Быйыл 14-октябрда өлкөбүз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо алдында турат. Аны белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккан. Бул маанилүү датага 1924-жылдын 14-октябрында Совет бийлигинин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясынын улуттук чек араларды бөлүштүрүү жана Россия Советтик Федеративдик Социалисттик республикасынын курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтому негиз болгон. Ал тарыхый чечим болуп калды.
Анын күңгөйү менен тескейи, даңкы-даражасы, тарыхтагы мааниси менен олжосу, аны түптөөгө жасалган аракеттер жана арналган өмүрлөр тууралуу тарыхчылар кенен айтышсын. Ал эми биз бул макалада бир кылым аралыгындагы банк системасы башынан кандай күндү кечиргендиги тууралуу жалпы сөз кылабыз.
Кыргыз банк системасы. Кыргыз банк системасынын түптөлүшү аймактык кассалардан башталган. Алар Токмокто, Ысык-Көлдө, Ошто (1867-1876-ж.) ачылып, казыналыктын жана банктын милдетин аткарса, кийин (1918-ж.) Элдик банктын Пишпек бөлүмү, 1924-жылы Советтер Союзунун Мамлекеттик Банкынын Орто Азия конторасынын Пишпек бөлүмү түзүлгөн. 1926-жылы Советтер Союзунун Мамлекеттик банкынын Пишпектеги конторасы Кыргыз Республикалык Конторага, ал эми 1987-жылы Кыргыз Республикалык Банкына өзгөртүлүп түзүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик банкы уюшулган. 1992-жылдын 6-мартында ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөртүлгөн.
Банк системасы акча түшүнүгү менен тыгыз байланышта. Ал өлкөнүн мыйзамында белгиленген бааны түзүп, алтындын белгилүү салмагын көрсөтөт. Акчанын айланышын тартипке келтирүү жана акча системасын чыңдоо максатында мамлекет тарабынан акча реформасы жүргүзүлүп турат. Эгерде кыргыз банк системасы алгачкы ирет аймактык кассалардан башталса, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 305 филиалы өз ишин жүргүзөт. Анын ичинен КРУБнын лицензиясынын/күбөлүгүнүн негизинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды бүгүнкү күндө 1 пилоттук ислам банкы, «ислам терезеси» бар 4 (салттуу) банк, 5 толук кандуу иш алып барган ислам микрокредиттик компаниясы, «ислам терезеси» бар 2 микрокредиттик компания, 1 кредиттик союз, «ислам терезесине» ээ 1 микрокредиттик агенттик, жалпысынан 14 финансы-кредит уюму иш жүргүзөт.
Кыргыз сому. Кыргызстан Советтер Союзу кулагандан кийин өзүнүн валютасын кабыл алган Россиядан кийинки экинчи өлкө болгон. Буга инфляциянын 1992-жылы болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өсүп, 2032,7 пайызга жеткендиги себеп. Ал кезде советтик республикалардын бардыгы инфляцияга дуушар болуп, андан ар бири өз алдынча чыгуу жолун издешкен. Бул көрсөткүчтү токтотуу үчүн Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алуу чечимин чыгарган. 1993-жылдын 3-майында биздин тарыхыбызды башка нукка бурган токтом кабыл алынган, ал токтомго ылайык 1 сом – 200 рублге барабар болгон. Ошентип, Кыргызстан 1993-жылдын 10-майында мурунку союздук республикалардын ичинен биринчилерден болуп өз валютасын – сомду колдонууга киргизген.
Ошол учур ыкчам чечим кабыл алууну талап кылгандыктан, «өткөөл мезгилдин акчалары» деп аталган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы биринчи банкноттор чыгарылган. Азыр бул акча белгилери «тун бала» сыяктуу көзгө жылуу учурайт. Мезгилдин өтүшү менен улуттук валюта улам жакшыртылып отуруп (1994-жылы 2-чыгарылыш, 1997-2005-жылдары 3-чыгарылыш, 2009-2016-жылдары 4-чыгарылыш), учурда 2023-жылдагы 5-чыгарылыштагы акчалар жүгүртүүгө киргизилген. Акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу менен Улуттук банк эски акчаларды жаңылайт, айрым номиналдарды жүгүртүүгө киргизип, жасалма акчаларды болтурбоо үчүн алдын алуу чараларын көрөт, банкноттордун, монеталардын дизайнын көркөмдөп, коргоо элементтерин талапка ылайык улам жакшыртып турат.
Алмашуу курсу. Кыргыз Республикасында улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүүдө 1993-жылы өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режим катары кабыл алынган. Бул режимде эгер дүйнөлүк рынокто жана ички макроэкономикалык жагдайлардан улам өзгөрүү болсо, улуттук валюта жагдайга жараша ыңгайлаша алат, өзгөрүүлөргө карата ийкемдүү болот. Учурунда бул режимди кабыл алуу эң мыкты тандоо болгондугун мезгил өзү тастыктоодо. Мындай салмактуу чечимди кабыл алууда Улуттук банктын түптөлүү башатында турган жетекчиликтин жана ошол кездеги өз кесибин мыкты билген адистердин чечкиндүү кадамдарынын салымы зор. Өлкөнүн банк системасы боюнча кабыл алынган бир катар мыйзамдардын аркасы менен учурда чет өлкө валюталарын сатып алуу, сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз. Мунун бардыгын биз колдонуп жаткан валюта саясатындагы жетишкендик катары санасак болот.
Алтын. Чет мамлекеттер менен экономикалык байланыш түзүүдө жана эл аралык эсептешүүдө дүйнөлүк акча иретинде алтын колдонулат. Алтын экономикалык мааниден алганда, товар өндүрүү шартында жалпы эквиваленттин ролун аткарып, наркты өлчөгөн материал катары кызмат кылат. Товар өндүрүшүнүн өнүгүшү менен соода-сатык да өнүгөт. Мындай шартта алтын бардык товарлардын ичинен бөлүнүп чыгып, жалпы эквивалент катары жүрө баштайт. Алтындын дүйнөлүк акчага айлануусуна дүйнөлүк рыноктун пайда болушу өбөлгө түзгөн.
1990-жылдардын аягында Кыргыз Республикасынын эл аралык резервиндеги алтын болгону 6%ды гана, же 2 тоннадан көбүрөөк өлчөмдү түзгөн. Бул көрсөткүч менен Улуттук банк 2013-жылга чейин иш алып барса, андан кийин алтын куймаларын сатып алуу тууралуу чечим кабыл алган. 2016-жылдын аягына карата баалуу металлдар эл аралык резервде дээрлик 8,7%ды түзгөн, ал эми 2017-жылдын аягына карата Улуттук банк чечкиндүү кадамдарды жасап, баалуу металлдардын эл аралык резервдеги көлөмү 13,3%га чейин өскөн. Эл аралык резерв 2018-жылдын аягында 21,4%га жетсе, учурда 2024-жылдын 5-августуна карата 50,9%га жетип отурат.
Негизи алтын өлкөнүн негизги экспорттук товары болуп саналат, бирок, өлкөнүн баалуу металлдар боюнча ички рыногу өнүгө элек деп эсептелгендиктен калктын басымдуу бөлүгү каражат топтоого чет өлкө валютасын колдонушат. Улуттук банк калкка актив, запас катары алтынга басым жасоону сунуштайт. УБ өлчөнгөн алтын жана күмүш куймаларын 2015-жылдын 7-майынан тартып сатыкка чыгарган. ªз убагында УБнын ошол кездеги төрагасы Т.Абдыгулов муну резервдеги валюталардын өзгөрүлмөлүү болушунан коргонуу аракети катары түшүндүргөн.
Эл аралык резервдер Кыргыз Республикасы өзгөчө абалга учураганда коопсуздук таянычы катары эле эмес, УБнын жана Өкмөттүн милдеттенмелери боюнча төлөмдөрдү камсыз кылуу, тышкы карызды тейлөө үчүн финансылык жөнгө салгыч катары инструменттин кызматын аткарат. Мындан тышкары, резервдер Борбор Азия өлкөлөрүндө либералдуу инструменттердин бири болуп саналган бирден-бир натыйжалуу каражат. Улуттук банк аны туруктуу актив катары көрөт, себеби алтын куйманы сатып алууда ал мезгилдин өтүшү менен баасы жогорулашы мүмкүн, бирок алтынга болгон баа өтө түшүп кетпейт. Муну дүйнөлүк тенденция дагы тастыктап турат. Башка чет өлкөлөр дагы өздөрүнүн баалуу металлдар запасын учурда активдүү көбөйтүпжатышат.
Кредит. Банк системасы, албетте кредит түшүнүгү менен коштолот. Социалисттик коомдо мекемелерди кредиттөө банк аркылуу жүргүзүлгөн. СССРде кредитти эл чарбасы 3 банктан: СССР мамлекеттик банкы, СССР курулуш банкы жана Тышкы соода банкынан алган. Кыргыз банкы да ошол мезгилде СССРдин мамлекеттик банкынын саясатына ылайык иш жүргүзгөн.
Бүгүнкү күндө калктын керектөөсүн канааттандыруу багытында коммерциялык банктар заманга бап, мезгилге шай келген кызматтарды сунушташууда. Алар өнөр жайга, айыл чарбасына, соода чөйрөсүнө, курулушка, ипотекага, керектөө жана башкаларга кредиттерди сунуштап келишет.
Төлөм системасы. Төлөм системасы күн санап өнүгүп жатат. Накталай эмес эсептешүүлөр жагында төлөм технологиялары, төлөм инструменттери жакшыртылып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар суроо-талапка ылайык өнүгүүдө. Алсак, Кыргызстанда накталай акчаны колдонбой төлөм системасын колдонууга киргизүү максатында, Улуттук банк менен республика аймагында иштеп жаткан 11 коммерциялык банктын биргелешкен күч-аракетинин аркасында 2004-жылы “Банктар аралык процессинг борбору” жабык акционердик коому түзүлгөн, ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле бюджеттик процессти автоматташтыруу милдеттерин ыкчам чечүүнү, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жагында иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы да иштеп жатат.
Учурда накталай эмес акчанын жүгүртүлүшүн көбөйтүү максатында, төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча платформанын түрлөрү сунушталган. Алсак, онлайн-платформалар кардарларга жактырганын алуу үчүн банктар менен кардарлар ортосундагы “көпүрө” милдетин аткарышат. Ал эми банктардын санарип платформалары финансылык уюмдарга жана керектөөчүлөргө онлайн форматта ар кандай операцияларды жүргүзүүгө өбөлгө түзүшөт. Колдонууга жөнөкөй, каалаган убакта кирип, депозит ачуу, жабуу, кредит алуу ж.б. кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк берген платформалар. Алар санарип багытында кызматтарды сунуштоодогу атаандаштыкты өнүктүрүү менен төлөм системасынын замандын талабына ылайык өсүшүнө түрткү беришүүдө.
Банк системасындагы ар бир жаңы киргизилген жана иштеп жаткан инструменттер улам жакшыртылып отуруп, калктын суроо-талабына акырындык менен жооп берген жана мезгилдин талабына ылайык келген инструменттерге айланууда. Комбанктар тарабынан төлөм терминалдары жыл сайын керектөөгө ылайык сырттан алынып келип, калктын пайдалануусуна берилип жатат. Мындан сырткары, ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн мобилдик тиркемелер иштелип чыгып, электрондук капчыктар, интернет-эквайрингдер азыр активдүү колдонулууда. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилери менен төлөө ыкмасынын ыңгайлуулугу боюнча маалыматтар калк арасына кеңири тараган. Муну менен банктар экономиканы өнүктүрүү жагында өздөрүнүн болгон салымын майнаптуу кошуп жатышат.
Жыйынтыктап айтканда, 1924-жылдан тартып өз ара эсептешүүлөрдү гана жүргүзгөн чакан кассалар бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бараандуу банк системасын түзүп, ал акча-кредит саясаты, валюта саясаты, акча белгилери, эл аралык резерв, төлөм системалары боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келет. Улам жаңы түшүнүктөр киргизилип, өнүгүп отуруп учурда санарип акча чыгаруу демилгеси да көтөрүлгөн.
Кыйын кезең, курч саясий абалды баштан өткөрсө да, убагында мамлекеттүүлүгүбүзгө чыйыр салган чыгаан эр-азаматтардын арты менен түзүлүп калган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан тартып азырга чейин келип жеткен кыргыз банк системасы бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын маанилүү жана ажырагыс бир бөлүгүн түзөт.
Макала Улуттук банктын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан даярдалды