Физика-математика илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Математика
институтунун улук илимий кызматкери Нурлан Абиев менен «Кыргыз Туусунун» баяндамачысы Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ адамдын жашоосундагы жана илимдеги математиканын орду, улуттук жана дүйнөлүк математикадыгы өзгөрүүлөр тууралуу маектешти.
– Мектепте баары болбосо да, көпчүлүк окуучулар так илимдерден, анын ичинде математикадан аксайт. Окумуштуулардын айтымында, математикадан аксагандар кийин турмушта да аксашат экен. Чынында эле ушундайбы?
– Бул пикирге анча кошула бербейм. Асыресе, биздин коомдо. Бирок математикадан тың болгондор кийинки жашоосунда да кор болбойт дегенге кошулам. Чет өлкөлөрдө сактандыруу агенттиктери менен иш алпарган математик-актуарий, банктарда тобокел менеджери деген сыяктуу кесиптерди аркалагандар көп киреше табышат. Такыр болбогондо, математика логикалык жактан туура ой жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн деле керек экени талашсыз. Байыркы демократиялык Грецияда адамдар өз таламдарын сотто талаша алган, кээде софист деп аталчу философторду жалдашчу. Булар билимдүү, сөзгө чечен адамдар эле, бирок элдин логикалык сабатсыздыгын пайдаланып, бир заматта акты кара, караны ак кылып жиберчү алаяктар да болчу. Элдин пейилин бузуп, келечек муундарга терс тарбия берип жатышат деп, буларга Сократ каршы чыгат. Сократтын жалган жалаа менен өлүм жазасына буйрулушуна ушул «бизнеске» «чатыр» болгон бийлик төбөлдөрүнүн куйругун басып алышы себеп болгону маалым. Математикадагы 2*2=5 сыяктуу нерселерди софизм деп атап калышыбыз да ушундан.
– Математикага ышкыны кантип ойготсо болот?
– Менимче, бул көп тамырдуу проблема. Адамдагы шыктандыргыч күч — өзгөчөлөнүү, кадыр-баркын сезүү жана материалдык кызыкчылыктар. Спортчулардын урмат-сыйга бөлөнүп жатканын көргөн бала дагы ошолордой болгусу келет. Эми математикага келсек, кайсы математикти аэропорттон тосуп алып, кайсы ишкер же бийлик өкүлү батир тартуулап, ат мингизип жатат? Жок да, андай. Мен көкбөрү, күрөш же айтышты колдобойм деп жатканым жок. Бирок бул заманда илимий-техникалык прогрессиз дагы жашоо кыйын. Ал прогресс математика менен гана келе алмакчы. Математикасы өнүккөн элдин техникалык элитасы, экономикасы да күчтүү болот. Эми Сиздин соболдун жообуна жакындадык көрүнөт. Биринчи кезекте, математика илиминин маанилүү экенин насыйкаттап, баркын көтөрүүбүз керек. Муну эми мамлекет колго алуусу зарыл. Айтыла берсе, аң-сезимге сиңе берет. Албетте, курулай сөз менен айтылган пропагандага ишенбейт, демек, мындай жөрөлгө математик адистердин материалдык абалынын жакшырышы менен коштолушу керек. «Илимпоздун жашоосу деле тың өтөт турбайбы» деген пикир калыптанышы керек коомдо. Бул алгышарт. Анан мектептерди кантип уюштурабыз, педагог кандай болушу керек деген маселелер өздөрү эле ээрчий келет.
– Адамдын жашоосунда математика илиминин орду кандай?
– Математика илими өзүнүн бар экенин байкатпай, «өмүр сүрөт». Мисалы, азыр томография деген бар. Бирок медициналык аппарат болуп жарала электе эле, анын идеясы математиктердин мээсинде түйүлдүк болуп түйүлгөн болчу. Тескери маселелер, интегралдык геометрия деген илимдердин ичинде абстрактуу модели жаралып, анан барып гана буюмдар дүйнөсүнө аппарат болуп түшкөнүн көпчүлүк биле бербесе керек. Мен 80-жылдардын аягында Новосибирск мамлекеттик университетинде окудум. Ошол кезде бул тема абдан актуалдуу болуп, диссертациялар корголуп жатчу эле. Математика болбосо, учак да учпайт. Азыркы компьютер илимдеринин түпкүрүндө да математика жатат. Криптография деген таптаза эле математика. 2000-жылдары кайтадан Новосибирскиге барганымда, азыркы 4G байланыш, информация ташымалдоонун оптикалык каналдары деген жаңы технологиялардын математикалык моделдери изилденип жаткан болчу. Айта берсек, мисал көп. Албетте, ноокас менен жолоочуга интегралдык геометрия менен аэродинамиканы билүү кажет эмес, ал тургай, андай билим дарыгер менен учкучка да керек эмес. Алар керектүү кнопкаларды басып, рычагдарды тарта билсе, болду да. Деген менен, эл ичинен, айтор, бирөө жарымыбыз буларды билүүгө тийишпиз. Ошондо гана томографиядан да ашып түшкөн укмуш аппаратты өзүбүз ойлоп таба алышыбыз мүмкүн. Азыр дүйнөлүк трендге илээшип калчу шансыбыз бар. Былтыр Германиядан бир программист кайрылып калды. Жогорку математикадан он-лайн консультация өтүп жүрдүм. Өзүм да кызыгып, интернеттен жасалма интеллект, нейрон дегендер боюнча бир нече китеп тапсам, айланып келип эле, ичи толтура жогорку математика экен. Ушул багытты экономиканын маанилүү тармагына, бюджет булагына айлантса болчудай. Учак курган же титан эриткен оор индустрия көптөгөн территорияны, татаал жана кымбат заводдорду курууну талап кылат. Ал эми IT индустрия андай эмес, ноутбук менен эле жасалчу нерселер да.
– Дүйнөдө математикалык илим кандай өнүгүп жатат? Чоң ачылыштар болуудабы?
– Дүйнөлүк математика тез, конкуренциялуу өнүгүп жатат. Илгери информация алмашуу узакка созулчу экен. Бир илимпоздун башка илимпозго жазган каты деңиз аралаган кеме менен айлап, жылдап жетчү. Азыр интернет заманында кнопканы баса калсаң эле, Америкада же Жапониядасың. Чет элдерде аалымдар мол айлык, грант алышат, анан алган акчасын илимий продукция түрүндө кайтарып, акташ керек. Мына ушу жерде конкуренцияны көрүп алыңыз. Башыман өткөн эки мисал айта кетейин. 2014-жылдан тартып россиялык досум, мен, грециялык коллегаларым болуп бир эсеп менен алектенип баштаганбыз, 2015-жылдын июль айларында алгачкы натыйжаларыбызды Германияда баяндаган элек, ошол жерден Москвадагы Келдыш атындагы колдонмо математика институтунун кызматкерлери да кызыгып калышат. Жаңы жылдын алдында мен эсепти чыгарып, кол жазмамды arXiv.org сайтына жүктөйм. Куйрук улаш эле, бир жумадан соң москвалык эки математик өздөрүнүн вариантын жүктөп жатышпайбы. Азыр бири-бирибизге шилтеме жасап жүрөбүз. Дагы бир мисал, досум өзү 2016-жылы Уоллах мейкиндиктери дегендердин классификациясын алса, бир күндөн кийин кытайлык үч жаш жигит ошол эле эсепти башка жол менен чыгарышып, жарыялашат. Ушулардан илимдеги конкуренция бизнестегидей эле курч экенин билсек болот. Ачылыштар тууралуу айтчу болсок, алар ушунчалык спецификалуу, көп тармактуу болгондуктан, адис эмес адамдарга жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүш кыйын. Заманбап математика ушунчалык канат-бутагын жайып, кеңейип кетти деп элестетиңиз, кандай жаңы багыттары бар экенин билген киши жок. Кыс-ка жооп берсек, ачылыштар болуп жатат. Дагы бир айта кетчү кыстырма — математикада бирөөгө ичи тардык жасоо деген болбогон иш. Ааламдын чеги жок болсо, математика да ошондой чексиз. Күн сайын бир илимий проблема чечилсе, жаңысы жаралып отурат. Демек, изилдөөлөрдүн темасы да чексиз деген сөз – баарыбызга артыгы менен жетет.
– Улуттук математика илими кандай абалда? Кайсы багыттарда өсүп өнүгүүдө?
– Улуттук математика жакшы абалда деп айта албайм. Биз дүйнөлүк көчтүн артында калып баратабыз. Мунун негизги эки себеби бар деп ойлойм. Биринчиден, илимий лидерлердин, белдүү кызматкерлердин өмүрдөн өтүүсү, картаюусу. Экинчиден, илимге бөлүнгөн каржынын, эмгек акынын аздыгы. Ушул себептерден илимге кызыгуу жоголууда деген пикирдемин. Багыттарына келсек, традициялуу түрдө дифференциалдык теңдемелер менен геометрия жана топология бизде өнүккөн. Булардан башка дагы бир жаңы, калыпташкан илимий багыттар бар деп айта албайм, бирин-серин шакирт топтогон бирин-серин адистер барбыз, бирок түптөлүп келаткан жаңы илимий мектептер жок. Мен өзүм дагы Риччи агымдары деген жаңы нерселер менен алектенген болуп келатам 2012-жылдардан бери, Перельмандын темасына жакын нерселер. Ушул багытта азыноолак эмгектерим жарыяланган чет өлкөлүк журналдарда. Ушул жерде жеке эле математика илими тууралуу эмес, биздеги илимдердин баарына орток болгон, окшош проблемалар тууралуу айткым келип кетип жатат. Деги эле дүйнөлүк илимдин алдыңкы чегинде болуу үчүн, актуалдуу темаларда баш көтөрбөй, тынымсыз иштөө керек. Бир күн токтосоң, артта калдың. Дүйнөлүк практикада азыр илимпоздун деңгээли анын коргогон диссертациялары, жыйнаган атактары менен эмес, Хирш индекси деген сыяктуу көрсөткүчтөр менен, кандайдыр бир жалпы, эл аралык илимий проблематикага кошкон салымы, публикациялык активдүүлүгү менен бааланып калды. Ал көрсөткүч илимий-метрикалык базаларда компьютердик программа аркылуу калыс, адилет ыйгарылып отурат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, аны алуу үчүн, биринчиден, сиз Scopus, Web of Science сыяктуу базаларда катталган, индексацияланган, рейтинги жогору, сапатка койгон талаптары да бийик илимий журналдарда илимий макала жарыялашыңыз керек. Бир макаланы жарыялоонун өзү узакка созулчу машакаттуу жана түйшүктүү иш. Макалаңыздын деңгээлине төп келип, аны теңсинген журналды тапкыча, далай журнал сизден баш тартат, маанайыңыз түшүп, рухуңуз кулайт. Ошентип, ары-бери жөнөтүп, жооп күткүчөктү, эң болбогондо жарым жыл убактыңыз кетет. Экинчиден, жөн эле жарыялап коюш аздык кылат. Сиздин макалага башка авторлор кызыгып, натыйжаларыңызды пайдаланып, эң болбогондо адабият обзорунда атап өтүп, сизге шилтеме жасашы керек. Ал үчүн макалада бир баалуу жаңы нерсе болушу керек да. Биздеги илимдерге тийиштүү орток мүнөздөмө — атын өзгөртө салып эле, эски макалаларыбызды кайра-кайра жарыялай бергибиз келет. Жазында жашылча базарга жаңы картошка түшкөндөн баштап, былтыркы картошканы эл сатып албай баштайт. Туура ушул сыяктуу эле, отуз чакты жыл мурунку темалар менен натыйжалар кимге кызык болушу мүмкүн? Илимдин фронту алдыга жылып кетпедиби.
– Жаш муундан математика илимине кызыккандар барбы?
– Азыр математикалык олимпиадаларга катышып, жеңип жаткан балдарыбыз деле бар. Бирок алардан илимпоз математиктер чыгып жаткан жок, компьютер, бизнес кесиптерин тандап кетип жатышат. Алардын мындай тандоосу, албетте, түшүнүктүү. Өкүнүчтүү дагы. Өзүмдүн дагы илимпоз математик чыкма таланттуу шакирттерим IT адис болуп кетишкен. Баары эле баягы акчага, маянага келип такалат. Эгемендик жылдары муундар арасында чоң кенемте, боштук пайда болду. Бул мамлекеттин эң чоң жоготуусу. Илимге жаштар келбей калды. Өзүм 1996-жылдары аспирант болгонумда, ар кайсы жерде иштечүмүн, темир жол вокзалда коммерсанттарга жүк ташыгыч болуп жалданган күндөр болгон. Илимдер академиясынын аспиранттарга башпаана жатаканалары да жеке колдорго өтүп кетти. Эми азыр жаштарды кызыктыруу, тартуу, чогултуу кыйын маселе. Бизде устат-шакирт мамилелери да, көбүнчөсү, убактылуу да. Диссертация коргогондон кийин кайсы бирөөлөрүбүз көр тирликке алаксысак, кайсы бирөөлөрүбүз, мансап кууп, илимди таштап кетип жатпайбызбы. Илимде чогуу өмүр сүрүп, чогуу шымаланып иштешкенде гана, ата-бала-небере муундар калыпташат. Илимий жетекчи «играющий тренер» болушу кажет, антпегенде дүйнөлүк илим мүнөт санап тез өзгөрүп-өөрчүп жаткан заманда өзү артта калган адамдын башка бирөөгө илим үйрөткөн насаатчы болушун элестетүү кыйын, логикага да сыйбайт.
– Илимди кантип жакшы жолго коюуга болот?
– Жеке пикиримди ортого салып көрөйүн. Менимче, биринчиден, университеттер, илимий институттар өздөрү жана кызматкерлери болуп ResearchGate, ResearcherID, ORCID сыяктуу дүйнөлүк илимий-метрикалык базаларга катталышса, жакшы болмок.
(Уландысы бар)