Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Демилге. ЭМГЕК. Натыйжа

Урматтуу шайлоочулар!

«Эмгек» партиясынын ийгиликтеринин жана жеңиштеринин өзүнүн тарыхы бар. Биз түптөлгөн мезгилдин ичинде социалдык жана экономикалык чөйрөдө олуттуу натыйжаларга жетиштик, бул элдин эбегейсиз зор колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Жетишкендиктерибиз коллективдүү эмгектин натыйжасы. Бул үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирип, “Эмгектин” эли мындан да чоң жетишкендиктерге жетет деген ишенимди токтотпоого чакырам.

Бүгүн мен 2021-жылы Бишкекте сиз колдогон биздин программабыздын көбү ишке ашканын айта алам. Кээ бир бөлүгү ишке ашуу стадиясында турат. Муну биздин тарапташтарыбыз, кайдыгер эмес жарандарыбыз жакшы билишет.

Биздин бүгүнкү программабыз – «Демилгелүү шаар» программасынын логикалык уландысы. Биз аны административдик-аймактык башкарууну реформалоого жана Бишкекке жаңы аймактарды кошууга байланышкан жаңы чакырыктарды эске алуу менен кеңейттик жана толуктадык.

Шаардык жаштар саясатын ишке ашырууга байланыштуу программага жаңы өзүнчө блок киргиздик. Сиз анда жетиштүү экзотикалык блокту байкаган чыгарсыз – киберспорттун өнүгүшү.  Киберспорт жаштардын жөн эле эс алуу убактысы эмес, бул бүтүндөй бир тармак жана биз биздин ата мекендик киберспорт спортчулары өздөрүнүн чеберчилигин жана таланттарын “өстүрө ала турган” шарттарды түзүүгө жардам берүүгө даярбыз. Кошумчалай кетсек, көптөгөн жаштар үчүн компьютердик оюндарга болгон кызыгуу көбүнчө IT тармагына эшик ачат.

“Эмгек” партиясы сөзсүз ишке ашыра турган эң өзгөчө долбоор – Чоң Чүй каналынын жээгин реконструкциялоо. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, бул кароосуз калган, өнүкпөгөн жана ал тургай кооптуу аймак – ал жерде эч кимдин жалгыз баскысы келбеши мүмкүн. Ошол эле учурда бул жээктер, мисалы, Пекиндеги каналдын жээктери сыяктуу, жагымдуу же пайдалуу эс алуу үчүн жер болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө биз Чоң Чүй каналынын жээктерин колдонбойбуз, бирок алар борбордун бүтүндөй түндүгүндө экономикалык өнүгүүнүн кыймылдаткычы болушу ыктымал.

Биз партияда Бишкектин тыгыны сыяктуу тилекке каршы, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү унуткан жокпуз. Мындай көйгөйлөрдү чечүү комплекстүү мамиледе жатат деп ойлойм. Бирок бул жетишсиз. Стандарттуу эмес мамиле керек жана ал учурдагы темир жолдун үстүнөн жүргүнчүлөрдү ташуу системасын куруу болушу мүмкүн. Темир жолдун бул “экинчи кабаты” шаардын жолдорундагы тыгындарды жеңилдетет, анткени темир жол менен элдин эбегейсиз массасы чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка өтө алат.

Биздин партия карапайым жумушчулардан да, миңдеген жумушчу орундарын түзүп, ошону менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан ишкерлерден да турат. Биз ар кандай кесиптеги жана социалдык катмардагы адамдарды бириктиребиз, бирок баарыбызды бир нерсе бириктирип турат – талыкпаган эмгек жана Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн иштөөгө болгон зор каалоо.

«Эмгек» партиясынын принциптүү позициясы мурдагыдай эле сакталып кала тургандыгын — бардык саясий күчтөрдүн программалары жана максаттары өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн консолидацияга жана конструктивдүүлүккө багытталууга тийиш экендигин бардыгы билишин каалайбыз.

Урматтуу партиялаштар!

Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген административдик-аймактык реформа учурдун талабына толук жооп берген жана мындан аркы өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзгөн өз убагындагы маанилүү кадам болуп калды. Мен административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо жаңы субъектилерге дем берип, шаарларыбызды өнүктүрүүгө жаңы динамика берип, он миңдеген кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртаарына толук ишенем.

Биздин партиябыздын Бишкек шаардык кеңешиндеги, ошондой эле республиканын башка сегиз шаарынын депутаттык жыйындарындагы өкүлдөрү бул жылдардын ичинде шайлоо программасынын пункттарын орундатуу үчүн талыкпастан эмгектеништи. Мунун баары  шайлоочуларыбыздын, “Эмгекке” ишенген элдин үмүтүн актоо үчүн.

Биздин алдыбызда жаңы, кызыктуу жана татаал, анын ичинде шаардын жаңы кошулган аймактарын кыска мөөнөттө борбор менен толук интеграциялоого байланышкан милдеттер турат. Шаарыбыздын ар бир тургуну өзүнүн бардык артыкчылыктары – жарыктанган көчөлөрү, жылмакай асфальт жолдору, газдаштырылган заманбап мегаполисте жашап жатканын сезиши керек. Ар бир үй-бүлөдө балдарын жакын жайгашкан бала бакчага же мектепке берүү, ал эми дем алыш күндөрү жакынкы кинотеатрда же башка шаардык эс алуу борборлорунда чогуу эс алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Баарыңыздар өзүңүздөрдүн күчүңүздөргө жана “Эмгектин”күч-кубатына ишенесиздер жана чогуу жеңебиз деп билем!

Дорогие избиратели!

У партии «Эмгек» есть своя история успеха и побед. За время своего существования мы добились значительных результатов в социальной и экономической сферах, что стало возможным благодаря огромной поддержке народа. Наши достижения — это результат нашей совместной работы. Я хочу поблагодарить каждого из вас за это и призываю не переставать верить в то, что люди ЭМГЕКа способны на еще большие свершения.

Сегодня я могу констатировать, что большая часть нашей программы, которую вы поддержали в 2021 году в Бишкеке, уже реализована. Некоторая часть находится на стадии реализации. И об этом хорошо знают наши сторонники и неравнодушные граждане.

Наша сегодняшняя программа — это логичное продолжение программы «Инициативный город». Мы расширили и дополнили ее с учетом новых вызовов, связанных с реформой административно-территориального управления и присоединением к Бишкеку новых территорий.

Мы включили в программу новый отдельный блок, связанный с реализацией городской молодежной политики. В нем вы могли заметить достаточно экзотический блок — развитие киберспорта.  Киберспорт — это не просто досуг для молодежи, это целая индустрия и мы готовы помочь создать условия, в которых наши отечественные киберспортсмены смогут «прокачивать» свои навыки и таланты. К тому же, для многих молодых людей увлечение компьютерными играми нередко открывает двери в IT-сферу.

Самым значимым проектом, который партия «Эмгек» обязательно реализует, является реконструкция набережной БЧК. Сегодня, к сожалению, это заброшенные, неблагоустроенные и даже опасные территории — вряд ли кому-то захочется гулять там в одиночку. А между тем, эти набережные могут стать местом для приятного или полезного времяпровождения, как, например, набережные каналов в том же Пекине. Сегодня мы не используем набережные БЧК, а ведь они могут стать драйвером экономического развития всего севера столицы.

Мы в партии не забыли о существующих и пока, к сожалению, нерешенных проблемах Бишкека, таких как пробки. Думаю, что решение таких проблем кроется в комплексном подходе. Но этого недостаточно. Необходим неожиданный подход и им может стать строительство пассажирской транспортной системы над существующей железной дорогой. Этот «второй этаж» железной дороги разгрузит автодороги города, поскольку огромные массы людей смогут передвигаться с востока на запад и с запада на восток по железной дороге.

В нашей партии состоят как простые труженики, так и предприниматели, создающие тысячи рабочих мест, тем самым внося значительный вклад в экономическое развитие страны. Мы объединяем людей разных профессий и социальных слоев, но всех нас объединяет одно — упорный труд и огромное желание работать на благо Кыргызстана.

Мы хотим, чтобы все знали, что принципиальная позиция партии «Эмгек» остается прежней – программы и цели всех политических сил должны быть направлены на консолидацию и конструктивность во благо развития нашей страны.

Уважаемые сопартийцы!

Инициированная Президентом Садыром Жапаровым административно-территориальная реформа стала очень своевременным и важным шагом, который полностью отвечает требованиям сегодняшнего дня и создает необходимые условия для дальнейшего развития. Я полностью убежден, что  реформа административно-территориального устройства вдохнет жизнь в новые субъекты, придаст новую динамику развитию наших городов и позволит повысить качество жизни десятков тысяч кыргызстанцев.

Представители нашей партии в Бишкекском городском кенеше, а также в депутатских собраниях восьми других городов республики все эти годы работали, не покладая рук, чтобы выполнить пункты предвыборной программы. Чтобы оправдать ожидания наших избирателей, людей, которые поверили в «Эмгек».

Перед нами стоят новые, интересные и сложные задачи, в том числе связанные с тем, чтобы в максимально короткие сроки полностью интегрировать присоединенные территории города к столице. Каждый житель нашего города должен чувствовать, что он живет в современном мегаполисе со всеми его благами — освещенными улицами, ровными асфальтированными дорогами, газификацией. Каждая семья должна иметь возможность отправлять своих детей в детский сад или в школу, расположенную неподалеку, а в выходные провести досуг вместе с ближайшем кинотеатре или другом городском досуговом центре.

Я знаю, что все вы верите в свои силы и в силу «Эмгека»,
и знаю, что вместе мы победим!

Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көч. 193, «Кыргыз Туусу» басма үйү. Нускасы: 4087 даана, чыгарылган датасы: 2024-ж. 12-ноябрь.  Буюртмачы: «Эмгек» саясий партиясынын финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Жыпара Жыргалбековна. «Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж. тарабынан төлөндү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар