Пятница, 10 января, 2025
-12.9 C
Бишкек

Өрттөн улам Лос-Анжелесте өзгөчө абал киргизилди

АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарынын кээ бир аймактарын каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Эвакуацияланып жаткан Палисейдс аймагында 30 миңдей адам жашайт. Маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 10 миңден ашуун үй жана 13 миң имарат коркунучта экенин билдиришти. Өрт 1173 гектар жерди жалмаган.

Электр энергиясы өчүрүлүп, дээрлик 17 миң адам электр жарыгысыз калган. Өрт кургак аба ырайынан жана шамалдан улам күчөп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар