Пятница, 27 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Эмне үчүн эстелик коюу туура эмес?

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жарлыкка кол койду.

Аталган мыйзам маркумду жерге берүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө максатын көздөйт. А жарлык менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына төмөнкүлөрдү камтыган фатваларды чыгаруу сунушталды:

Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салуу. Эстеликтерди жана тосмолорду жыгач материалдардан даярдоо жана бийиктигин 70 сантиметрден ашырбоо. Маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү.

Андан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга үч айлык мөөнөттө аталган мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү, көрүстөндөрдү жайгаштыруу-га, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыгуу жана бекитүү;

– дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында дайыма жүргүзүү тапшырылды.

Кыргызстандын муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев ЖМКларга берген маегинде бул маселе боюнча мындайча түшүндүрмө берген: “Исламда маркумга качан сообу тие тургандыгы жөнүндө айтылган. Сенин маркумга арнап жасап жаткан ишиң тирүү адамдарга пайдасы тийсе, сооп болот дейт. Азыр кээ бир мүрзөлөргө барсаң, шаар сыяктуу болуп кеткен. Мен барган жерлерде мындай кылуу туура эместигин айтып келем”.

Ислам дининде негизинен маркумга чоң өлчөмдөгү эстелик тургузууга болбой турганын диний аалымдар байма-бай айтып келишет. Бирок, эл ичинде эстелик тургузуу кадимки адатка айланып калган. Кыргызда өзгөчө чоң кызматтарда иштеген же коомдо аты белгилүү инсандар дүйнөдөн өткөндө башкалардан өзгөчөлөнтүп, кымбат баалуу эстелик тургузуу кеңири жайылган.

Эрнис АЙДАРАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты:

– Мен өлкө башчыбыздын мындай чечимин колдойм. Президентибиздин динден жетишээрлик деңгээлде түшүнүгү бар. Ислам дининде деле антип эстеликтерди коюу туура эмес. Араб өлкөлөрүндө эстелик мындай турсун, бир дагы белги жок. Бизде маркумга эстелик тургузуу дагы жарышка айланып кетти. Ошону үчүн тыюу салуу туура чечим деп ойлойм.

Равшан ажы ЭРАТОВ, муфтияттын өкүлү:

– “Президенттин жарлыгы бул учурдун талабы десек болот. Анткени, бүгүнкү күндө башаламандык, ысырапкорчулук, социалдык теңсиздик болуп, айрым мүмкүнчүлүгү бар инсандар өтө баалуу мрамор таштардан, граниттерден, кымбат баалуу темир тосмолордон куруп алышкан. Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы тарабынан мусулман мүрзөлөрүнө бирдиктүү фатва иштеп чыгылат. Мындан ары мүрзөлөргө айкелдерди тургузууга, ар кандай баалуу буюмдардан эстелик коюуга мындан ары тыюу салынат. Муфтият тарабынан фатва иштелип чыкса, мындан ары мүрзөлөрдүн баары окшош болуп, ашыкча ысырапкерчиликке  бөгөт коюлат.

Семетей ТАЛАС уулу, журналист:

– Президенттин бул жарлыгы колдоого алына турган иш. Анткени бул ысырапкорчулукка каршы жакшы жөрөлгө. Чынында айрым жерлерде эстеликтер ашыкча эле көлөмдүү болуп кеткен.

Мен дагы бир сунуш киргизет элем, Бишкек шаарынын айланасында мүрзөгө жерлер тарып баратат. Андыктан казанактын ичин кичинекей казып, жерди үнөмдөшүбүз керек. Айыл жерлеринде балким бул билинбейттир, бирок Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында мүрзөгө бөлүнгөн жерлердин азайып баратканына көңүл бурушубуз керек. Мүрзөнү түз эле казып маркумду көмүү кээ бир мусулман өлкөлөрүндө практикаланат. Балким ошондой жолго өтөбүзбү аны дагы карап көрүш керек.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар