whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкЖумгал районунда мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Жумгал районунда мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Жумгал районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинде каралган кылмышка шектүү катары райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, ЖӨБОнун башчысы жана орун басары, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районунун бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери: Ж.Р.Т., Ж.Б.К., М.Т.А., А.М.Ж., Р.у.К., М.Э.Т., Н.Т.Ы., жана О.К.Н., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган кызматкерлердин кармалышына Жумгал районунун Чаек, Байзак айыл аймактарындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна (ФПС) тиешелүү болгон, жалпы аянты 2,84 га, бааланган наркы 95 млн.сомду түзгөн жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары себеп болгон.

Тактап айтканда, Жумгал райондук жерге мунапыс боюнча комиссиянын курамына киргизилген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерге мунапыс жөнүндө” Жарлыгын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузуу менен, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар жактар менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалмалоо жана расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 20 жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкендиги аныкталды.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундардын ичинен аталган участоктордун ээлери 2022-2023-жылдары турак үйлөрдү куруу үчүн пайдубалдарды тургузушкан.

Көрсөтүлгөн адамдардын мындай аракеттери жергиликтүү калктын айрым бөлүгүндө нааразычылыктардын пайда болушуна шарт түзгөн.

Учурда аталган кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар