түштүктө анын аброю түшүп калгандан кийин, жер шарты боюнча өзгөчө аймак Кетмен-Төбөгө көзү түшүп, Мураталы Ашыровго кат жөнөтөт. “Ашыр уулу анжияндык Султан паңсат менен Тагай корбашыны таап берейин. Чогуу жок кылабыз да, экөөбүз Кетмен-Төбөнү башкаралы. Мага кыргыздын бир сулуу кызын алып бересиң”…(Бул кат Ош облусунун жана край таануу музейинен).
Ага жооп кылып Мураталы Ашыров: “Мен саткындар менен ымала кылбайм. Андай эле сулуу кыз ала турган эркек болсоң чык, жекеме жеке атышалы. Болбосо катыныңдын ыштанын башыңа чал да, Анжиянга жөнө” – деп, катына жооп жөнөтөт.
Аман Палбан арданып, Кетмен-Төбөгө келе жатканын угуп, ашууда кезметте турган отряддын командири Иван Середа, уулу Виктор экөө ал жерде турган төрт кыргызга көрүнбөй качып кетишет. Аны уккан М.Ашыров ал каракчыларды ашуудан ашырбай тоспосо кеч болуп каларын түшүнүп, эч нерсеге карабай өзү жалгыз атчан жөнөйт. Бирок, алар куралданган, жан кечти жоолор экенин дароо түшүнүп жолдон, жер-жерлердеги сууда жакшы сүзгөн жигиттерден топтоп келип, ашууну бөгөп ка-лууга үлгүрөт.
Капчыгайдагы жаман жол менен Аман Палбандын желдеттери койдой чубап баратканын көрөт. Бир аз убакыт өтсө ашууга чыгышат. Аны дароо байкаган Мураталы граната ыргытып, алардын үрөйүн учурат. Айрымдарын колго түшүрүп олжолоп, жеңишке жетишет. Кийин да канчалаган баскынчы, чалгынчыларды өзүнүн отряды менен тосуп, башка тарапка өткөрбөй, элди зомбулуктан коргоп калган.
– Кайсы себептер менен репрессиянын курмандыгы болду эле?
– Кыргызда илгертен эле жакшыны көрө албаган адатыбыз бар эмеспи, М.Ашыровдун уюштургучтугун көрө албаган айрым кара өзгөй адамдар кадимки ак сөөк Атакандын жигити болгон деген арыз чүргөп, соттогонго чейин жеткирген. Ал 1934-жылы репрессия-нын алдыңкы жылдарында жазыксыз жерден камакка алынган.
Архивдик маалыматтарга таянсак, таң каласың. 1934-жылы 20-февралда М.Ашыров Россиянын аскердик Советинин төрагасы Ворошиловго туура эмес, аныкталбаган, текшерилбеген токтомдун негизинде жазыксыз айып тарткандыгы жөнүндө жазган өтүнүч арызы да архивде сакталып турат. Катта жогорудагы айтылгандай мекенге, элге кылган ак кызматы орусча так баяндалган. Байдын жигити эмес, малай жүрүп, байларга, басмачыларга каршы күрөшкөнү, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, чоң ийгиликтерге жетишкендиги көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, максатына жетпей, 1934-жылы репрессия курмандыгы болгон.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасында быйыл Кара-Кыргыз автоном облусу болуп түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Биз сөз кылган Мураталы Ашыровдой өлкөбүздүн түптөлүшүнө кызмат кылгандарды даңазалоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Анткени, М.Ашыров ошол кездеги жогорку бийликтин “Ар бир улут өзүн өзү аныктоо” деген токтомун алгачкылардан болуп түшүнүп, кызмат кылган инсандардын бири. Эл үчүн кылган анын эмгеги эч качан унутулбайт.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”