– Марат Молдонович, Жогорку Кеңешке келгениңизден бери кандай мыйзам долбоорлорун демилгеледиңиз?
– Элибиздин ден соолугун чыңдоо максатында спорт комплекстерин куруу боюнча менчик жерлерди трансформациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгелегем. Бул мыйзам долбоорунун алкагында жеке ишкерлер өзүнө караштуу жерге спорттук комплекс куруу үчүн жергиликтүү бийликке кайрылса, айыл өкмөт ал маселени чечип бере алат. Бул мыйзам долбоору учурдун талабы болгон деп ойлойм. Анткени алыскы аймактардан тартып Бишкек шаарында да спорттук комплекстер салынып жатат. Учурда “Дордой” ассоциациясы тарабынан 20 000 кишиге ылайыкталган стадион курулуп башталды. Алыскы аймактарга да тренажердук зал, бассейндер менен спорттук комплекстер курулуп калса, жергиликтүү эл үчүн анын пайдасы чоң болот. Бүгүнкү күндө кайсы бир ишкердин же жарандын жеке менчик жери болсо, ал жерге спорттук комплекстерди курууда мурдагыдай бюрократиялык кыйынчылыктар
жаралбайт.
–Талас облусунда жетекчилик кызматтарда иштегендиктен сизге аймактын көйгөйлөрү тааныш болсо керек. Облусту өнүктүрүү багытында эл өкүлү катары кайсы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатасыз?
– Талас облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда көптөгөн көйгөйлөр бар эле. Анын негизгиси ирригация маселеси болчу. Чоң Талас суу каналы бар, бирок ал Кара-Бууранын акыркы айылына чейин жетпейт. Аманбаев айылына чейин эле барат. Ошол кезде суу тартыштыгынан Сарымсак каналы салынды, бирок ал дагы Кара-Буура БДРине суу жеткире албай калды. Кургакчыл болгон жылдарда суу тартыштыгы бар айылдарда дыйкандар үчүн кыйынчылыктар жаралып келген. Эгинине суу жетпесе, андан кандай түшүм алууга болот? Эл өкүлү катары бул көйгөйлөрдүн үстүндө иш алып баруудамын. Бүгүнкү күндө Кара-Буура районунда Бакты-Ногой деген канал бетондолуп, толук реконструкцияланып аягына чыгайын деп калды. Мурда ушул каналдан 5 куб суу кое берилсе, анын 2,5 кубу жетчү. Азыр канал бетондолгондуктан суу толук кандуу жетип, бир топ аймакты суу менен камсыздайт. Кара-Буура районунда 3 000 гектардан ашык жерди камсыздай ала турган Иманбек каналы бар. Бул каналдын аягында жайгашкан Маймак, Сатыкей айылдарына суу жетпегендиктен дыйкандардын эгиндери бир нече жолу күйүп кеткен учурлар болгон. Ошондуктан быйыл ушул каналды долбоорго киргизип, суу чарба департаментине көрсөткөнбүз. Мындан тышкары Бакай-Ата районундагы Үрмарал суусунан 1 БДР, Кара-Буура районундагы Бакайыр айылына 1 БДР, Манас районунун Нылды айылында 1 БДР куруу боюнча долбоор жазылып жатат.
– Фасолдун үрөнү кайсы өлкөлөрдөн алынат? Бүгүнкү күндөгү түшүмдүүлүгүнө токтолсоңуз?
– Быйыл дыйкандарга суу жетиштүү болгондуктан 5-6 тоннага чейин фасоль алышууда. Талас облусунда Президенттин өкүлү болуп иштеп турганда экс-министр И. Айдаралиев “Бакубат Талас” фондунан 1 миллион сомдон ашык акча бөлүп берип Турциядан фасолдун “нервана” деген сапаттуу үрөнүн алганбыз. Ошол үрөн Бакай-Ата районунда 45 гектар жерге эгилген. Сатылгандан калган фасолдун түшүмүнөн элге үрөн берилген. Ушу тапта рынокто ошол фасолдун баасы көтөрүлүп, дыйкандарга киреше берип жатыптыр. Кечээ жакында КабМиндин төрагасынын биринчи орун басары Б. Эргешов Кытай өлкөсүнөн жогорку сорттогу үрөндөр алынганын айтты. Бир эле үрөндү жылдап айдай бербей, улам жогорку сорттогу сапаты жакшыларына жаңыртып турсак, дыйкандарыбыздын да мээнети кайтып, киреше ала алышат.
– Облустагы мектептердин, бала-бакчалардын, медициналык мекемелердин абалы кандай? Учурдун талабына жооп береби?
– Мен Талас облусун жетектеп турганда Дастан Жумабеков спикер эле. Долбоорлордун негизинде 6, 7 мектепти куруу иштери жүрүп, толук аягына чыга элек болчу. Быйыл ошол курулуп башталган 6, 7 мектеп пайдаланууга берилди. Азыркы учурда курулуп жаткан жана жаңыдан курула турган эскилиги жеткен 3, 4 мектеп бар. Чат-Базар айылындагы фин тибиндеги, башка дагы 2 айылдагы эски мектептин ордуна жаңы мектеп куруу зарылдыгы бар. Мына ушул мектептерди Министрлер Кабинети бюджетке киргизип берсе, бул маселе чечилмек. Мындан тышкары бала бакчалар салынып, ФАПтар курулуп, жергиликтүү элдин жашоосун жакшыртуу багытында бир топ иштер жүрүп жатат. Райондун алыскы аралыктагы Көпүрө-Базар айылына оорукана курулуп жатат. Жакында эле саламаттыкты сактоо министри менен барып көрүп келдик. Талас облусунун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен бюджеттен миллиард сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилиптир. Тарыхыбызда мындай болгон эмес эле. Кудайга шүгүр, мамлекет тарабынан каражат берилип жатат. Таласта аэропорт ачылды, жолдор оңдолуп жатат, К.Медетбеков атындагы театрдын имараты оңдолду, “Бала-Саруу” ГЭСи ишке кирди, бузулуп жаткан ИИМдин эски имараты капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди. Облустун экономикасын өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.
– Талас облусу кошуна мамлекет менен чектешкен аймак. Ички жана сырткы жолдордун абалы кандай?
– Быйыл ратификациядан өткөн Таластын автобекетинен Суусамыр жолуна чейинки жол ремонттолуп токтогон болчу, эми ошол уланат. Ошондой эле Жамбылдын кайрылышына пост ачылат. Бул маселе Дастан Жумабеков Жогорку Кеңеште төрага болуп турган кезде казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилген.
Маймак станциясына барган жолдун абалы начар. Аманбаев айылына чейин 10 чакырым аралыкты түзөт. Ошону кошуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Жабылып калган Маймак станциясын казактар менен сүйлөшүп, кайра ачтырганбыз. Маймак станциясы Кыргызстандын жеринде жайгашкан. Андан Казакстандын темир жолу өтөт. Андыктан бул станция мамлекеттик стратегиялык объект. Казакстандан көмүр ошол темир жолу аркылуу түз келет. Облустун дыйкандарынын продукциялары да ушул темир жол аркылуу Казакстанга кетет. Эркин экономикалык зонага киргендиктен бул станцияга көңүл бурулуш керек. Арал – Көпүрө-Базар жолун реконструкциялоону быйыл бюджетке киргизебиз. Анткени облусту жетектеп турганда туризмди өнүктүрүү максатында Көпүрө-Базар айылындагы И.Айдаралиев-дин “Кайыңдар” аллеясына линия тартканбыз.
“Жер Үй” компаниясына да кайрылып, айылдын инфраструктурасын жакшыртып бергиле деген маселени көтөргөм. Райондун борборунан 100 чакырымдан ашуун аралыкта жайгашкан Көпүрө-Базар айылынын үстүндө 100дөй түтүн жашайт, ошол жерде ФАПтын жоктугунан ымыркай баланы араң сактап калышты. Ошондуктан ал аймакка ФАП салып берүүнү тапшырдык. Мындан тышкары эл өкүлдөрү инвестор тартуу менен облустун аймагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ири завод ачууну пландаштырып, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жер сурап кайрылышты. Элдин жашоо шартын жакшыртуу багытында Министрлер Кабинети менен биргеликте көптөгөн иштердин үстүндө иш алып баруудабыз.
– “Жер Үй” Кыргызстандагы кору ири алтын кендердин бири, эмнеге анда мамлекеттин үлүшү жок?
– Кенди иштетүүгө берилген лицензия-дагы макулдашууда мамлекеттин үлүшү каралган эмес. Бирок, бул компаниядан “Альянс Алтын” (Бакубат Талас) фондуна 150 000000 (жүз элүү миллион) сомдон бөлүнүп берилип турат. “Альянс Алтын” компаниясы кенди өндүргөнгө чейин курулуш иштерин баштагандан тартып эле бул каражатты берип келе жатат. Мындан тышкары Өнүктүрүү фондуна “Кумтөр” өндүрүлгөн алтындын 1 пайызын берсе, “Жер Үй” 2 пайызын берип жатат. Облусту жетектеп турганда ушул маселени чечкен элек. Эгер, компания жылына 3,5 тоннадан 5 тоннага чейин алтын чыгарса, 500-600 миллионго жакын сом фондго түшөт. Түшкөн каражат Талас облусуна, Талас районуна, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн инфраструктурасы бүгүнкү күндө кыйла жакшырып калган. Менин билишимче мамлекеттик ипотекалык турак жайлар да Өнүктүрүү фондунун каражатына салынууда. “Альянс Алтын” фонду аркылуу мектептер, спорттук залдар ремонттолуп жатат. Ошондуктан “Жер Үй” кенинде мамлекеттин үлүшү жок болсо да, андан фонддорго түшкөн каражаттарга социалдык объектилер реконструкцияланып, жолдор оңдолууда. Кен казылып бүткөнчө Талас облусунун инфраструктурасы мындан да жакшырат.
Сөзүмдүн соңунда кыргыз элинин басма сөзүнүн башаты болгон, бир кылымдык тарыхы бар, мамлекеттин саясатын жайылтууну үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жаткан “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктайм! Калемиңиздер курчуй берсин!
– Убактыңызды бөлүп, маанилүү маек куруп бергениңизге ыраазычылыгымды билдирем!
Маектешкен Вера Беделбек