whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан премьер-министринин орун басары — өкмөт аппаратынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар