7-8-сентябрда Баткен шаарында өлкөнүн бүт аймактарынан чакырылган журналисттер “Кыргызстандагы медианы өнүктүрүү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген тема астындагы “Ийгиликке кадам” III медиафорумуна чогулушту. Анда учурдагы медиадагы көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору, заманбап журналистика, аны өнүктүрүү, журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды
“Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган форумда эки күн бою медиа тармагында эмгектенишкен адистер массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине медиадагы учурдагы тенденциялар тууралуу баалуу кеңештерди беришти.
Иш-чаранын маанилүүлүгүнө баа берүү менен Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эң алыскы облусуна көңүл бөлгөнү үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирди жана форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Салкын Сарногоеванын баяндамасы кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналса, “Журналисттер” КБнын өкүлү Марат Токоев баяндамасында учурда чакан медиалар көңүлгө алчу жагдайларга басым жасады.
Интерньюстун өкүлү Максуда Айтиева кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба менен бөлүштү. Жамааттык ММКлар ассоциациясынын өкүлү Назира Джусупова жамааттык медиалардагы жетишкендиктер менен тобокелчиликтерге токтолсо, “Говори ТВ”маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова өлкөдөгү көз карандысыз ММКны башкаруу контенти жана туруктуулугу боюнча тажрыйбасын айтып берди.
“Mirzamatov Vlog” уюмунун өкүлү Нурпери Баказова Ютубда медиаконтент жаратуу, өлкөдөгү подкасттардын потенциалы тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү. “Ноокат таңы” гезитинин редактору Нуркамил Абдуллаев Интернет доорундагы гезиттердин ролу боюнча пикирин билдирди.
Жыргалбек Касаболотов учурдагы кыргыз медиасындагы дагы бир чоң көйгөй – кыргыз журналистикасындагы жол берилген стилистикалык жана грамматикалык каталар боюнча талдоо жасап берди.
Баяндамалардын темаларынан эле көрүнүп тургандай, бүгүнкү күндө кыргыз журналис-тикасында өнүгүү менен катар эле көйгөйлөр да арбын. Өзгөчө аймактык медиалар жана журналисттер өз көйгөйлөрүн өздөрү чечүүгө аргасыз. Мына ушундан улам, “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан мына ушундай жалпы өлкөлүк форумдардын ролу баа жеткис.
Бул форумдун өткөрүлүшүнө БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү, IFEX (Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация), Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен мэриясы колдоо көрсөтүштү.
Эске сала кетсек, “Журналисттер” коомдук бирикмеси 1998-жылы журналисттердин тобу тарабынан уюштурулган. Ошол убакыттан бери өлкөдөгү сөз эркиндигин, журналистиканы өнүктүрүү боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Учурда аны Нурдин Дүйшєнбеков жетектєєдє.
Ар эки жылда бүтүндөй өлкө боюнча журналисттердин башын кошкон “Ийгиликке кадам” медиа-форумун өткөрүүдө. Бул жолку форум – алардын үчүнчүсү.
Мырзакат Тыналиев, “Кыргыз Туусу”