Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Көчмөндөр оюндарынын көркү көк бөрү болмокчу

8-13-сентябрда Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп, кийинки эстафетаны Өзбекстан алганы турат.

Бул ирет Көчмөндөр оюндарынын жадыбалына көк бөрү кирбей калып, көпчүлүктү кабатыр кылган эле. Анын ордуна казактардын эрежеси боюнча көкпар өткөрүлөөрү маалымдалган. Бирок, бул маселе Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга апрелдеги иш сапарында чечилип, көк бөрү оюндардын жадыбалына кошулганы күйөрмандарды сүйүнттү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурула баштагандан тарта көк бөрү боюнча мелдештер дайыма өткөрүлүп келген. 2022-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда өткөндө көк бөрү жана көкпар боюнча өзүнчө мелдештер уюштурулган. Бул ирет да ушунда болмокчу.

Көчмөндөр оюндарында спорттун 20 түрү боюнча таймаштар өтмөкчү. Алар: алыш күрөшү, ашырылма ава гюреши (Түркия) , аламан байге, овари (африкалыктардын акыл оюну), асык (чүкө) атуу, тыйын эңмей, күрөш (өзбек бел боо күрөшү), казак күрөшү, жаа атуу, ордо, ссирым (кореялыктардын бел боо күрөшү), таяк тартыш, аркан тартыш, оодарыш (эр эңиш), мангала (түрктөрдүн акыл оюну), тогуз коргоол, жамбы атуу, көкпар, көк бөрү, күчтүүлөр сынагы (көчмөндөрдүн улуу күрөшү), мүнүшкөрлүк (куш салуу).  Жалпысынан 110 комплект медаль ойнотулат.

Алгач 100дөн ашуун өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүп жаткан. Бирок, жазындагы суу ташкындын кесепетине байланыштуу катышуучулардын саны кыскартылды.

«Быйылкы табигый кырсыктарга байланыштуу президенттен кыскартуулар боюнча тапшырма алганбыз. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, иштедик. Негизги кыскартуу катышуучуларга байланыштуу болду. Буга чейин 4000 катышуучу келет деп пландасак, азыр алардын санын 3000ге түшүрүп атабыз. Ошентип, катышуучулардын санын кыскартып отуруп, каражатты да үнөмдөйбүз», – деди Казакстандагы оюндарды даярдоо жана өткөрүү дирекция-сынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаев.

Көчмөндөр оюндарына 100 миңдей турист келет деп божомолдонуп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жеңишбек Нурчоро уулу  билдиргендей, Кыргызстандан 175 спортчу катышат жана 58 жылкы алып барылат.

«Биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жыл башынан тарта даярдыктарды баштадык. Нооруз майрамынан бери спорттун салттуу түрлөрү боюнча чемпионаттарды өткөрүп, өзүбүздүн командаларды түзүп келебиз. Биздин бардык командалар бүгүнкү күнгө даяр», — деди Ж.Нурчоро уулу. Ал кошумчалагандай, аттарды ташуу жана тамак-ашы дирекция тарабынан каржыланат.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору болуп саналат. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III оюндар да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн.

Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга тапшырган.

Көчмөндөр оюндарынын көркүн ачып, дүйнө элин кызыктырган көк бөрү оюну Борбор Азия элдеринде популярдуу жана кеңири тараган. Өзбекстанда купкари/улок, Ооганстан жана Тажикстанда бузкаши, Казакстанда көкпар деп аталат.

Көк бөрү менен көкпарда айрым айырмачылыктар бар. Көк бөрүдө улакчылар 20 мүнөттөн 3 бөлүк ойнойт (жалпы 60 мүнөт), улакты тай казанга салат. Ал эми көкпарда оюн 20 мүнөттөн 2 бөлүккө (40 мүнөт) созулуп, оюнчулар улакты (улактын муляжын) жердеги тегерекке ыргытып ойнойт.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар