Пятница, 10 января, 2025
-13.9 C
Бишкек

Ак-Суу районунда 81,4 млн сомго бала бакча курулат

 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Советское айылына бала бакча курууга тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Мамкурулушка караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Тендердин пландалган суммасы 81 млн 409 миң 282 сомду түзөт, табыштамаларды 22-январга чейин берүү зарыл.

Бала бакча 100 орунга ылайыкталган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар