Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Бийиктен көрүнө бериңиздер!

Маданият, маалымат, спорт  жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин “Кыргыз Туусу”  гезитинин  100 жылдыгы жана журналисттердин кесиптик майрамы –  Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоонун” 100 жылдыгы журналисттердин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул майрам ар бир журналисттин, редактордун жана жалпы маалымат кызматкерлеринин коомдогу маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдетин дагы бир жолу баса белгилейт. Сиздердин эмгегиңиздер – бул чындыкты издөө, актуалдуу окуяларды өз убагында чагылдыруу жана  өлкөнүн жарандарына объективдүү жана ишенимдүү маалыматты берүү. Сиздер күн сайын биздин республиканын маалыматтык чөйрөсүн түзүп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана коомдук турмушту жигердетүүгө зор салым кошуп келесиздер.

“Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезитинин жүз жыл мурда чыккан биринчи саны мындай деп башталат экен.

“Ар бир мамлекеттин же маданийатка жакындаб кадам басыб келе жаткан улуттун өз алдынча басма сөзү йаки  гезити болот. Тиричиликтин илгери басыб, журтчулуктун оңолуб чарбачылыктын өркүндөб маданийаттын күчөйүшүнө, керек боло турган бул гезит, басма сөз. Мамлекет же бир республике басма сөзү болбосо жашай албайт”, – дейт.

Жүз жыл мурдагы кыргыз журналистикасынын пайдубалын түптөгөн аталардын бул сөзү бүгүн дагы жүз эсе актуалдуу.

Бүгүнкү күнү Эгемен Кыргызстанды курууда ошол кездеги аталар сыяктуу
коомдогу баалуулуктарды жаңылап, улуттун жаңы сапатын калыптандыруунун кези келди. Жаңы Кыргызстандын эмгекчил, билимдүү, ак ниет жаранын калыптандырууда басма сөз кызматкерлеринин ролу алдыга чыгууда.

Жүз жыл бою журналисттер жазган сөз, айткан ой гезит-журнал, телевидение аркылуу альтернативасыз, монополия менен элге жеткирилип келсе, бүгүн абал кескин өзгөрдү.

Мындай абал кесипкөй журналистиканын кадырын кетирген жок, тескерисинче күчөтүп, жоопкерчиликти жүз эсе көбөйттү.

Бүгүнкү журналист бирдей мүм-күнчүлүгү бар миллиондогон башка адамдардан эки эсе билимдүү, эки эсе маалыматтуу болушу керек болууда.

Бүгүнкү күнү жүз жылдык тарыхы бар ата-мекенибиздеги маалымат каражаттары жарандык диалог жүргүзүүнүн ачык аянтына айланып, мамлекет менен
коомдун өз ара байланышын чыңдоодо зор үлүш кошуп келет.

Элибиздеги журналисттер азык берчү ой менен тың идеялардын таралуусуна данакер болуп, жарандарыбызды ойлондурган, агарткан өзөктүү маселелерди көтөрүүлөрү кажет. Мындай кесипкөй журналисттер окуяларды ар тараптуу талдап, популизм менен чагымчылдыкка тоскоол боло алышат. Бул – журналисттердин алдындагы айрыкча маңыздуу миссия.

Кыргыз медиа тармагы калеми күлүк, ою учкул журналисттер жана тилчилер коомунун тынымсыз эмгегинин аркасында кармалып, сакталып, өнүгүп келүүдө.

Антсе дагы акыркы жылдары кыргыз медиасында эмгектенген жаштардын арасында тунук ой, терең аналитика, укканда кулактын кычуусу, окуса көздүн кызуусу канган публицистика жетишпегендей.

Урматтуу басма сөз кызматкерлери, баарыңыздарга чың ден соолук, бак-береке жана чыгармачылык эргүү тилеймин. Ушундай жооптуу кызматта ар дайым бийиктикте көрүнө бериңиздер!

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар