Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Маматибраим СУЛТАНОВ: “Кыргызстандa алгачкы азиз машыктыруучу болсом дейм”

8-сентябрга чейин улануучу Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргоп, мелдештерге катышууда. Алардын бири Кыргызстандын улуттук командасынын капитаны, парадзюдочу Маматибраим Султанов 6-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө 73 кг салмакта таймашууга чыгат.

Ал Кыргызстандын тарыхында азиздер арасында дзюдо боюнча олимпиадада өлкө намысын коргой турган алгачкы майып спортчу. Маматибраим Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Аны менен кабарчыбыз Парижге аттанаар алдында маектешкен.

– Мен 27 жаштамын, 2019-жылдын күз айларында парадзюдо менен машыга баштагам. Тилекке каршы, 2020-жылы коронавируска байланыштуу 6-7 ай шарт жок болуп калды, кайра 2020-жылдын күз айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин машыгып келем.

– Мурда спорттун башка түрү менен машыккан белеңиз?

– Менин көзүм көрбөй калганына жетинчи жылга кетип жатат. Көк бөрү ойноп жатып, улакты жерден эңип жаткан учурда ат коюп кетип, башым менен жыгылгам. Ошондон кийин башым ооруп, көрбөй калдым. Көрүп жүргөн кезимде бокс менен машыкканмын, дзюдого бир-эки ай барып, жакпаганынан барбай калганмын. Бирок, көзүм көрбөй калгандан кийин чыныгы дзюдонун философиясын түшүнүп, кайрадан машыгууга келдим.

– Дзюдо сизди эмнеси менен тартып алды?

– Көрбөй калгандан кийин мен өзүмдү үй-бүлөдө ашыкча түйшүк катары сезип кетип, кыйын учурларды башымдан өткөргөм. Москва шаарына дарыланууга барып, көптөгөн адамдар менен сүйлөшүп, алардын арыз-муңун угуп отургандан кийин оорудан азап чеккен алардын абалын сезип,  ошол эле убакытта менин кайгым алардын алдында жеңилдей сезилди. Ошол күндөн тарта көзүмдүн көрбөсүн кудайдын буйругу катары кабыл алып, эмне менен алектенсе болору жөнүндө ойлонуп, издене баштадым.

Кыргызстанда Гүлназ Жүзбаева эже жетектеген Азиздер федерациясы бар экен, алар көзү көрбөгөн кыздар-балдарды өз алдынча жашоого үйрөтөт дешти. Гүлназ эже мени өз алдынча жашоого шыктандырып, ал жерде мен алты ай окуп, өз алдынча таяк менен басканды, уюлдук телефон колдонгонду, Брайль ариби менен китеп окуганды жана жазганды, бирөөгө көз каранды болбостон өз алдынча жашаганды үйрөндүм. Алты ай реабилитациядан өтүп, көзү көрбөгөндөр чуркаса, сууга сүзсө, велосипед тээп, спорт менен машыкса болорун билдим. Азиздер үчүн дзюдо күрөшү бар экенин да уккам. Бирок, буга чейин “дзюдо менен көзү көрбөгөндөр машыгат” десе күлкүм келген. Өзүм спортко жакын болгондугуман дзюдо жүрөгүмдөн орун алды.  Ошондуктан мен парадзюдо ийримине эч ойлонбостон барып, бүгүнкү күнгө чейин машыгып келе жатам. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Эки жолу Азия чемпионатында коло медаль алдым. Эң алгач 2021-жылы эл аралык аренада өлкөбүздү тааныттым. 2023-жыл Португалияда Эл аралык Гран-при мелдешинде, ошол эле жылдын жаз айында Астана шаарында ПараАзия чемпионатында коло байге уттум. Эми Паралимпиада оюндарына жолдомо алып,  байгелүү орун алуу максаты алдыда турат.

– Сизге кимдер демөөрчү болуп колдоо көрсөтүп келе жатат?

– Кыргызстандын азиздер федерациясы колдоого алып, эл аралык аренага чыгышыма демөөрчү болуп келген. Кийин ишкер Райымбек Мааткабылов жетектеген Парадзюдо федерациясы жана менин машыктыруучуларым себеп болду. Былтыр Пара-Азия чемпионатында медаль алганыбызга байланыштуу мамлекет бизге стипендия бөлүп берип, андан сырткары өзүмдүн үй-бүлөм колдоп турат. Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасы болом.

– Кайсы жердин кулуну болосуз?

– Өзгөн районунун Көлдүк айылында төрөлүп, ошол жерде балалыгым өткөн. Атамдын бир тууган эжеси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Жаркын Темирбаева көзү тирүүсүндө мага батасын берип, кеп-кеңештерин айтып калчу. Айылдагы мектепте төртүнчү класска чейин окуп, ата-энем Бишкек шаарына көчүп келгендиктен, орто мектепти бул жактан бүтүргөм. 11-классты аяктаганымда көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Жогорку окуу жайга тапшырып, тилекке каршы, окуй алган жокмун. Азиздер үчүн жогорку билим берүүчү окуу жайлар Кыргызстанда жоктугу көйгөй болууда. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында атайын майып спортчуларды, азиздерди окутуп, билим берүүчү бөлүм ачылса, ага тапшырып, Кыргызстандын алгачкы “азиз машыктыруучусу болсом” деп тилек кылып жүрөм.

– Азыр сизди ким машыктырып, бул спорттун сырын, ыкмаларын үйрөтүүдө?

– Кыргызстандын парадзюдо боюнча башкы машыктыруучусу Канатбек Ильмановдон таалим-тарбия алып, бул күрөштүн ыкмаларын үйрөнүп жүрөм.

– Спорттон башка дагы эмнеге кызыгасыз?

– Спорттон сырткары бош убактымда китеп окуганга мүмкүнчүлүгүм жок. Себеби, азиздер үчүн Брайль ариби менен чыккан китептер жетиштүү эмес. Менин көңүлүмө жаккан китеп жок болгонуна байланыштуу аудио китептерди, күн сайын болбосо да эки күндө бир укканга аракет кылам. Анткени китеп окуп, өзүмдү өстүргүм келет, диний жана тарыхый китептерге басым жасайм.

– Паралимпиада оюндарында негизги атаандаштарыңыз кимдер болмокчу?

– Паралимпиадада дзюдо боюнча 4 салмакта: 60, 73, 90 жана 90дон жогору салмак категориясында күч сынашуулар болмокчу. Бизде дагы 2 категорияга бөлүнгөн: Ж-1де көзү азиз эч нерсени көрбөгөндөр мөрөй талашса, Ж-2 категориясында болсо көзү начар көргөндөр күрөшөт. Мен Ж-1 категориясында 73 кг салмакта өлкөбүздүн намысын 6-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө коргойм.

Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 13 азиз балбан күрөшөбүз. Негизги атаандаштарым Румыния, Германия, Италия, Португалия жана Казакстандын өкүлдөрү болмокчу. Алар бардык эл аралык Гран-при турнирлерине катышып, чеберчилигин жогорулатып, табында турган учуру. Ошондой болсо дагы намысты колдон чыгарбай, байгелүү орун үчүн аракет кылам.

Паралимпиадага аттанаар алдында Кыргызстандын туусу команданын капитаны катары мага тапшырылышы чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөп, көп нерсеге милдеттендирип койду.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар