Кечээ УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кадамжай райондук бөлүмүнүн жана Бүргөндү аймактык бөлүмчөсүнүн имараттарынын ачылышына катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, кызматкерлерди өз кызматтык милдеттерин так жана берилгендик менен аткарууга чакыруу менен аймакта жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштердин багытына басым жасады.
«Мага жеткен маалыматтар боюнча, Кадамжай жергесинде дагы деле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар жана алар кайсыл бир деңгээлде өздөрүн эркин сезип, анча-мынча иштерге кийлигишип жатат. Буларга тез арада чара көрбөсөңөр, мен силерге катуу чара колдономун. Коррупционерлер дагы чек ара аймагында кандайдыр мыйзамсыз иштерге барышууда, мындай болушуна жол берилбеши керек жана тез арада мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарышыңар керек», — деди Камчыбек Ташиев.
Жаңы имараттарда атайын кызматтын кызматкерлери үчүн кызматтык милдеттерин жетиштүү деңгээлде алып барууга бардык зарыл шарттар бар.