Сары-Өзөн Чүйдүн күн батышынан орун алган Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы мактанаарлык.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында алдыга коюлган пландары ашыгы менен аткарылды.
«Калкка кызмат кылуу, элдин жаркын жашоосун камсыз кылууда биринчи орунда ынтымак турат» – дейт Панфилов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бекмат МАСАИДОВ.
2024-жылдын I жарым жылдыгында Панфилов районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары болгон өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш жана башка тармактарды өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу боюнча иш чаралар кабыл алынып, жайкы талаачылык иштери өз учурунда жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жаңы ишканаларды ишке киргизүүгө, социалдык маданий жана тиричилик жактан тейлөөчү объектилердин курулушун аяктоого багытталган жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат.
2024-жылдын январь-июнь айларында райондун өнөр-жай тармагында 2228,7 млн. сомго продукция өндүрүлүп, 2023-жылдын 6 айына салыштырганда 750,9 млн. сомго көп болуп, өсүү темпи 150,8%ды түзгөн.
Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышы 2024-жылдын 6 айында 1 млрд. 310 млн. 500 миң сом же өткөн жылдын отчёттук мезгилине салыштырмалуу 102,4%ды түздү (1279,1 млн. сом).
Баса белгилеп кетчү жагдай, Панфилов районунда Чакан ГЭСтердин курулушу жана Фрунзе айыл аймагынын Чалдовар айылындагы 23,43 га жер тилкесине “Валди” ЖЧКсы тарабынан күн батареяларын орнотуу күтүлүүдө.
2022-жылы Фрунзе айыл аймагынын Чалдовар айылындагы 46,0 га жер тилкеси Жылуулук электр станциясын куруу үчүн трансформацияланган.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын бири Панфилов районунун сыймыгы, улуу акын Алыкул Осмоновду дүйнө элине таанытуу жана райондо туризм тармагын өнүктүрүү максатында 2024-жылдын 15-июнунда Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аймагында республикалык масштабда уюштурулган эл аралык “Алыкул фест – 2024” иш-чарасы өткөрүлдү. “Алыкулду таануу” илимий борборунун өкүлдөрү жана түрк тилдүү 6 өлкөдөн келген адамдар катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарын аткаруу-
нун алкагында 2024-жылдын 6-июлунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде өткөн “KYMYZ-FEST-2024” этнофестивалына Панфилов районунун улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана жергиликтүү продукция-ларды жайылткан өнөрпоздор катышышты.
2024-жылдын 1-сентябрына карата 165 млн. сомго капиталдык оңдоо иштеринен өткөн 4 кабаттуу Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борбору ишке кирди. 15-Партсъезд кичи-районунда жаңы ФАП жана кичи-футбол аянтча ачылды. Чалдовар айылында жол коопсуздугун камсыздоо максатында 2 жол чырак орнотулду. Суусамыр өрөөнүнүн Панфилов районуна караштуу жерлеринин бир участкасында “Париж” мунарасы орнотулду.
Ирригация тармагында 41,7 млн. сомго “Джон” чарба аралык каналынын узундугу болгон 3,1 км участкасынын оңдоп-тазалоо иштери каралган. Учурда аткарылышы 24%ды түзгөн. 2024-2025-жылдары Кара-Тума декадалык жөнгө салуу бассейнине суу сордуруу жана 8 чакырым суу өткөрүүчү түтүктөрүн орнотуу үчүн насостук станция куруу үчүн долбоордук изилдөө иштери аткарылууда. “Ак Эрмен” суу сактагычында механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө азыркы күндө 182 560 м3 механикалык тазалоо иштери 40,2 млн. сомго аткарылды. Аткарылган иштердин пайызы 61%ды түздү. Калган иштери сугат мезгили аяктаганда улантылат.
Райондун инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2024-жылдын аягына чейин 14,5 км жолдорго асфальт төшөлүп, оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Чалдовар айылында көзөмөлдөө өткөрүү пунктунун айланасындагы территорияны иретке келтирүү, 700 метр узундуктагы автоунаа жолун реконструкциялоо үчүн 65 млн.сом бөлүнүп учурда иштер аткарылууда.
2024-жылдын аягына чейин райондун бардык социалдык объектилерине видео көзөмөл системасын орнотуу боюнча иштер уланат.
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылмурза БАЯЗОВА: «Айыл аймакта ирригация колго алынган»
Орто-Кайыңды айыл аймагынын аянты 56960 гектарды түздү. Вознесеновка, Эркин-Сай, Орто-Кайырма, Тельман, Букара, Кум-Арык – алты айыл биригип, Орто-Кайыңды айыл аймагында 2416 кожолукта, 11 611 – калк жашайт. Социалдык мекемелерден: 5 ЖББОМ, 4 бала бакча, 1 ФАП, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Ошондой эле 5 мини-футбол аянтчасы, 2 китепкана, 2 кафе-ресторан, 1 ашкана, 22 дүкөн калкка кызмат көрсөтүүдө.
Бюджеттин киреше бөлүгү
– Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү: 2024-жылга – 27082,2 миң сомду түзөт. Анын ичинен: жергиликтүү бюджет – 19039,8 миң сом, теңдештирүүчү грант – 6 417,4 миң сом, атайын каражаттар – 1625,0 миң сом.
2024-жылдын 1-жарым жылдыкка киреше бөлүгү 13295,6 миң сомду түздү. Анын ичинен: жергиликтүү бюджет – 9274,5 миң сом, теңдештирүүчү грант – 3208,6 миң сом, атайын каражаттар – 812,6 миң сом.
Айыл чарба
– Орто-Кайыңды айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлердин аянты – 11604 га. Анын ичинен сугат – 4661 га, кайрак – 5908 га. Дыйкан чарбалардын саны – 1315. Бүгүнкү күнгө 10212 га жер айдалып, анын ичинен: көп жылдык беде – 1780 га, буудай – 4808 га, арпа – 3806 га, жүгөрү – 259 га, кызылча – 144 га, беде – 100 га, сафлор – 3 га, кант кызылчасы – 170 га, картошка – 99 га, жашылча – 33 га себилди. Башкача айтканда жазгы талаа жумуштары 100% аткарылды. Бүгүнкү күндө дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү аягына чыгып калды. Буудайдын гектарынан орточо 35 центнер, 1650 гектар арпанын гектарынан 30 центнерден түшүм жыйналды.
Ирригация тармагы
– Ирригация тармагы: Орто-Кайыңды айыл аймагында 66,2 км каналдар жана 116,4 км арыктар бар. 2024-жылга 19,0 км каналдарды оңдоо, тазалоо пландалган болсо, факт түрүндө 33,1 км тазаланды. Анын ичинен 17,7 км экскаватор менен, 14,6 км жергиликтүү тургундардын күчүнүн аркасында кол менен тазаланып, 14 шлюз орнотулду. Бюджеттен 400,0 миң каралса, толугу менен колдонулду.
Социалдык коргоо
– 2024-жылдын февраль айында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон 33 үй-бүлөгө көмүр таратылды. 1-мартта “Ихсан Хайрия” фонду тарабынан жетим, жесир, аз камсыз болгон 90 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.
“Ас-Сафа” фондусу тарабынан 17 үй-бүлөгө көмүр берилди. Ал эми Ооган согушунун катышуучуларына, Чернобыль кырсыгынын жылдыгына карата, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча, Энелер күнүнө карата, аймактагы баатыр, көп балалуу 50 энеге акчалай жардамдар жана белектер берилди. Ал эми, ден соолугуна байланыштуу кайрылган жарандарга акчалай жардам
берилди.
Инвестиция тартуу
– Инвестиция тартуу боюнча: Орто-Кайыңды айыл өкмөтү тарабынан дем берүүчү грантка жалпысынан 4 долбоор өттү: “Вознесеновка ЖББОМ спортзалынын жана ашкананын чатырын алмаштыруу”, “Вознесеновка айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү”, “Кум-Арык айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү”, “Орто-Кайырма айылынын ички жолдоруна шагыл таш төгүү” долбоорлору.
Ошондой эле Панфилов райондук Өнүктүрүү фондусунан төмөнкү долбоорлорго каражат бөлүндү:
Эркин-Сай айылындагы К.Жуматаев атындагы ЖББМга эмеректерди алып берүү, Тельман айылына тигүү цехин ачуу, Кум-Арык айылына сугат сууну көбөйтүүгө пластик трубаларды алып берүү долбоору боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланып, утуп алган фирмалар менен келишимдер түзүлүп жатат.
Көрктөндүрүү жана аббаттоо
– Панфилов раймамадминистрациясынын 2024-жылдын 13-мартындагы №71 тескемесин ишке ашыруунун алкагында, Орто-Кайыңды аймагында айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу, аймактын калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында, Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-март айында №1 буюрмасы чыгарылган.
Айыл аймак боюнча, жалпысынан 1007 түп көчөт отургузулуп, көчөттөргө жооптуулар бекитилип, өз убагында сугарылып жана кайтарылууда. Андан тышкары, Вознесеновка айылындагы 3 км узундуктагы трассадагы, Эфиронос-Тельман жолунан 2 км жээктеги бактар буталды.
Ошондой эле республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, Кум-Арык-Гараж участогунун 3 км жол тилкесине толугу менен жаңы асфальт төшөө иши жүргүзүлдү.
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур АКПАРОВ: «Күрпүлдөк айыл аймагында инвестиция тартуу боюнча 15 долбоор киргизилди»
Күрпүлдөк айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу боюнча 15 долбоор киргизилген. Күрпүлдөк айыл өкмөтү боюнча 2024-жылдын I жарым жылдыгында – 176148,1 млн. сомго инвестиция тартылды.
– Күрпүлдөк айылынын К.Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк орто мектебинин имаратынын 2-кабаты дем берүүчү гранттын жардамы менен оңдоп-түзөө долбооруна тендер өткөрүлүп, бүгүнкү күндө ОсОО “Алтрейд” ишканасы жеңүүчү болуп аныкталды. Ушул эле мектептин жылытуу системасын капиталдык ремонттоого жана оңдоп-түзөө иштери боюнча дагы долбоорго тендер өткөрүлүп, ОсОО “Нюска“ ишканасы жеңүүчү болгондуктан, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп бүттү.
– Ровное орто мектебинин аймагын тосууга дем берүүчү грантка долбоор өткөрүлүп. Тендердин негизинде ОсОО “Бек Нур Курулуш“ компаниясы оңдоп-түзөө иштерин 100% жүргүздү.
Ж.Болотбеков атындагы Киров ЖББОМ жана Первомайское айылындагы совхоз ЖББОМ Чалдыбар мектептерине парталарды сатып берүүгө Панфилов райондук Өнүктүрүү фондусуна долбоор өткөрүлдү.
– Панфилов райондук Өнүктүрүү фондусуна Ровное ЖББОМ мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу жана от жагуу канасын жылдырууга долбоор өткөрүлдү.Тендер жарыяланып, жеңүүчү аныкталуу процессинде.
– Киров айылындагы “Тирегим” бала бакчасынын имаратын капиталдык ондоп-түзөө иштерине АРИС долборунун эсебинен ЖЧК “ЛОИ” подряды тарабынан 100% оңдоп-түзөө иштери аткарылды.
– Жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Алтын уя” бала бакчасына арка орнотуп жана брусчатка төшөөгө – 1126,7 миң сомго мамлекеттик сатып алуу жарыяланды.
– Панфилов райондук Өнүктүрүү фондусуна “Киров жана Октябрское айылдарына тигүү цехтерин ачуу” долбоорлору жактырылып, мамлекеттик сатып алуулар порталында чектелбеген ыкмасы менен конкурс жарыяланып, 2024-жылдын 22-майында ачылып, женүүчү болуп жеке ишкер Роза Стамова аныкталган.
Бүгүнкү күндө 24 аял иш менен камсыздалды.
– Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн Күрпүлдөк айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо үчүн “АРИС” долбоору менен 36,0 млн. сомго “Азиястройкомплекс” ЖЧК подряды утуп алган.
Ал ишкана өз ишин үстүбүздөгү жылдын июнь айында баштап, бүгүнкү күндө 95% иш аткарылып бүттү. Мындан тышкары, АРИСтин талабына ылайык, таза суунун ишин аткаруу максатында Күрпүлдөк айылында “Күрпүлдөк – Чалдовар” аттуу муниципалдык ишканасы ачылды.
Жергиликтүү бюджеттен акчалай каражаты каралып, электр-эсептегичтерин сатып берүүгө, мамлекеттик сатып алуулар порталында чектелбеген ыкмасы менен сынак жарыяланып, 2024-жылдын 22-майында ачылып, “Марлен холдинг “ ишканасы жеңүүчү болду.
– Панфилов райондук Өнүктүрүү фондусуна 1268,2 миң сом айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилерди жана айылдардын кире бериш жерлерине байкоо камераларын орнотууга долбоор өткөрүлүп мамлекеттик сатып алуулар порталында чектелбеген ыкмасы менен конкурс жарыяланды.
– Первомайское айылынын Административная көчөсүн асфальттоого дем берүүчү грантка долбоор өткөрүлүп, тендер жарыяланды.
– Киров айылына УКС тарабынан каржыланып, спорттук комплекс тургузулду. Курулуш иштери 100% аткарылды.
– Күрпүлдөк айылында УКС тарабынан каржыланган Маданият үйүн спорттук залга ылайыкташтыруу долбоору 2018-жылы башталып, бүгүнкү күндө 50% курулуш иштери аткарылды.
Киров жана Октябрское айылдарына ФАПтын жаңы имаратын куруп берүүгө УКСка долбоор жиберилген.
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек КАРЫМБАЕВ: «Долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат»
Курама айыл аймагы 4 айыл жана 2 кичи айылдан турат. Орто-Арык, Жайылма, Эфиронос, Панфиловка, Каптал-Арык кичи айылы, Панфиловка айылынын Партсъезд кичи айылы; Курама айыл аймагында 6 мектеп, 4 бала бакча, 4 ФАП, 1 ОПЦ, 2 спорт комплекси, 1 маданият үйү, 1 ипподром, 1 китепкана бар. Курама айыл өкмөтү боюнча – 11 394 миң адам жашайт.
Инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү
– Орто-Арык айылында суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча долбоор АРИС тарабынан Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып, жумуштар жүрүп жатат. Ал эми, Орто-Арык айылындагы А.Тилекеев атындагы орто мектебинин терезе, эшиктерин которуу долбоору дем берүүчү грант аркылуу республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, учурда терезе, эшик алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Панфилов айылынын Каптал-Арык кичи айылында кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоор Чүй облустук Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп, азыркы учурда тендер жарыяланып, тандоо иштери жүргүзүлүүдө.
Панфилов айылынын Партсъезд кичи айылында чакан футболдук аянтча куруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып аяктоодо.
Ушул эле Партсъезд кичи айылына АРИС уюму аркылуу Дүйнөлүк банк тарабынан ФАП куруу долбоору каржыланып, курулуш иштери 100% аяктады, жакын арада ачылышы күтүлүүдө.
Мындан сырткары, Курама айыл аймагына жайгашкан 6 мектеп жана 4 бала бакчага видеокөзөмөл системасын орнотуу боюнча долбоор Панфилов райондук Өнүктүрүү фондуна тапшырылып, долбоор сынактык комиссиянын макулдугуна ээ болуп, жакын арада келишим түзүлүшү күтүүлүүдө.
Эфиронос айылында 150 орундуу жаңы мектеп куруу долбоору боюнча Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоорлоо-сметалык документациялары иштелип чыгып, Панфилов райондук архитектура башкармалыгы долбоордун байланышын иштеп, жердин геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүп, эски мектептин имаратынын авариялык абалы боюнча экспертиза өткөрүлүп, курулуш объектисине капсула салуу аземи күтүлүүдө.
Панфилов айылындагы М.Тилекеев атындагы мектепке 275 орундук кошумча корпус куруу долбоору Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоорлоо-сметалык документациялары иштелип чыгып, Панфилов райондук архитектура башкармалыгы тарабынан долбоору даярдалып, жердин геологиялык изилдөө иштери бүткөндөн кийин август-сентябрь айларында курулуш иштерин баштоо үчүн капсула салуу аземи күтүлүүдө.
Орто-Арык айылында жеке демөөрчү А.Эрматовдун демилгеси менен “Жашыл Мурас” паркы отургузулуп, парктын аймагында инновациялык борбор куруу долбоору ишке ашырылып жатат.
Мындан сырткары, “Жашыл Мурас” паркынын айланасына асфальт-бетондон тротуарларды куруу долбоору даярдалып, Чүй облустук Өнүктүрүү фондуна тапшырылууда.
Эфиронос айылында “Ас-Саффа” фонду тарабынан 2000 м. суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу долбоору ишке ашырулууда.
Эфиронос айылында жаңы курулган ФАПтын аймагында “Ас-Саффа” фонду тарабынан аптеканын имараты курулууда.
М.Тилекеев атындагы мектептин алдын бетондоо иштерине ЖБ эсебинен сметалык долбоордук документтери даярдалып, бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуу порталына тендер жарыяланды.
Ирригация – суу каналдарын тазалоо
– 2024-жылдын март-май айларында Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмү менен биргеликте 600 м. дренаждык каналдар тазаланып, ремонттолду.
Курама айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-мартындагы №24 буюртмасы менен Курама айыл аймагындагы жайгашкан бардык ишканаларга жана жеке ишкерлерине жер аймактар бөлүнүп берилип, 4 айылдын тазалык күнүн өткөрүүсү боюнча тапшырма берилген. Ар бир жума сайын ишемби күнү буюртманы аткаруу максатында, жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Айыл чарба
– Жазгы талаа иштери жана анын өз убагында аткарылышы боюнча Курама
айыл аймагында 2024-жылдын 10-майына карата 89 трактор, 37 прицеп, 46 соко, 36 кылкандуу дан сепкич, 11 культиватор, 2 жер семирткичин чачкыч,17-ОВТ техникаларын оңдоо иштери бүтүп, жумуш аткарууга дайындалды. Андан тышкары Панфиловка айылында 2 үрөн тазалоочу ишкана толук кандуу иштеп жатат. 2024-жылдын 4 айынын жыйынтыгы менен 2024-жылдын 10-майына карата 3 647 га айдалып, 2553 га арпа, 1330 га буудай, 990 га тоюттук чөп, 75 га кант кызылча, 30 га сафлор, 65 га жүгөрү себилди. 3107 га күзгү буудай себилген. Бүгүнкү күндө бардыгы 16 комбайн иштеп жатат, анын ичинен: 6 комбайн сырттан келип кызмат көрсөтүүдө.
Билим берүү
– Курама айыл аймагында жалпысынан 6 мектеп 4 бала бакча бар. 2024 жылы мектептерди оңдоп-түзөп жаңы окуу жылына даярдоо иштерине керектелүүчү материалдары менен камсыздап, жалпысынан краска, щетка, акиташ, мээлей жана башка товарлар менен камсыздалды.
2024-жылдын окуу куралдарына керектелүүчү жабдууларга коротулган акча каражаттын суммасы 256,0 миң сомду түздү.
Эфиронос айылына 150 орундуу мектеп курууга жана М.Тилекеев атындагы билим берүү мектебине кошумча 270 орундуу корпус курууга сметалык долбоордук документтерди даярдоого жана мектеп курууга Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырылып, акча каражат маселеси чечилүү стадиясында турат.
Кайыңды шаарынын мэри Элнур ЖУМАБАЕВ: «Шаардын инфраструктурасы оңдолууда”
Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу максатында жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-аракеттер жасалууда. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган Кайыңды шаарынын 2024-жылдын 1-январына карата калкынын саны 9755 адамды түзөт. Кайыңды шаарына инвестиция тартуу жана ишкердик субъекттерин өнүктүрүү максатында көп иштер жасалууда. Үстүбүздөгү жылда, шаардын аймагында жеке ишкерлер тарабынан 17 жумушчу оруну түзүлдү.
– Шаардын ички Пионерская, Кабельная, Куйбышева жана Молодежная көчөлөрүнө 1326 метр жолго асфальт төшөлүп, тиешелүү иштер уланууда. Мындан тышкары Бейзерц, Краснооктябрьская, Заводская, Октябрь, М.Горький жана Северная көчөлөрүнө жалпы узундугу 2016 метр асфальт төшөө иштерин жүргүзүү максатында сынак өткөрүлүп, “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы менен келишим түзүлдү.
“Жашыл Мурас” долбоору шаардын көркүн чыгарууда
Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2024-жылдын башынан бери жалпысынан 470 даана ак кайың жана мөмөлүү дарактардын жаш көчөттөрү 113,6 миң сомго алынып, отургузулган. Атайын техника (Автовышка) сатып алынды.
“Таза Мурас” улуттук өнөктүктү ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында Кайыңды шаарынын аймагын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында ишембиликтерге 40ка жакын мекеме, 500гө жакын адам катышып, айлана-чөйрөнү тазалап, жыйынтыгында 100 тонна таштанды жана 200 тонна көмүрдүн күлү (зола), курулуш жана башка таштанды чыгарылды.
Ошондой эле кире бериштеги гүлзарлардын айланасы оңдолуп, көрнөк-жарнак (щит) жылдырылды. Шаардын кире беришиндеги стеллада оңдоо иштери бүткөрүлдү.
“Победа” сейил багындагы стадиондун чечинүүчү бөлмөсүнө отургучтар жасалып, парктын, стадиондун жана административдик имараттын коопсуздугун камсыздоо максатына айтарлык иштер жасалды.
Саламаттыкты сактоого жардамдар
– Кыргыз Республикасынын “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” мыйзамын аткаруунун алкагында 2024-жылдын башынан кургак учук менен жабыркаган 3 адамга 6000 сом, калктын аярлуу катмарына жана муктаж 5 адамга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Таза суу өмүр булагы
– 2024-жылга суу жана саркынды суулар өтүүчү түтүктөрүнө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылган. 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы менен калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында ичүүчү суулар өтүүчү түтүктөрүнө оңдоо жана алмаштыруу иштерин жүргүзүү максатында 926,4 миң сомго керектүү жабдуулар сатылып алынып, 2024-жылдын ичинде, болжол менен 1000 метр суу түтүктөрүнө оңдоо жана алмаштыруу жумуштары жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, 700 метр канализация түтүктөрүнө тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
2024-жылдын ичинде “Комфорт Кайыңды” турак жай-эксплуатациялык кооперативинен сатылып алынган скважинаны үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында терең насос сатылып алынган.
Билим берүү мекемелери оңдолууда
– Кайыңды шаарында 3 мектеп жана 3 бала бакча бар.
Бала бакчаларда кезекте турган балдардын жалпы саны 206 бала, анын ичинде жашы жете элек балдар да бар.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кайыңды шаарынын аймагында жайгашкан “Улыбка” бала бакчасынын эки бөлмөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле, Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан сметалык документтер даярдалып, биринчи блоктун чатырын алмаштырууга сынак жарыяланды.
Кайыңды №3 жалпы билим берүү орто мектебинин чатыры оңдолуп, билим берүү мекемелерине чарбалык-тиричилик товарлары алынды.
Зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу
– Балдарга каршы зордук-зомбулуктардын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу боюнча мэриянын штабынын мүчөлөрү, мектептердин социалдык педагогдору менен бирдикте тыгыз иш алып баруунун натыйжасында 2024-жылдын 6 айында балдардын зордук-зомбулукка кабылуусу боюнча маалымат түшкөн жок.
2024-жылдын башынан бери шаар мэринин калк менен болгон жолугушууларында шаар тургундарына, ата-энелерге балдарды тарбиялоо, үй-бүлөлүк баалуулук боюнча түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлүп жатат.
Этностук кыргыздарга камкордук
– Панфилов райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан мэриянын маалымат тактайчаларында этностук кыргыздардын, кайрылмандардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, аларга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер, кайрылман статусун алуудагы жолдору, тартиби тууралуу маалымат материалдар илинип, чет өлкөгө барып жумушка орношууда, адам сатууга болгон коопсуздук тууралуу билдирүүлөр үчүн ишеним телефону иштейт.
Социалдык контракт
– Панфилов раймамадминистрациясынын 2022-жылдын 27-июлундагы №154-т “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүнү ишке ашыруу” тууралуу тескемеси, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтомун аткаруу максатында социалдык келишим түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда 12 адам арыз менен кайрылды.
Турмуштук оор кырдаалдагы жана аз камсыз үй-бүлө катары түзүлгөн социалдык паспортторду электрондук базага киргизүү боюнча иштер аткарылып жатат. Бардыгы 142 адамга электрондук социалдык паспорт түзүлдү. Шаар боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жалпы саны – 142 үй-бүлө, ал эми жалпы үй-бүлөнүн саны 4030. Жакырчылыктын деңгээли 3,5%.
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар НУРМУХАМЕДОВ: «Максатыбыз – калкты таза суу менен камсыздоо»
Фрунзе айыл өкмөтү Чалдовар, Чолок-Арык, Чорголо айылдарынан турат. Айыл аймактын борбору Чалдовар айылы.
Фрунзе айыл өкмөтүндө 4 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 1 ҮДТ, 2 ФАП, 2 бала бакча калкка кызмат кылат. Калкынын жалпы саны – 9483 адам.
– Ал эми, Фрунзе айыл аймагында 33 коммерциялык объект жана 645 дыйкан чарбалары өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Фрунзе айыл аймагында күн электр станциясын куруу үчүн 23 га жана 43 га жер трансформацияланып, Жашыл экономика фондусуна өткөрүлүп берилген. Учурда куруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба жана ирригация
– Үстүбүздөгү жылы Фрунзе айыл аймагы боюнча 6,4 км аралыктагы каналдар тазаланды. Жергиликтүү бюджеттен 340 миң сом акча каражаты сарпталды. Ашар ыкмасы менен Чорголо, Чолок-Арык айылдарынын аймагында жайгашкан каналдар тазаланды. Жалпысынан 11 км.
Калкты таза суу менен камсыздоо
– Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каражат сарпталып, оңдоо иштери «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасы менен жүргүзүлүүдө.
2026-жылдары АРИС долбооруна Чалдовар айылынын суу системасын толук оңдоо каралууда.
Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасынын материалдык базасын чыңдоо үчүн АРИС долбоору аркылуу таштанды чыгаруучу атайын техника 4.5 млн. сомго сатылып алынды.
Жашылдандыруу
– Чалдовар айылындагы Ч. Айтматов эс алуу багын жашылдандыруу иштери уланууда, 180 миң сомго лиственница отургузулду.
Чорголо айылында жер тилкеси жаңы эс алуучу жайга бөлүнүп берилди, 2025-жылы бак-дарактар отургузулат.
Жалпысынан, 2024-жылы Фрунзе айыл аймагында 2998 түп ар түрдүү бак-дарактар отургузулду.
Инфраструктура көзөмөлдө
– Айыл ичиндеги жолдорду оңдоо максатында Чалдовар айылынын О. Джумабеков көчөсү түздөлүп, шагыл төгүлдү. Жергиликтүү бюджеттен 240 миң сом бөлүндү.
Республикалык маанидеги Партсъезд – Чорголо 3 км жолу түздөлүп, шагыл төгүлдү. Суусамыр өрөөнүндө Панфилов районунун стелласын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1.3 млн. сом, райондук Өнүктүрүү фондунан 1.3 млн. сом сарпталды. Учурда тендер иштери бүткөрүлдү.
Жайыттарды натыйжалуу колдонуу
– Фрунзе айыл аймагында 17015 га жайыт жер бар. Жайыттардын натыйжалуулугун көтөрүү масатында 700 га аймакка жакын жайыттар 2 жылга эс алдырууга коюлуп, өсүмдүктөр коюу өсүшү үчүн бардык аракеттер жасалууда.
Инвестициялар тартылууда
– Жалпысынан Фрунзе айыл өкмөтүнө 52, 6 млн. сом инвестиция + 13.0 млн. евро тартылууда:
– күн энергиясы станциясы 13. 0 млн. евро (жеке инвестиция);
– стелла – Суусамыр өрөөнүндө – 2.6 млн. сом;
– Чорголо мектебинин имаратын куруу – 47,0 млн. сом;
– Чолок-Арык мектебин капиталдык оңдоо 2.6 млн. сом (дем берүүчү грант, 900,0 миң сом жергиликтүү бюджет).
Чолок-Арык, Чорголо мектептеринде ысык тамак берүү Мерсико долбоору – 116.0 миң сом. Ошондой эле Чалдовар айылынын ички жолдорун оңдоого райондук Өнүктүрүү фондунан 3.3 млн. сом бөлүнүүдө.
III кварталга коюлган пландар
– Чалдовар айылынын ички жолдорун оңдоо;
– Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;
– Чолок-Арык, Чорголо айылдарына жаңы эс алуу жайын (сквер) куруу;
– Фрунзе айыл аймагын абаттоо;
– Фрунзе айыл аймагындагы Чорголо айылына 100 орундуу мектеп куруу;
– Чолок-Арык башталгыч мектебин капиталдык оңдоо;
– Талды-Булак капчыгайына электрэнергиясын тартуу үчүн трансформатор орнотуу.
Билим берүү тармагы
– Билим берүү мекемелерине жалпысынан 930 миң сомго оңдоо иштери жүргүзүлдү. Чолок-Арык башталгыч мектебин капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 2.6 млн. сом дем берүүчү грант, 580.0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралган. Учурда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Чорголо толук эмес орто мектебинин жаңы имаратын куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпы бюджет 47,0 млн. сом (республикалык бюджет).
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”