“Кыргыз Туусунун” өткөн саны (№83 5-ноябрь, 2024-жыл) гезитибиздин 100 жылдык мааракесине арналып чыкты. Өкүнүчкө жараша гезитибиздин тарыхына, басып өткөн жолуна байланыштуу материалдар, куттуктоолор көп болгондуктан, “Кыргыз Туусун” кылым жашына жеткирген эмгек жамаатыбыз тууралуу толук бере албай калганбыз. “Ийгиликтин эрте кечи жок” деп, гезитибизде маңдай терин төгүп иштеп жаткан калемдештерибизди жалпы эле окурмандарга тааныштыруубузду улантып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
“Эркин Тоонун” тарыхы мени “Кыргыз Туусуна” жетелеп келген…
Дипломдук ишимдин темасы “Эркин Тоо” гезитинин тарыхы эле. А.Осмонов атындагы китепканада сакталган “Эркин Тоонун” түп нускаларын барактап жаза баштадым. Гезитти түптөгөн чакан редколлегиянын көргөн кыйынчылыктары, жалындаган мекенчилдик сезимдери, мээнеткечтиги көз алдыма кинотасмадай тартылып, мени абдан таасирлентти. Бирок, гезиттин айрым мага белгисиз жактарын тактоо үчүн “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн редакциясына баш багып калдым.
Ал арада даяр бир макаламды ыңгайы келсе гезитке жарыялап койсо деп редакциядагы тааныш кызга таштап кеттим. Көп өтпөй ал таанышым: “Материалың гезитке жарыяланды.
Сени Темирбек агай келип, жолугуп кетсин деди”, – деп калды. Барсам, Темир агай башкы редактор Мырзакат агайга алып кирип, жумушка кабыл алышты.
Ары сырдуу, ары сүрдүү көрүнгөн, кезинде жалаң залкарлар иштеп, залкарлар байырлаган куттуу редакцияда иштөө мага да насип болуп калганына сыймыктанам.
Редакцияга окууну бүтө электе келип, “Кыргыз Туусунун” мектебинен өтүп, теориялык алган билимимди практика менен бекемдеп, мени журналисттик чоң жолго баштаган “Кыргыз Туусу” редакциясына ар дайым ыраазымын.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА
Курманбек Мамбетов
Белгилүү журналист Курманбек Мамбетов башкы редактордун атайын долбоорлор боюнча коомдук жардамчысы кызматын аркалап, ошол эле учурда саясат, экономика, эл аралык байланыш жаатында салмактуу материалдарын жарыялап келет.
Фидель Медеров
Ал эми кезинде Жаштар министри кызматын аркалаган тажрыйбалуу жетекчи, мыкты уюштургуч, жеке ишкер Фидель Медеров “Кыргыз Туусуна” жаздырууда, демөөрчүлөрдү табуу-да чоң салымын кошуп келүүдө. Баса, Ф.Медеров басма сөз күнүнө карата Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаевдин колунан “Ардак грамота” менен сыйланды.
Наргиза Казакбаева
Журналисттердин ичинен, айрыкча пиар журналисти болуу ар кимдин колунан келе бербейт. Бул багытта чоң тажрыйбага ээ болгон Наргиза Казакбаева жергиликтүү бийликтерде, мамлекеттик мекеме-уюмдарда ж.б. болуп жаткан акы төлөнүп чыгуучу жаңылыктарды, кабарларды, интервьюларды байма-бай уюштуруп келүүдө.
Аида Болот кызы
Ушул эле өңүттөгү материалдарды уюштурууда “Кыргыз Туусунун” казынасына чоң салым кошкон Аида Болотбек кызы – гезитибиз менен көп жылдардан бери кызматташып келет. Ар кандай иш-чараларды уюштурууда да эмгеги чоң.
Турусбек Алымбаев
“Кыргыз Туусун” кыймылдаткан айдоочубуз Турусбек Алымбаев. Айтымында, жеңи-линен жүк тартканына чейин, айтор, машинанын бардык түрүн айдаганга укугу бар. Ага жараша жолдо ишенимдүү жүрөбүз. Мааракебизде Тукебизге да ийгилик каалайбыз.
Сабыр Атабеков
Азыр башка заман, компьютердин заманы. Заманыбыздын мындай жетишкендиктери гезит чыгаруу ишин да кыйла жеңилдетип койду. Мындай шарттарда, кайсы гана мекеме болбосун, ошол компьютердин тилин түшүнгөн кызматкери болбосо болбойт. Биздин Сабырга гезиттин ушул жагы жүктөлгөн жана аны эң мыкты деңгээлде аткарып келе жаткан азаматыбыз.
Гүлмира Шайбекова
“Кыргыз Туусун” күндө күндөй жаркылдатып жууп-тазалап турган кызматкерибиз Гүлмира Шайбекова. Өзү жылмайып коюп эле тиешелүү ишин кылып жүрө берген айым. Бир сөз менен “Кыргыз Туусун” күндө көркүнө чыгарып турган кызматкерибиз ушул – Гүлмирабыз.
“Кыргыз Туусунун” жер-жерлерде керегесин кеңейтип, канатын жайып жаткандар жети облустагы өз кабарчыларыбыз. Бардыгы кыргыз журналистикасында өз издери бар, белгилүү журналисттер. Кабарчыларбызды да “Кыргыз Туусунун” кылымдык майрамы менен куттуктап, ар бирине чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз.
Жээнбай Түрк
“Кыргыз Туусу” эмгек жамаатынын аксакалы, гезитибиздин Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчысы, акын, жазуучу Жээнбай Түрк. Жээнбай агабыз жергиликтүү акы төлөнүүчү материалдарды да күндө уюштуруп, алардын чыгышын чырылдап телефон чалып, көзөмөлдөп турат.
Болот Жумагулов
Акын, журналист Болот Жумагулов Чүй облусу боюнча өз кабарчыбыз. Агабыз Сары-Өзөн Чүйдүн санжыргалуу баянынан, облустун күнүмдүк турмушундагы олуттуу жаңылыктарга чейин кабарларды берип турган, көп жылдык тажрыйбасы бар, чыгаан журналист. Өзгөчө Чүй боорундагы акын-жазуучулардын чыгармаларын гезитибизге чыгарганча шашат.
Козубек Иманкулов
Талас облусу боюнча өз кабарчыбыз Козубек Иманкулов элге таанымал эзелки журналисттерибиздин бири. Анан үйү Таласта болсо дагы, байма-бай каттап, келген сайын бир материал көтөрө келсе, “кой союп келгендей эле” сүйүнүп калмайыбыз бар.
Гүлчехра Тажиева
Алыскы Баткендеги колубузду узартып жаткан өз кабарчыбыз, тажрыйбалуу журналист – Гүлчехра Тажиева. Ал Баткен облусундагы жаңылыктарды үзбөй берип турган, чарчадым-чаалыктым дебеген калемгерибиз.
Баатырбек Сопубеков
“Жалал-Абад” облусундагы өз кабарчыбыз Баатырбек Сопубеков да калеми курч журналисттерибиздин бири. Айрыкча, жер-жерлерде акы төлөнүп чыгуучу материалдарды уюштурууда, эл менен гезитибиздин байланышын арттырууда көп эмгек кылууда.
Күмөндөр Усупов
Нарын облусу боюнча өз кабарчыбыз Күмөндөр Усупов, калеми курч, жазганы мурч, белгилүү калемгерлерибиздин бири. Облустагы окуяларды күйүп да жазат, сүйүп да жазат. Теңир-Тоодогу болуп жаткан жаңылыктарды сыясын кургатпай берип турган кабарчыбыз.