Понедельник, 6 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарында Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн президенттери союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара берилгендикти ырасташты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар