Медет агай менен сырттан тааныш болгонум менен бет-маңдай жолугуп сүйлөшүп көргөн эмес элем. Арийне, агай тууралуу эл ичиндеги позитивдүү кептерди угуп жүрчүмүн. Агайдын үй-бүлөсү футболдук династиядан тураарын жакындары бүт билер. Бирок, жакындан таанышкандан кийин бул инсандагы көп баалуулуктарга күбө болдум. Көрсө, Медет агай ачылбай жүргөн футбол философу экен. Болгондо да кыргыз футбол тарыхын изил-деп жүргөн, ошону менен дем алып, ошону менен жашап жүргөн сейрек инсан болуп чыкты. Өкүнүчтүүсү, Медет агай өзүн өзү коомчулукка “сатканга” кызыктар болбогондуктан спорттук журналистикада этибар алынбай, ушул кезге чейин өз баасын албай келе жатканы болду. Японияга кызматка чакырылып бара жатканыма байланыштуу жана убакыттын тардыгынан бул киши менен эки гана жолу жолугуп сүйлөшкөнгө жетишип калдым. Футбол дүйнөсүнүн “ходячий энциклопедиясы” менен футбол тууралуу баарлашкан маегимди окурман сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Ал анык кыргыздын көк жалы
“Адам баласы эки нерседен жаңы-лбоосу керек экен: жашоонун ысык-суугунда бирге боло турган түгөйүнөн, анан тандап алган кесибинен. Футбол – менин жашоомдун мааниси, өзөгү да болду. Кесип катары тандайын деп мектептен кийин Дене-тарбия институтунун футбол бөлүмүнө киргим келчү” – дейт агай. Агай биринчи жылы максатына жетпей калып армияга кетүүгө аргасыз болот. Ата Мекен алдындагы ыйык милдетин өтөп келип кайра эле ошол футбол бөлүмүнө тапшырат. Анда да ийгилик жылмайбай экзаменден кулап, даярдык бөлүмүнө тапшырууга аргасыз болот. Ошентип мектепти бүткөндөн 6 жылдан кийин көгөрүп отуруп 1978-жылы Дене-тарбия институтунун Педагогика факультетинин Футбол кафедрасына кирет. Айна жеңеге үйлөнүп, 1982-жылы окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрөт. Агайдын айтымында, ошол учурда Фрунзеде тымызын национализм болгондуктан 25 группалашынын үчөө гана кыргыз болуптур.
Окуу жайды аяктап иштей баштаганда деканы Адылбек агай, ректор Бейше агай Москвага аспирантурага барып окуп келүүнү, астейдил сунуштайт. Медет агай турмуштан кыйналганына карабай окууга жөнөйт. Москвада деле аны бирөө күтүп, чекесинен сылаганга даяр эмес эле. Ал аз келгенсип ал жактан да футболго азырынча орун жок дешип, аны чөп үстүндө ойноочу хоккейге кошуп коюшат. “Сабырдын түбү сары алтын” болуп акыры ары сабырдуу, аракетчил студентти жетекчиси Евгений Васильевич футболго алып, насаатчы катары өз тарбиясын бере баштайт. Баш аягы билинбеген Россиянын борбор калаасында жалгызсырап, материалдык жактан кыйналганына кайыл болгон ал Москванын “Торпедосунун” курамында жүрүп илимий иштерин жазууну баштайт.
“Торпедонун” базасында жүрүп каарманыбыз дүйнөлүк футболдо чоң орду бар Киевдин “Динамо” курама командасынын мүчөлөрү менен илимий ишинин алкагында мамиле түзүп калат. Легендарлуу Валерий Лобановский, Олег Блохин, Балтача, Заваров, Игорь Беланов, Василий Рац, Виктор Чанов, Демьяненко менен замандаш эле болбостон, алар менен мелдештерге барып, илимий ишине талдоо жүргүзүүдө да чоң тажрыйба алат. Ошондой эле СССРдин жана дүйнө футболунун легендасы Лев Яшин, Эдуард Стрельцов менен катташып, алар изилдөө объектисине айлангандыктан ар биринин мүнөзүнө чейин биле баштайт.
Ошентип жомоктогудай шартта иштеген Медет агай 1989-жылы аспирантурасын ийлгиктүү аяктап, илимий ишин ийгиликтүү коргоп, илимпоз катары Кыргызстанга кайтып келет. Жетим чоңойгон айылдык бир кыргыз жигит орусташкан Фрунзеден эле эмес, ал убакта ойго да келбеген Москвада СССРдин катталуу, тымызын улутчулдук, тоталитаризм сыяктуу тоскоолдуктарына карабай илимий ишин коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты болуп келип жатат. Бул жетишкендикти чыныгы жигиттик мүнөз, анык кыргыздын көк жалдыгы, туруктуу, сабырдуу, тайманбас, майтарылгыс мүнөзү эмей эмне десе болот? Эмне үчүн биз бүгүн мындай өз киндигин өзү кескен, көп кыйкырбаган, жөнөкөй тирүү легендаларды көрбөйбүз!? Бул Медет агайдын жашоосунун чоң даңгыр жолго түшүүдөгү башаты гана болгон.
Кыргыз футболунун тарыхы жазылат
Медет агай 1994-жылы биринчилерден болуп Кыргыз кичи футболунун негизделишине салымын кошот. “Башында 7-8 “чала-командалар” түзүлгөн. Эрежелерди толук билбейбиз, чоң футболдун тобу менен ойной баштадык. Ал кезде президенттин пресс-секретары Каныбек Иманалиев туңгуч президентибиз Аскар Акаевге бизди сунуштап, колдоо таап кеттик. Андан кийинки стратегия банкирлерге бурулган. Акча болгон үчүн банктардын арасында команда негиздеп, кичи футболдун масштабын кеңейтип кеттик”, – дейт агай.
Бул инсанды угуп отуруп анын кыргыз футболун өнүктүрүү боюнча стратегиялык көз карашына суктандым. Айрымдары мен ойлоп жүргөндөй дал келип чыкты. “Тойота” компаниясынын “лидерлерди анализде” деген стратегиясы бар. “Лексусту” АКШ базарынын люкс сегментине киргизерден мурун “Мерседес” менен BMWны чачып алып, ийне жибине чейин талдаганын окуп жүрөбүз. Анын сыңарындай, Медет агай кыргыз футболун алгач өспүрүмдөрдөн түптөп, футбол боюнча Азия лидерлери болгон Япония менен Ирандан топ класстагы тренерлерди чакырат. Ошондон уламбы, бир күнү мени кыргыз өспүрүмдөр футбол командасына тренер катары жумушка чакырды. “Футболду түшүнөсүз, Азия боюнча Япония футбол боюнча эң өнүккөн өлкөнүн бири. Япон тренер чакырып жаңы муунду өстүрүп чыгарыңыз, мен штатка сизди киргизгенге өбөлгө түзөйүн” – деди. Мындай күтүлбөгөн сунушка, ишенимге абдан ыраазы болдум. Чынында азыр, кыргыз футболунун материалдык базасы жакшырып, стадиондор салынып, эл аралык деңгээлдеги стадиондордун курулушу да башталды. Эми менталдык жактан сапаттуу футбол философиясын сиңирген жаңы муун өсүп чыкса биз дүйнө футболунан татыктуу ордубузду табабыз деп ишенем. Анда кыргыз футболунун тарыхын жазуучулардын бири – Медет агай менен да иштешер учур келер.
Футбол стратегиябызды так айткан адис
“Голландиялык Ринус Михелс деген тренер болгон. Анын футбол философиясын кыргыз футболу эске алып, бирок өзүнө гана таандык болгон кыргыз стили иштелип чыгышы керек. Чынында, Ринус Михелстин “тоталдык футбол” деген доктринасына ылайык универсалдуулук, физикалык функционалдуулук мүнөзгө ээ. Бу деген жалпы командадан (жамааттан) коргоочу коргонуу менен гана чектелбей, чабуулга, жарым коргонууга, ал эми чабуулчу артка кайтып, коргонууга да дарамети жеткендей тоталдык, функционалдуу футболду ойношун талап кылат. “Динамонун» негизинде курулган СССРдин курама командасынан да Валерий Лобановский ушундай ойноону талап кылган, бүт команда менен коргонуп, бүт команда менен чабуул жасаганга үйрөткөн. Мисалы, 1988-жылы Голландия Европа чемпиону боло алса, СССР Лабановскийдин жетекчилиги алдында вице-чемпион болгон. Ал “Я рожден для украинского футбола, я работаю для украинского футбола” деген сыяктуу эле “Кыргыз футболу үчүн туулгам, ал үчүн өмүрүмдү арнап, иштейм” — деген тренерлерди чыгаруунун үстүнөн иштешибиз керек — дейт кыргыз футболу дегенде ичкен ашын унуткан Медет агай. Ошол себептен бул киши тренерлерди да футбол тарыхы бар, футбол стили дүйнөдө таанылып, ордун тапкан өлкөлөрдөн көбүрөөк чакырып иштешсек деген ойлору менен бөлүштү. Ошентип стратегиялык багытты так айткан Медет агайга дагы бир ирет тан бердим.
Төбөсү бийик төртүнчү пайлар
“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, экс-экономика министри, Эмил Үмөтаалынын “Улгайганда да жаштардай болуп кол кармашып сүйүшкөн үч эл пайды көрдүм” дегени бар. Ээрчишип жүргөн балким төртүнчү пайлардан болушу мүмкүн Медет агай менен Айна жеңе. Анткени агай менен биринчи ирет чайлашканымда да, экинчи ирет жолугушканда да дайыма жеңебизди ээрчитип жүрдү. Үйлөрүнө конокко барсам деле үй ээлери катары экөө сыйын көрсөтүшүп чогуу болушту. “Ылайым ушундай сүйүү коштосун баарын” деп ойлоп койдум ичимден. Көңүлдү кушубак кылган, балалыгымдын асманына учурган, футбол оюнун жакшы билгенин далилдеген, көкүрөк какпаган адамдын маегинин жарымы менен гана бөлүштүм.
Мен да Медет Букуев агайдай футбол деп күйүп, ыйлаган күндөрүм болгон. Ала-Тоомдон алыс Японияда сиз менен болгон маекти угуп, өз жан-дүйнөмдөн сыдырып, дагы жолугушканча башка футбол күйөрмандарына тааныштырып коюну милдетим дедим. Анан калса белгилүү жазуучу, журналист Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” – деп жазганын эл учкул сөзгө айлантып алган эмеспи. Менин жеке оюмда “Кыргыз өңү Букуевдин өңүндөй” деп айтсак да жаңылышпайбыз деп ойлойм жана эсептейм.
Тарых чындыгын калыбына келтирүүгө мендей жаштар чыгып жатат. Кичи футболдогу сиздин ордуңузду окурмандар ынанаарлык чагылдыра алсак, Мекен алдындагы милдетти ар кимибиз аткарган болоор элек.
Сейтек КАЧКЫНБАЕВ,
эл аралык алакалар боюнча координатор