Понедельник, 6 мая, 2024
17.1 C
Бишкек

“Кыргызстан айымдары” китебинин сегизинчи тому чыкты

“Кыргызстан аялдар Конгресси” уюму «Кыргызстан айымдары” энциклопедиясынын сегизинчи томун басып чыгарды.

Китепте Кыргызстандагы 400дөй белгилүү айымдын ийгиликке жетишкен тарых-таржымалы жазылган. Анда мыкты айымдардын жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери кийинки муундарга, эже- сиңдилерге үлгү болуп, аларды келечекте чоң эмгектерди жасай ала тургандарына шык берет. Китепке саясатчы жана окумуштуулардан сырткары, маданиятка, илим билимге кызмат кылганкандар жана жумушчулар, мамлекеттик жана коомдук кызматкерлер болушкан элдин сүймөнчүгүнө татыган айымдар киришкен.

Энциклопедиянын бет ачары Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, ага республиканын булуң-бурчунан келген көп балалуу энелер, мугалимдер, дарыгерлер ж.б. катышты. Алар Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Үлгүлүү эне”, “Лидерлиги үчүн”, “Каармандыгы үчүн” медалдары менен сыйланышты.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэн, Азербайжан Республикасынын элчиси латиф Гандилов баш болгон элчилер келип, өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар