Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Япония 12,6 миң доллар кайтарымсыз жардам берет

Япония Баткен облусунун Раззаков шаарындагы №1 гимназия-интернаттын жылуулук системасын оңдоого 12,6 миң доллар кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта гранттык келишимге кол коюу аземи өтүп, ага Япония элчиси Года Хидэки, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев жана Раззаков шаарынын мэри Чынгызбек Рысов катышты.

Кайтарымсыз жардам Япония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында берилмекчи.

Элчи Года Хидэки аталган программанын долбоорлору адам коопсуздугу жаатындагы негизги багыттары – саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө багытталганын, долбоор аркылуу берилген жабдыктар окуу жайдын шарттарынын жакшырышына жана жалпы Баткен облусунун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар