Понедельник, 6 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Ак-Кула ат майданынын жер тилкеси аукционго коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет.

Мэриядан кабарлашкандай, көз карандысыз эксперт тарабынан баштапкы баасы 8 млрд. 731 млн. 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар