Зуура эже менен коңшу турчубуз. Бирге отуруп чай ичип калганыбызда же ара-чолодо кезиге калганыбызда деле ортодо жөнөкөй, не бир кызыктуу сөздөр айтылчу. Жөнөкөйлүгү ушул — өмүр бою көптөгөн чыгармачыл, саясий дөө-шаалар менен чогуу табакташ болуп жүрсө да сөздөрүнө аларды кошо коюп сүйлөп, өзүн өөдөсүнтчү эмес. Зуура эже эзели Караколдон чыкпай, Коенкөзов көчөсүндөгү үйүнөн алыс кетпей, жаныбызда биз сыяктуу эле карапайым турмушта жашап жүргөндөй сезилчү. Ошондон уламбы, менин берген суроолорум да эженин өзүнө жараша жөнөкөй болчу.
– Зуура эже, – дедим бир жолу, – манасчылардын көбү: “түшүмдө аян берилип айтып калдым” дешет, сиздин чыгарма жазып, эл тааныган адам болоруңузга аян болду беле?
– Адам баласынын жашоосунда жаңылыш жаралган эч нерсе жок экен. Түш да жөн жеринен кире бербейт окшойт, – деп жооп берген эже. – Мындан көп жылдар мурда бир түштү эки жолу көрдүм.Ошол түшүмдү айтып берейин:
Түшүмдө өзүмдүн айдап жүргөн самолетум бар экен. Зуулдап учуп жүрүп отуруп Айга барып кондум. Айда бир да жан жок, жым-жырт. Бир гана арыктан суу агып жатат. Суу-су биздикиндей ылдый акпай, өйдө көздөй агат экен. Сууну карап таңданып турсам, жанымда бир аксакал карыя пайда болду.
– Кызым, сен кайдан келдиң? – деди.Мен өзүм учуп келген жагымды көрсөтөйүн деп Ааламга көз чаптырдым. Биз жашаган Жер бир башкача жаркырап, күйүп туруптур.
– Мен тээ-тиги жерден келдим, – деп жаркыраган жылдызды көрсөттүм. Карыя мага башка сөз айткан жок, дароо көздөн кайым болуп, көрүнбөй калды.Мен самолетума отуруп, кайра Жерди көздөй учуп кеттим. Арадан канча өткөнү эсимде жок, бул түштү унутуп баратканымда дагы көрдүм.Баягы эле самолетум. Аны менен кайра айга учуп келдим. Келсем баягыдай эмес. Арыктагы сууну жээктеп түркүн түстөрдөгү, эң бир кооз гүлдөр өсүп калыптыр. Аларга суктанып турсам баягы карыя пайда болду.
– Кызым, дагы келдиңби? – деди.
– Ооба ата, дагы учуп келдим, – дедим. Карыя Айдагы гүлдөрдөн терип, бир боо чогултту да мага сунду. Сүйүнгөн бойдон сунулган гүлдестени алдым. Карыя алакандарын жайып, батасын берди да көрүнбөй калды.
Көргөн түштөрүмдү таякеме айттым. –Айга, Күнгө барган түштөр чанда эле болот, – деди таякем. – Айда жүргөнүң – зоболоң бийик болот экен. Карынын гүл бергени — Алла Таалам сага чоң дарамет, күч бергени. Жазгандарың жанагы гүлдөргө окшоп, адам суктангыдай болот экен, – деп жакшылыкка жоруган.
Сөз арасында Зуура эже он эки, он үч жашында көргөн дагы бир түшү тууралуу айтып берген эле. – Зуураны окутушум керек, мунун сезим-туюму, ой-чабыттары башка балдардыкындай эмес, – деп мени Фрунзеге алып кеткен Кожокан агам Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри болчу, – деп эскерген дагы бир жолкусунда. – Менин келечегимден көптү үмүт этсе керек. Мен эле эмес, биздин айылыбызда башкарма болуп жүргөн агабыз Алтымыштын баласы Мухамедийди да Фрунзеге алып келди. Мени дароо шаардагы мед.техникумдун даярдоо курсуна киргизди. Кожокан агамдын үйүндөгү кызматчы аял мага өзгөчө кам көрүп, жүз аарчымдан өйдө алмаштырып берип, жакшы карады. Кореянка жеңем София Петровна сыпайы, мээримдүү аял экен, мени өз балдарынан кем көргөн жок. Бирок, баары үзүлүп түшүп караганы менен мен атамды, айылды сагынып, кетким келип жүрдүм. Атамдын жүз аарчысын ала келгем, ошол жүз аарчыны эч кимге көрсөтпөй, жыттап жатып уктачумун.
Эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн эмне үчүн жасоо керек, өздүк гигиенага эмнелер кирет, көчөдө кандай басуу керек…айтор, адам баласына керектүү эреже-тартиптерди үйрөткөн агам бир күнү мага кайрылып: – Зуура, быйыл Артекке барасың. Эмитеден жакшы окуп, жакшы сапаттарга көн. Сенин келечегиң алдыда, – деди. Үйдү сагынып араң жүргөн элем, агамдын “дагы окуйсуң” дегени мага катуу тийди. Арадан көп өтпөй айылга учурашканы келдим да, ошол бойдон шаарга барган жокмун. “Зуураны окутушум керек” деп көгөргөн Кожокан агам бир күнү аркамдан келип, мени кайра алып кетмей болду. Апам мени жолго камынтып, жуунтуп, баштыгыма салып бере турган сары майын камдап жаткан түнү түш көрдүм.
Түшүмдө аркамдан издеп келген Кожокан агам мени шаарга алып баратыптыр. Чоңдор минчү чоң кара машинеде агамдын балдары, София жеңем – баарыбыз отурабыз. Жүрүп бараткан машинанын алдынан бир маалда гармошка черткен сокурлар чыкты. Агам аларга бир бөлкө нан сунду, бир өтүгүн чечип берди. Андан ары узай бергенибизде машине бийиктиктен, ылдый кулап, чуңкурга түштүк. Кара машиненин жалтыраган сыры күбүлүп, талкаланып калды.
Түшүмдөн чочуп ойгондум. Түш жөнүндө атама айтып берсем чочуду окшойт, мени жетелеп алып суу жээктетип бастырды, түштү сууга айттырып, суу менен кетсин деп ырымдады. Ошондон он күн өтпөй эле Кожокан агам “контур” делип, камакка алынды.
Зуура эже бир кезде “Менин айылым” аттуу китебин мага белекке берген болчу. Ошол китебиндеги “Сүйүү” деген ырынан улам бул улуу теманы да козгоп, эженин жалкы тагдырынын сырын астыртан, аяр чечмелеп сураганым да эсимде.
Алдыңда сүйбөгөнүң турса зарлап,
Сен үчүн кара башын тартуу кармап.
Баары бир сүйүү отун жага албайсың,
Күч менен жүрөгүңдү жатка жалдап… деген ыр саптары айтып тургандай Зуура эже өзү сүйбөгөн адамга баш кошкон экен.
Мектептен кийин Караколдогу мугалимдерди даярдоочу курстан окуйт. Курс-
ту бүткөндөн кийин Кожокан Шооруков агасынын иниси Султан Шооруков Зуура эжени өзү иштеп турган Өзгөн районуна алып кетет. Ал киши Өзгөн райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болгондуктан карындашына кам көрүп, мектептердин бирине мугалимдикке орноштурат. Мугалим болуп иштеп жүргөнүндө аны айылдык бир жигит ала качат. Арадан көп өтпөй согуш чыгып, Зуура эжени ала качып алган жигит алааматка аттанат.
– Мен аны сүйбөгөн соң күткөнүм жок. Өзгөндү таштап, өзүмдүн Ысык-Көлүмө кайтып келдим, – деп эскерди эле эже. – Бирок менин чыгармачылыгыма чык болгон эки нерсе бар экендигин танбайм. Анын бири – менин Ата Мекенге болгон сүйүүм. Экинчиси – чыныгы махабат.
Сөз учугун үзбөй улап, суроолорду үстөккө босток жаадыра бериш дал ушул учурда эмнегедир эпсиздей сезилген. Себеби, адам баласы эң эле ыйык деп эсептеген сезимдерин элдин баарына эле айтып, жарыялагысы келбейт деген ойдо элем. Бирок, 2003-жылдын жазында, марттын сулуу күндөрүнүн биринде Зуура эжеге кайра эле баягы махабаты тууралуу суроо узаткамын.
– Ырас, мени сүйгөн жигиттер көп эле болгон. Арасында жанып-күйүп ыр жазгандары да бар болчу. Бир жигиттин мага арнап чыгарган мындай ыр саптары бар эле:
Жаханша менен Шамшыдай,
Тура албайм сен деп шаңшыбай.
Аялдын көрдүм далайын,
Келатам асты арзыбай.
Жаздым болсоң кокустан,
Артыңдан кошо барчудай,
Эсепке кошпойм башканы,
Эзелде жалгыз калчудай…
Ырдын ушул жерине келгенде Зуура эже: ”жаштыктын ырларын эскертип отурасың, эл эмне дээр экен”, – деп элден ыйбаа кылып, элден жазганган болчу.
Жаз демекчи, Зуура эже канча жашка келсе да ар дайым жазгы гүлдөй жыттанып, кооз, жарашыктуу кийинип жүрчү. Жакшы атырларды жакшы көрөм – деп айтчу.
Жаштык жылдарынын көбү “Ысык-Көл правдасы” газетасында өткөндүгүн, “8-марттын алдында редакциянын жигиттери майрамдык тамак уюштуруп, баарыбызга окшош атыр, косынкаларды белекке берген”, – деп эскерип:” согуштан кийинки жылдар да” – деп ошол жылдарды көз алдынан өткөрүп жаткансып, саамга унчукпай калчу. “Шайык Жамансариев деген редакторубуз болчу. Калык Кайдулатов, Мукаш Орузбаев, Жума Касымалиев, Саари Нагаев, Валий Абдымомунов, Муса Ормонбеков, Качкынбай Чукулдуков – баарысы жакшы адамдар эле.
1948-жылдын 8-март күнү биздин газетага менин ырымды биринчи жолу жарыялашты. Редакторубуз баш болуп баары куттукташты. Ал күнү мага кош майрам болгон – деген.
– Редакцияга кандайча орношуп калдыңыз эле? – дегениме Зуура эже мындайча жооп берген:
– 1942-жылы Өзгөндөн Ысык-Көлгө келсем Кыдыралиева Ракыя аттуу таяжем Караколдогу басмаканада иштейт экен. Бизге келбейсиңби деп калды. Барып басмаканага орноштум.Ошол эле таяжем бир күнү “качанкыга чейин басмаканада жүрөсүң, гезиттен иштебейсиңби?” – деди.Таяжемдин айтканы менен “Ысык-Көл правдасы” газетасынын редакциясына бардым. Редактору К. Баялинов экен. Ишке алышты. Алгач машинистка, газета чыгаруучу, корректор, корреспондент болуп иштеп жүрдүм да, кийин адабий кызматкерликке өттүм. Газетада эмне иш болсо баарын иштеп көндүм.
Зуура эженин чыгармалары да дал өзүндөй жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Ошондон улам карапайым калың элдин катмарына тез тарап, тез окулчу. “Чоочун киши” романын окубаган адам аздыр. Өзгөчө кайын энелер менен келиндердин ортосунда колдон колго өтүп, талаш менен окулган роман болду. “Чоочун киши” романын ачкандан баш көтөрбөй отуруп окудум, “Жетимдерди” ыйлап отуруп окудум – дегендерди көп уктук.
Зуура эженин чыгармалары чыныгы турмуштун өзүнөн алынып, ошол турмушту күзгү сымал дал өзүндөй чагылдырып тургандыктан ар бир окурмандын сезимин козгоп турчу. Бүгүнкү күндүн башкы трагедиясы болгон баңгилик тууралуу “Сынган мазар” пьесасын жазган. “Арман” аттуу романы басылып, окурмандардын колуна жеткенде Зуура эже абдан сүйүнүп жүрдү. “Бул романым 1991-жылы эле жарык көрмөк, союздун ыдырашы менен пландан чыгып калган. Эми минтип губернатор иним Эмилбек Анапияев өзү кам көрүп, бастырып берди. Пейилине, жигиттигине рахмат!” – деген эле.
Зуура эже чыгармачылыктын ырахатын көрүп жашады. Анын эмгегине эли да ошончолук бийик баа берди. Кыргыз Респуб-ликасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу, Эл аралык “Кутман эне” наамынын ээси, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Каракол шаарынын ардактуу атуулу болгон.
Ушунчалык урмат-сыйга татыган жазуучу эжебизде аялдык асыл сапаттар көп эле. Баарысын айтпаган күндө да анын өз колунан жуурулуп жасалган нанычы, эмдигиче эл оозунда айтылып жүрөт. Зуура эже канча жашка келсе да сынынан жазган жок. Эл арасында: “Эже эмдигиче гимнастика ойноп, дене көнүгүүлөрүн жасайт экен” – деген сөздөр айтылчу. Аны уккан эже:
– Ырас, күндө дене көнүгүүлөрүн жасайм. Күн сайын суу сүлгү менен сүртүнөм. Көп басам. Баарысы бала кезимден келаткан көнүмүш адатым болуп калган. Булардын аркасынан өзүмдү сергек сезем, – деген эле.
Көйкөл АЙТБАЕВА