whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн. юань бөлөт

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн. юань бөлөт

Кытай Кыргызстанга 200 млн. юань өлчөмүндө грант бөлөт. Тиешелүү меморандумга бүгүн Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында кол коюлду.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, кыргыз тараптан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана кытай тараптан Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй кол койду.

Макулдашуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

Белгиленгендей, бөлүнгөн гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар