Каарманыбыз Мээрим Жайлообекова декретте олтурган айымдардын катарын толуктайт. Ал үй тиричилигин жана балдарын караганча түрдүү таттуу азыктарды жасап, киреше таап келет. Бул тууралуу Мээримдин баянын окурмандарыбызга сунуш кылабыз.
«Сыноолорго чыдаш керек»
– Төртүнчү баламды төрөгөндөн кийин үйдө олтуруп калдым. Ошол учурда эл катары мен да төрөттөн кийинки депрессияга түшө баштадым. Ошондо ушинтип үйдө олтура бербей бир иш баштайын деген ой келди. Жолдошум таттууларды аябай жакшы көрчү. Ошого күндө ар түрдүү таттууларды жасап жатып эле бул тармакка кызыгуум артты.
Башында таттууларды интернеттен карап жасачумун. Ушул жол менен үйрөндүм. Алгач, бисквиттерим жакшы окшошпой жүрдү. Анан акырындык менен билим алып, кошулмаларын ченеп кошуп, туура жасай баштадым. Бир жолу окшошпой калса, кол шилтеп кетүү туура эмес. Бир эмес бир нече ирет окшошпой калышы мүмкүн. Ошол сыноолорго чыдап, ар тараптан изилденип, «Эл жасаганды мен дагы жасай алам», – деп өзүнө-өзү ишенгенде гана адам ийгиликке жетет.
«Башкысы сапатына маани берем»
– Мыкты кондитер эң биринчи жасап жаткан тортуна кандай азык-түлүк кетсе, ошонун ар бирине кылдат мамиле жасашы керек. Эптеп арзан азык-түлүктөрдү алып жасаган кондитердин иши көпкө созулбайт. Дайыма сатып алган азык-түлүктөрдүн сапатына, адамдын ден соолугуна зыяны жок экенине басым жасайм. Анткени, адамга ден соолук бир гана жолу берилет. Аларга зыян келтирип алгандан корком. Ошондой эле келген кардар менен жакшы тил табыша билүү зарыл.
Кардар айткандай торт жасап, адам-герчиликтүү мамиле жасасаң ал сага туруктуу кардар болуп калат. Торт алып кеткен кардарга торттон сырткары да кошумча белек берип койгон жакшы. Мен дайыма торт менен кошо капкейк же болбосо туулган күнүндө үйлөөчү шам-чырактарды белек катары берип коём. Аны алгандар «Эже, чоң рахмат. Мындайды күткөн эмесмин», – деп сүйүнүп кетишет. Кардардын көңүлүн алып, жакшы маанай тартуулаганга не жетсин.
«Убакытты туура пайдаландым»
– Кыргызда «Оңой оокат жок» деген жакшы сөз бар. Ал үчүн чыдамдуулук керек. Мен дагы фудблогерликти баштаганда аябай кыйналгам. Анткени, балдарымды карашкан эч ким жок болчу. Бир жагынан үй тиричилиги болсо, экинчи жагынан кыздарымды мектепке алып барганга жетишпей калчумун. Көрсө, ошол учурда убакытты туура эмес пайдаланган экенмин. Ошентип жүрүп убакытты туура бөлүштүрүүнү үйрөндүм. Эртең менен эрте туруп, түшкө чейин таттууларымды жасасам, түштөн кийин балдарыма көңүл бөлөм. Кечинде үй иштерин бүтүрүп, жолдошум жумуштан келерине тамак жасап, балдарым уктагандан кийин торттун бисквиттерин бышырып, анан уктаганга өттүм. Ушул принципти күндө колдоном.
«Жалаң табигый азыктарды колдоном»
– Тортторумдун килограммы 1650 сомдон. Анткени, мен жасаган торттордун курамында жалаң гана таза кошулмалар. Кардарларыма арзан менен кымбат жасалган торттун айырмасын түшүндүргөнгө аракет кылам. Таза азыктардан жасалган торттор жумшак, адамдын көңүлүнө тийбеген, өтө ширин эмес, курамына жалаң табигый азыктар кошулуп жасалат. Ал эми булочкаларымдын бир даанасы 30-35 сомдон, таттуу токочторумдун килограммы 450 сомдон, советтик рулеттерим 450 сомдон жогору сатам. Булардын баары табигый азыктардан жасалат.
«Декреттеги айымдар да киреше тапса болот…»
– Бүгүнкү күндө декретте олтурган айымдар көп. Алар балдарын карап, үй жумуштарын бүтүрүп, ушул нерсе мага жетиштүү деп ойлошот. Бирок, бул туура эмес. Адам баласы күн сайын ар түрдүү билим алып, өсүп турушу керек. Үй жумуштары десек ал эч качан бүтпөйт. Күндө кайталанган ишти кайра-кайра жасай берсе, депрессияга дуушар болушат. Замандын талабына ылайык, өздөрү кызыккан бардык нерсени үйдө олтуруп, онлайн үйрөнсө болот.
Келечекте таттууларды жасаган жеке өзүмдүн кофейнямды ачсам деген ниетим бар.
Асел МУСАЕВА,
“Кыргыз Туусу”