Канатбек Молдобаев Аксы районундагы Сыны айылынан. Атасы Үрүсбек менен апасы Мария жөнөкөй, алпейим адамдар. Алар беш кыз, төрт уулдуу болушуп, аларды татыктуу тарбиялап өстүрүштү. Үрүс аке балдарым эл сыйлаган, эли-журтум деп өскөн, элге кызмат кылган уул-кыздардан болсо экен деп тилек кылчу. Бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпа, арам оокатка кызыкпа деп кулактарына кумдай куюп келген. Канатбек ушундай ата сөзү, ата тарбиясы менен өстү.
Баланын шыгын байкаган агайы устаты болду
Канатбек 1973-жылы Аксы районундагы Кара-Жыгач орто мектебин мыкты баалар менен бүткөрдү. Окуу менен бирге эле спорттун көп түрү менен алектенип, анын ичинен өзгөчө волейболго шыктуу болду. Дене тарбия сабагынан окуткан Эшматов Ашымбай агай Канатбектен мыкты спортсмен чыгарына көзү жетип, аны кошумча сабактарда да окутуп, спорт сырларына көнүктүрүп, машыктырып жүрдү. Канатбек райондун курама командасында ойноп, облустук, республикалык мелдештерге катышып, баш байгелерди жеңип алып жүрдү жана өзүнүн мыкты спортчу экенин көрсөттү.
Окууну бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайынын дене тарбия факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып калды. Ал кезде армия жаштарды ар тараптуу такшалдыруунун мектеби эмес беле. Аскерде жүрүп да мыкты спортсмен экендигин көрсөтүп, сыйда жүрдү.
1977-жылы аскерден келип, райондук спорт мектебине мугалим болуп кирди. Жаштар Канаттын айланасына тез үйүр алып, ышкыбоз балдар топтолуп калды. Канатбек аларга өзүндөгү мыкты билим менен тарбия бере баштады. Үйлөндү, жаш үй-бүлө өнүп-өсүп келе жатты.
Спорт адамды тарбиялайт, такшалтат
Спорт адамды алдына чоң максат коюп, ага жетүүгө талбай аракеттенүүгө тарбиялайт эмеспи. Канатбектин алдыдагы максаты билимин дагы жогорулатуу эле. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун педагогика жана спорт факультетине тапшырып, аны 1983-жылы ийгиликтүү бүтүп келди. Өз кесиби боюнча мурдагы мектебинде иштей баштады. Жаш кадрдын жөндөмүн көргөн партиянын райондук комитети аны райондук ДОСААФтын жетекчилигине сунуштады. Көп жылдар бул мекемени жетектеп, өзүнүн уюштуруучулугун көрсөтүп, жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүдө мыкты эмгек сиңирди. Ал ортодо Алматы шаарындагы ДОСААФтын жетекчи кадрлардын адистигин жогорулатуу курсунда окуп келди. Ал жетектеген мекеме ДОСААФтын Ош облусундагы райондук комитеттеринин ичинде алдыңкы орунга чыкты.
Башка заман башталды
Дал ушул мезгилде СССР талкаланып, жаңы доор башталды. Єткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын, азап-тозокторун башынан өткөрдү. Эпчилдер колу жеткендин баарын талап-тоноп жатышты. Жетимиш жыл элдин кашыктап чогулткан байлыгы чөмүчтөп чачылып…
ДОСААФ комитетинин иштери да солгундай баштады. Аталган комитет чарбалык эсептеги уюм болгондуктан каржылоо маселеси токтоп калды. Мындай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Канатбек Ноокен ДОСААФтын районундагы Массы автомектебине кайрылып, айдоочулардын акы төлөп окутуучу курсун Аксы районуна ачып берүүнү суранат. Ноокен райондук автомектеп бир «Москвич – 412» автомашинасын бөлүп жана окуу жайдын филиалын ачып берет. Алгач Канатбек өзү айдоочулукту үйрөтүүчү кесипти өздөштүрүп, андан сон Кербен шаарындагы №69 кесипчилик техникалык окуу жайынын мугалими Кочкоровду кызматка тартып, экөө аталган окуу жайдын базасында «В» категориясындагы айдоочуларды даярдоочу эки айлык курсту ачышат. 1996-жылдан баштап иштери жандана баштайт.
Келинчеги Жакыпбаева Гуля да сабаттуу, мыкты адис болгондуктан ушундай кыйын кезеңде өмүрлүк жарынын жеңилин жерден, орун колдон алды. Балдары Куштарбек, Алмазбек, Жазгүл, Асел татыктуу билим алышып, эл кызматында эмгектенип жатышты.
Спорт тармагына кайра кайтып
Канатбек андан кийин балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору болуп иштеп калды. Ушул кызматта турганда райондо дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө жана аны жалпы эл массасына жайылтууга, спортчуларды тарбиялоого кошкон салымы ат көтөргүс. Канатбек өзү волейбол оюну боюнча спорттун чебери болуу менен бирге чоң-чоң мелдештерге райондун курама командасын жетектөө менен катышып алдыңкы байгелүү орундарды алып келет.
Мектептерде иштеп жаткан мыкты мугалимдерди машыктыруучулук ишке алып, аларды кошумча жумуш менен камсыз кылып, окуу машыгуу топторунун санын арттырууга жетишти. Натыйжада спорттук мектептин окуучуларынын саны өстү. Айыл жерлеринде дене тарбия жана спорт иштерин өспүрүм жаштар арасында жайылтуу, дени сак атуулдарды тарбиялоо багытында көп иштерди турмушка ашырды.
Мисалы, Кербен шаар башкармалыгына караштуу Мамбетов атындагы орто мектептин базасында секция ачып, машыктыруучулукка Э.Ныязбековду, волейболдук кыздар
тобун түзүп, ага А.Рустемованы машыктыруучу кылып алды жана Миң-Булак орто мектебинин базасында грек-рим күрөш боюнча Ж.Бекболотов, Темиркул Үмөталиев атындагы мектепте бокс боюнча Ж.Зыябеков, Кара-Жыгач орто мектебинин базасында бокс боюнча Б.Жангараев, Авлетимдеги Кабаев атындагы орто мектепте М.Шабданкулов волейбол боюнча секцияларды иштетип жатышат. Ошондай эле Айтиев атындагы орто мектепте бокс, Жеңижок атындагы орто мектепте стол тенниси, Салибай Шатманов атындагы орто мектепте волейбол жана Ак-Жол айылында улуттук күрөш, Кашка-Суу айылындагы Турдубаев атындагы мектепте шахмат секциялары иштеп, жаштар машыгып келишүүдө, спорт чеберлери өсүп жатышат. Натыйжада райондун спорт мектеби «Жогорку категориядагы спорт мектеби» титулуна ээ болду. Аталган секциялардын баары керектүү спорт инвентарлары менен жабдылган. Тартыштык заманда мына ушул иштерди аткаруу жеңилге турган жок. Ошол жылдар аралыгында Аксы спорттук техникалык клубун ачып мурдагы ДОСААФтын базасын сактап, клубду негиздөө үчүн көп жүгүрдү, көп тоскоолдуктарга кабылды. Акырындап клубдун иши илгерилей баштады.
Жыл өткөн сайын калкыбыздын турмушу жакшырып, автомашина айдоочулардын катары өсүп, аталган клуб эми өз алдынча мектеп болуп иштөө проблемасы келип чыкты. Бул маселени чечүү үчүн Канатбек Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык коргонуу уюмунун Борбордук Кеңешинин төрагасы (ОСТО ДОСААФ) генерал-майор А.А.Кошоновго кайрылуу жазып, ал жактырылып, 2004-жылы 4-февралда Аксы спорттук техникалык клубу ачылды.
Өз алдынчалуулук жана чоң жоопкерчилик
Эми клубдун базасын түзүп жашап кетүү милдети турду. Түшкөн ар бир тыйынды натыйжалуу жумшоо менен клубдун негизи түптөлө баштады. Алгач уюштуруу иштеринде өз каражатын да аяган жок. Бирок, аны эч кимге айткан жок. Анткени бул Канатбек Молдобаевдин көптөн бери алдыга койгон асыл максаты болуучу. 2005-жылы Тынчтык көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан бир батирди сатып алып лабораториялык-практикалык окуу классын кайрадан жабдып чыгышты. Бул жерде «Жолдо жүрүүнүн эрежелерин окутуу классы», «Лабораториялык практикалык окутуу классы», «Тренажердук компьютердик класс кабинет» уюштурулду. Кербен шаар башкармалыгы жана шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен автодром үчүн 1 га жер аянты бөлүнүп берилди.
2006-жылы АУДИ-80 маркасындагы, 2007-жылы «Фольсфаген-Пассат» үлгүсүндөгү, ал эми 2008-жылы «Д» категориясындагы автобус айдоочуларды даярдоо максатында «Икарус-256» маркасындагы автобус жана «Е» категориясындагы автопоезддин айдоочуларын даярдоо боюнча «Зил-131» маркасындагы автомобиль алынып, окутуу иштери жүргүзүлө баштады. Натыйжада А.Молдобаев Кара-Жыгач айылында жүк ташуучу автомашина айдоочунун курсун ачып, ГАЗ-53 машинасы менен, Кербен шаарында К.Апсаматов ГАЗ-52 көчмө автоклассы менен ал эми И.Эргешбаев ГАЗ-53 жүк ташуучу машинасы менен ал эми Аскар Молдалы уулу Икарус автобусунда. К.Молдобаев өзү жана мугалим Т.Тасмаев жеңил машинада жаштарды окутуп тарбиялап келишет. Ошону менен бул автоклубда ондон ашык адамдар иштеп өзүнчө чоң мектепке айланып калды. Ала-Бука, Чаткал райондорунда да филиалдары
ачылган.
Кырк жыл ичинде нечендеген спортсмен, эмгекчил, техниканын тилин мыкты билген айдоочуларды даярдап чыгышты. Бул ийгиликке жеткенче Канатбекте тыным болбоду. Эми да ал автодромду жабдуунун үстүндө жүгүрүп жүрөт. Элдин уулу деген ушул. Чындыгын айтканда Канатбек Аксы элинин автоканаты болуп калды десек
туура болот.
Кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана аскердик патриоттуулукка, ата мекенди коргоого багытталган тарбия берүүдө кошкон салымы үчүн ал «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, Спорттук техникалык коргонуу уюмунун «Синирген эмгеги үчүн» медалы жана Эл аралык спорттук-техникалык коргонуу уюмдарынын биргелешкен союзунун (СОСТО СНГ) «Синирген эмгеги үчүн» ордени жана башка медалдар, ардак грамоталар менен сыйланды. Бүгүнкү күндө да менчик окуу жайын ачып, элибизге кызмат
кылууда.
Каарманыбыз эмгек ардагери катары Кыргыз Республикасынын спорттук, техникалык коргонуу уюмунун жалпы кызматкерлерин 24-ноябрь – кесиптик майрамы менен куттуктайт.
Абдымомун КАЛБАЕВ,
журналист