(Башталышы өткөн санда)
– Данияр мырза, сиз гезит, журналдарда, телевидениелерде иштеп жүрөсүз. Учурда кыргыз журналистикасынын кандай кемчиликтерин, өзгөрүүлөрүн байкайсыз?
– Тилекке каршы, мыкты-мыкты гезиттер жабылып тынбадыбы. Экөөбүз бирге иштеген “Жаңы Агым” гезити жакшы басылма эле. 2015-жылдарга чейин окурмандар күркөлөрдөн гезиттерди дайыма сатып алып окушчу. Мен да окурман катары гезит, журналдарды үзбөй окучу элем. Азыр күркөлөрдү карасаң кыргызча эки-үч эле гезит турат. Көпчүлүк күркөлөрдө гезиттер жок. А гезиттен жакшы маалымат алуу менен бирге көп кызыктуу материалдарды окусаң болот. Өкүнүчкө карай азыр интернет, социалдык тармак, сайтка басым жасап жатып ЖМКлардын көбү “жёлтая пресса” болуп кетти. Аларды карасаң “Баланча ырчы минтип койду, мындай кийим сатып алды”, “Бул ажырашты, тиги үйлөндү”, “Тигини тиги өлтүрүп кетти” деген эле нерселер. Бул жаңылык, жакшы нерсе эмес да. Ушундай нерселер менен коомду бузгандыгыбыздан улам эч кандай улуулук, баалуулук жок болуп бара жатат. Кыскасы, кыргыз журналистикасы жалаң ушак-айыңга айланып калды.
– Дүйнөгө таанымал казак ырчысы Димаш Кудайберген айткандай, ырчы-чоорчу, спортсмендер тууралуу эле жазылып, башка тармактар көмүскөдө калып жатпайбы…
– Ооба, көп нерсе четке сүрүлүп, руханий теманы камтыган, мыкты ойлорду айткан ойчулдардын кептерине маани берилбей калды. “Ой ага баш жетпейт, ал татаал экен” деген шылтоо бар. Жакында бир документалдуу фильмдин текстин редакциялап жатсам режиссёр тамашалап “Ой Данияр байке, ага жеңил-желпи эле текст жазыңыз, аны көрүүгө өтө акылдуулар деле чогулбайт” дейт. Мен мындайга такыр жол бере албайм. Жазуучулар, окумуштуулар, искусство өкүлдөрү, интеллигенция эстетикалык рахат тартуулап, коомдун аң-сезимин агартышыбыз керек. “Элдин акылы жетпейт, эл бузулду” деп эле элди күнөөлөй бербешибиз керек. Карапайым адамдар ошол ыйык, маңыздуу чыгармаларды ээрчип, ошондон азыктанышы керек.
– Сөзүңүзгө аралжы, жакында эле калемгер Жуса Касиетов маек берип жатып акын, жазуучулар жүрүм-туруму жагынан элге үлгү боло албай жатат деди… Буга кошуласызбы?
– Кошулам. Бирок, ар бир адамда кемчилик бар. Баарыбыз эле туура эмес сүйлөп, жосунсуз иш жасап алышыбыз мүмкүн. Ал сабак болуп, ар бир адам өзү бардык жагынан таза болгонго аракет кылышы керек. Мындан жүз, эки жүз, үч жүз жыл мурун орус, чет өлкөлөр адабиятында эмне деген генийлер болгон. Алардын деле жүрүм-туруму башкача болгон да. Азыр алардын бири садист, дагы бири маньяк болгон деп жазып жатышпайбы. Кыскасы, адамдын кыялы, кулк мүнөзү кошо жаралбайт тура. Мүмкүн коом ошондой тарбиялады, балким, анын жаратылышы ошондойдур айта албайбыз. Адам табияты өзү табышмак.
– Ушуга улай бир суроо. Эмнеге сиз бир китебиңиздин аталышын “Күндүзү күйгөн чырак” атагансыз?
– Анын ичинде жалаң улуу инсандар, кылымга атын калтырган залкарлар, тарыхый окуялар бар. Биз көп нерсени байкабайбыз да. Алдыбыздан ким чыкканын, ал коомго кандай эмгек кылганын да байкабай калышыбыз мүмкүн. Ошондон улам ушундай ой келсе керек.
– Азыр жаза алганы деле, жаза албаганы деле ар кандай китептерди чыгарып жатышат. Мунун коомго канчалык пайдасы бар?
– Чыгара беришсин, жүздү, миңди чыгарышсын. Анын окурмандары кандай болорун убакыт көрсөтөт. Бир жолу Болот Шамшиевдин үйүндө маектешип отуруп “Азыр 500-600дөй кино тартылып жатат. Буга кандай карайсыз?” десем, “Тарта беришсин, миңди тартышсын. Эгер кимдир бирөөнүн киносун эл жактырбай, көрбөй койсо анын өзүнө зыян. Очойгон акчасын короткон ал экинчи кино тартпайт. А мыкты кино тартса андан бешбетер жакшы” деген. Адабиятта деле ошондой. Жазганы жазсын, китеп чыгара берсин. Алардын арасында татыктуулары болсо окурман өзү иргеп алат. Мен аларды жерибейм.
– Сиз дүйнөлүк улуу инсандар тууралуу жазып, которуп жүрөсүз. Бизге кандай котормолор жетишпей жатат?
– Адабий чыгармалардан кыргызчага көп эле которулуп жатат. Бирок, философиялык, тарыхый, илимий китептер көп которула элек. Батыш тарыхчыларынын эмне деген тарыхый чыгармалары бар. Ошол эле Биринчи, экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү китептерди которсок болот. Бул биринчи кезекте жогорку окуу жайындагы студенттерге, анан окурмандарга керек. Орустарда союз кезинде “Жизнь замечательных людей” деген атактуу адамдар жөнүндө көп китептер чыгыптыр. Ошонун ичинен мыктыларын тандап кыргызчаласак сонун болмок. Индиялык ойчулдардын жазгандары, чыгыш, кытай, япон философиясы, Конфуций, Лао Цзынын баары эле бизге керек. Мындай китептерде алп ойлор жатат. Ушуларга басым жасалбай калууда.
– Өзүңүз байкагандай кыргыз тарыхын жазгандар көбөйдү. Булардын бизге пайдасы барбы?
– Кыргыз тарыхын 2 миң, 3 миң, 4 миң жылдан нары дегендерди айтып жатат окшойсуз. Эгер Кытайдан, башка жактан алынган так маалыматтар болсо аны неге кыргызчага которбошубуз керек. Эгер ал тарыхый булактарга шайкеш келсе кийинки муунга, бизге чоң мурас болуп калат. Анан тигил укмуш болгон, бул баатыр болгон деп кокту-колоттун адамдарын күчөтө берсек болбойт. Андайлар тилекке каршы өтө көп болуп кетти. Бул жагы өкүнүчтүү.
– Жогоруда гезит, журналдардын артыкчылыгын, интернеттин кесепетин да азыноолак айтып өттүңүз. Мындан ары гаджет, интернет менен кете берсек келечегибиз кандай болот?
– Эгер бул эски деп гезит, журнал, гезитти жерий берсек келечегибиз өтө коркунучтуу болот. Ансыз деле отуз жыл ичинде сабатсыздарыбыз көбөйүп, маңкуртка айланып бара жатабыз. Көчөдөгү көрнөк-жарнактарды карасаң оңураагы жок, бүт ката. Азыр өзүнүн аты-жөнүн туура жаза албаган, караңгы адамдар көбөйүп баратат. Бир чети аларды күнөөлөй да албайбыз. Анткени ал калем кармабаса, китеп, гезит окубаса сөзсүз туура эмес жазат да. А гезит, журнал, адабият, илимий китептер бизди сабаттуулукка үндөп, билимдүү, алысты көрө билген адам болууга салым кошот. А баланын билимсиз болушуна мугалимди күнөөлөбөшүбүз керек. Себеби, ата-эненин туура тарбиясы, баланын аракети, дээри болбосо кыргыз коомуна караңгы бир макулук кошулат. Караңгылыктан азыр үрөй учурган окуялар болуп, алдамчылар, зөөкүрлөр, киши өлтүргүчтөр, шылуундар чыгып жатат. Мунун баары эле агартуу тармагынын аксап жатканынан. Чынында коомду руханий баалуулук гана бузбай кармап турат. Эгер адамдын көкүрөгүндө ыйык нерсе жок болсо ал ак-караны, жакшы-жаманды ажырата албаган эле макулук да. Андайлар оюна келгенди жасайт. Адамдын өзүндө абийир соту, кандайдыр бир чек болуп, андан өтпөш керек да.
– Кыскасы, бүгүнкү күндө «Кыргыз Туусундай» гезиттер керек?
– Албетте, керек. Билишимче, мурдагы “Эркин Тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитине 7-ноябрда бир кылым болот. Бир кылым мурун араб тилинде чыккан бир барак “Эркин Тоо” элге укмуштуудай жаңылык болгон. Аны да жер-жерлердеги кат тааныгандар башкаларга окуп берип жатканын архивден окуп, көрүп калып жүрөбүз. Бүгүнкү күндө калемсаптай болгон укмуш аппарат чыкса да адам ага таң калбай калды. Себеби, руханий ыйыктык, баалуулук баркталбай калды. Ошон үчүн биз ыйык дүйнөгө, руханий баалуулукка сугарылып, азыктаналы. Кылым карыткан “Кыргыз Туусу” гезити мындан ары да кулачын кенен жайып, кылымдан кылымга муундарга мурас катары өтө беришине тилектешмин.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”