Вторник, 7 мая, 2024
24.1 C
Бишкек

Оштун мэри жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аталган аймактын жашоочулары, спорт аянтчаларын куруу, ички жолдорду асфальттоо жана ирригациялык тутумдарды, тротуарларды иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты.
Мындай жолугушуулар шаардын баардык аймактарында уланат. Кайрылган жарандардын арыздары жеринен каралат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар