Вторник, 7 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Бир күндө 15 мас айдоочу кармалды

Чүй жана Ысык-Көл облустарында «Рулда» аталыштагы рейддин жүрүшүндө бир күндө 15 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде 20 автоунааны айып короо жайына киргизди.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды айдын аягына чейин улантат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар