Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу, журналист, публицист Мундузбек Тентимишев -“Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин басып жүргөн энциклопедиясы. Өзү да ушул гезитте иштеп, кыйла кызматы өттү. Гезиттин тарыхына байланыштуу көптөгөн публицистикалык макалаларды, китептерди жазды. Бүгүнкү күндө “Эркин Тоо” гезити кайсы мезгилде, кандай шарттарда чыкканын, кимдер иштегенин Мукебизден артык билген эч ким жок деп сыймык менен айта алабыз. Төмөндө белгилүү калемгер менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.
– Мундузбек агай, “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп жүргөн жылдары гезиттин тарыхын китеп кылып чыгарган экенсиз. Улуттук туңгуч басылмабыздын түптөлүү тарыхы тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
– 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими чыккандан кийин Ташкенттен кыргыз тилинде гезит чыгарабыз деп калышат. Гезиттин жооптуу редактору кылып Осмонкул Алиевди, орфографиясына жооптуу кылып Кусейин Карасаевди, корректорлукка Мустапа Акматовду бекитишкен. Ал эми гезит чыгаруу иштери менен мурдатан тааныш болгон Сыдык Карачевди Караколдон чакыртышып, жооптуу катчы кылып дайындашкан. Кыбачы менен 24 тамгабыз болгону менен аны басмаканада коргошунга кантип куябыз, же Ташкенттеги басмаканада кыргыздар болбосо деп түйшөлүшөт. Кусейин Карасаев менен Мустапа Акматов канчалык окуп, оңдоп беришкени менен басмаканада иштеген өзбек, татар наборщиктер ката басып же өз тилине бурмалап салышкан.
Ошондо орус, татар тилдерин мыкты билген, мурдатан гезит чыгаруу иштери менен тааныш Сыдык Карачев татарларды алдап-соолап, акча-тыйын карматып олтуруп, кыргыз сөздөрүн туура бергенге, катасыз чыгарууга бар күчүн жумшаган. Ошончо кыйынчылык менен гезитти бүтүп басууга берсе, басмакана өзбек, казак гезиттерин басып, “кыргыз гезити 1000 эле нуска менен чыгат, булар шашпайт” деп, баспай убара кылышкан. Жетекчилерди ортого салып, талаш-тартыш менен «Эркин Тоонун» 6 санын Ташкентте чыгарып, 7-санын Фрунзеден чыгарышкан.
Бул жакка келгенде эле баары шайма-шай болуп кеткен эмес. Ал кезде Фрунзеде дагы басмаканада иштегендердин баары башка улуттагылар болгон. Кудай жалгап татарлардын тили биздикине жакын болгону үчүн аларга кыргызча үйрөтүп атып, азап-тозок менен гезитти чыгарып турушкан. Ал кезде атайын башкы редактор дайындашкан эмес, обкомдо же башка жетекчи кызматта иштеген кишини эле редактор кылып дайындап коюшкан. Редакторлор саясий жагын эле карашканы болбосо, гезиттин түйшүгүнүн баарын Сыдык Карачев өңдүү жооптуу катчы журналисттер бүтүргөн. Ал киши көп айтылбай жүрөт, бирок кыргыздын биринчи профессионал журналисти экенин тарых тастыктап турат.
20-жылдардын аягында гезиттин аты «Кызыл Кыргызстан» болуп өзгөрөт. Ал кезде өзүбүздүн кадрлар такшалып, басмаканада иштей баштаган убак. Убакыттын өтүшү менен жер-жерлерде кабарчылардын активдүү топторун негиздей башташкан. Түштүктө жергиликтүү кабарчылар болбогондуктан, ал жакка Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Мамасалы Абдукаримов, Кубанычбек Маликов өңдүү журналист-кабарчыларды жиберип турушкан.
Ушундай оор күндөрдү башынан кечирип олтуруп, 1928-жылы латын тилине, 1940-жылдары орус тамгасына өткөн. Айтууга оңой болгону менен бул дагы өтө чоң мээнетти талап кылган. Бул жактан орус тамгасы менен гезитти чыгарганы менен айылдагы элдер окуй албай кыйналышкан. Алгач, жарым-жатылай латынча, жарым-жартылай орус тамгасы менен берүүгө аргасыз болушкан. Акырындап олтуруп Улуу Ата Мекендик согуш аяктаганда элибиз толугу менен орус тамгасына өтүшкөн.
– “Кыргыз Туусунда” кайсы жылдар аралыгында иштедиңиз? Ошол учурдагы чыгармачыл жамаат, журналисттер тууралуу айта кетсеңиз?
– Журналисттик жолум 1979-жылы жаштардын республикалык “Ленинчил жаш” газетасында башталган. Тагдыр экен 1999-жылы кайра “Кыргыз Туусуна” саясий баяндамачы болуп келип, 2005-жылга чейин иштедим. Биздин учур абдан кызык эле. Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгы да белгилене элек кез. Желек, гимн, герб, өңдүү улуттук атрибуттарыбыздын кабыл алынышын, эгемен мамлекетибиздин түптөлүү процессин журналист катары чагылдырып жүрдүк. Баа-рыбыз кыялкеч, эмоционалдуу, романтик болчубуз. Ошол учурда “Оштун 3000 жылдыгы”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы” өңдүү тарыхый окуяларга кайрылганыбызда, айланып-айланып эле «Кыргыз Туусуна» келип такалып аттык. Себеби, кыргыздын тарыхын “Кыргыз Туусунан” бөлүп кароого болбойт эле.
“Кыргыз Туусунун” жамааты да менин оюмдагыдай болуп чыкты. Акын десең акын, прозаик десең прозаик, эң сонун кишилер менен кесиптеш болдум. Башка кесиптен келген кызматкерлер да көп эле. Негизи эле “Кыргыз Туусунда” иштегенге баары кызыкдар болчу. Себеби, кызыктуу чыгармачылык жамаат, жагымдуу атмосфера тартып турчу. Эмгек тартиби сакталчу, бирок, каалаган темаңды жазууга эркиндик берилчү. Болот Бейшеналиевдин ырларын, Жалил Абдыкадыровду, Бүбүсара Бейшеналиевага, манасчыларга байланыштуу көп кызыктуу нерселерди алып чыктык. Таланттуу кишилердин айтылбай жүргөн жактарын, эмгегин элге сиңирип коюп билинбей жүргөн инсандарды жазып чыктык. Гезитте иштегендердин көптөрү такшалып, мамлекеттик сыйлыктарды алып, китептерин чыгарып, жогорку кызматтарга кетишти.
– “Кыргыз Туусунун” тарыхына кандайча кызыгып калгансыз?
– “Кыргыз Туусу” деген аты эле кандай? Кыргыздын духун, рухун көтөрөлү деген идея берип турчу. Мен саясатты баш кылып экология, кедейчилик, транспорт өңдүү ар кыл социалдык темаларды жазып жүрдүм. Ал кезде “Эркин Тоону” чыгарууга катышкан Кусейин Карасаев өңдүү согушка чейин, согуштан кийин гезитте кабарчы болуп иштеген айрым адамдардын көзү тирүү эле.
Мени ошол адамдардын тагдыры кызыктырып, жазып гезитке сандан-санга баса баштадык. Карасам эле атайын очерктер сериясы даяр болуп калыптыр. Адамдардын тагдыры боюнча жаза келгенде эле “Эркин Тоонун” тарыхы кошо жазылды десем болот.
80 жыл аралыгындагы элибиздин бүт турмуш окуялары гезит бетинде чагылдырылган экен. Мисалы, согуштун башталышы, бүтүшү, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, андан кийинки Кыргызстандын жетекчилеринин тагдыры гезит беттеринде калган экен. Гезиттин бир жакшы жери документ болуп калат да. Ага караганда телерадиолордо бир көрсөтүлүп эле калып калат эмеспи. Анан 80 жылдыкка жакындаганда ошол кездеги гезиттин башкы редактору Абдиламит Матисаков муну китеп кылып басып чыгаралы деп калды. Китепке кыргыз тарыхына байланышкан башка очерктерди да кошуп, басып чыгардык. Ага чейин да редакцияда иштеп турганда Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгына арнап “Токтой турчу жол карайын Ата-Журт” деген китеп чыгарганбыз. Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгы деле айланып келип ушул гезитке байлангандыктан, анда да “Эркин Тоонун” тарыхына кайрылганбыз.
“Эркин Тоонун” биринчи санында Ишенаалы Арабаев жазып атпайбы: “…Кыргыз кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан, артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!…” деп жазат эмеспи.
Анын сыңарындай кыргыз элинин турмушу, арыз муңу, кайгысы, кубанычы жана кыргыз тарыхы “Кыргыз Туусунун” беттеринде чагылдырылып турган.
– Сиздин көптөгөн кызыктуу адамдар менен болгон маектериңиз, публицистикалык макалаларыңыз бар. Аларды “Кыргыз Туусунда” иштеп жүргөн жылдары жаздыңыз беле?
– Ооба, учурунда көптөгөн залкар адамдар менен маек уюштуруп, “Кыргыз Туусуна” чыгарып жүрдүм. Кызык жери, атактуу кишилердин маданияты канчалык терең болсо ошончолук жөнөкөй болот. Алар менен сүйлөшө келгенде атактуу экенин деле унутуп каласың. Мисалы, Чыңгыз Айтматов, Мухтар Шаханов, Мирсаид Миррахимов өңдүү атактуу адамдар менен бир канча жолу баарлашып маек алдым. Бир жолу Мухтар Шахановдон интервью алганы барып калдым. Ал кезде диктофон жок болгондуктан айтып бергендеринин анча-мынчасын ручка менен жазып алдым. Макаланы даярдап кайра окутайын деп барсам, “Мен антип айткан эмесмин” дейт. Чынында эле мен кошумчалап, көркөмдөп койгон элем. Ал кезде баарын эсибизде сактап калганга аракет кылчубуз.
Күлүйпа Кондучалова эже менен да аялдар маселесин көп көтөрдүм. Күлүйпа эже өзү журналисттерди жакындаткан киши эмес эле. Бир жолу Улуттук китепканада Алыкул Осмоновго байланышкан жолугушууда эже менен таанышып, анан мени президиумга чакырып калды. Көрсө, эже Алыкул ашык болгон Айдай деген кыз менен педтехникумда бир бөлмөдө чогуу жашаптыр. “Айдай башка жигитти сүйчү, Алыкул Айдайды сыртынан сүйчү. Мен баарын эле билем. Ал түгүл Алыкулдун жубайы Зейнеп менен курсташ болгом”, – деп айтып берди. “Эже, эмнеге бизге айткан жоксуз, калп жаздырып?” десем. “Силер менден сурабасаңар кайдан?” дейт. Сүрөттөрүн берди, дагы көп кызыктарын айтып берип аларды гезитке чыгарганбыз. Анан аялдардан чыккан биринчи хирург Какиш Рыскулова эже дагы көптөгөн кызыктуу тагдырларды айтып берген эле.
Ошону менен “Кыргыз Туусунда” иштеген жылдарым жемиштүү эле болду окшойт. Эми, “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) чыга баштагандан бери кимдер гана иштеген жок. Кыргыз журналистикасынын пайдубалын ошолор түптөп кеткен. Өкүнүчтүүсү, өтө татаал тагдырлар болгон. Көптөрү кийин репрессияга кабылган. Бир далайы согуштан кайтпай калышкан. Мени бир жагынан ушул тагдырлар кызыктырды. Бул түгөнгүс тема. Азыр мен китепканага барып сакталып турган гезиттин түп нускаларын кайрадан барактап чыксам деп ойлонуп олтурам. Тилекке каршы биздин тарыхчылар ошол гезиттерди ачып көрө элек. Кандидаттык, докторлук иш жазгандар эле анча-мынча кайрылбаса, атайын кайрылгандар жок. Бир эле теманы алып алып ошону «Кыргыз Туусунун» басып өткөн 100 жылдык тарыхынан карап көрсө эле өзүнчө докторлук иш болуп калат эле деп ойлойм.
Мен “Кыргыз Туусунда” иштеп кеткенден бери 20 жылдай убакыт өтүп кетиптир. Көп окуялар болду. Биз туура эмес, чала иштеп калган иштер деле көп болуптур. Бирок, кыргыздын духун, рухун алып чыгабыз деген негизги оюбуз туура болгон экен.
Мына «Кыргыз Туусунун» 100 жылдыгы алдыбызда турат. Үй-бүлөдө деле тун бала абдан сүйкүмдүү, ата-эненин эң көп көңүл борборунда болгондой эле улуттук туңгуч басылмабыз «Кыргыз Туусунун» да орду ошондой чоң.
Өкмөт тарабынан, Президент тарабынан «Кыргыз Туусуна» биринчи кезекте көңүл бурулушу керек деп ойлойм. Себеби, “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) бул катардагы эле гезит эмес, бул биздин флагманыбыз.
– Ошол учурдагы гезит чыгаруудагы кыйынчылыктарга да кыскача токтоло кетсеңиз?
– Азыр компьютер менен эле баарын бүтүрүп коюп атпайбы, ал кезде коргошун менен иштечүбүз. Иштин баары бүттү, гезит даяр дегенде жогору жактагылар сүйлөп салат, анан таң атканча кайра жазып, даярдап эртең менен кетчүбүз. Азыр компьютердин жардамы менен 90% иш жеңилдеди деп ойлойм. Ушундай кыйынчылыктар да болду. Өткөндү да эстей жүрүш керек албетте.
Маектин видеоверсиясын «Кыргыз Туусунун» сайтынан жана ютуб каналынан көрүңүздөр
Айгерим Качкынбекова,
“Кыргыз Туусу”