Кытайдын учуучу унаасы сынактан өттү. Ал Түштүк-Чыгыш университетинин изилдөө тобу тарабынан иштелип чыккан. Бул тууралуу кытайлык басылма Global times жазды.
Долбоордун жетекчиси Ин Гоудон келечекте транспорттун жаңы түрлөрүн ойлоп табууну жана экономикага салым кошууну көздөп жатканын белгиледи.
«Бул Кытайдын биринчи учуучу унаасы, дрон технологиясына таянбайт. Жерде да айдаса болот, учууга да болот. Интеграцияланган унаа болуп саналат», — деди Ин.
Максималдуу учуу салмагы 500 килограмм болгон унаа учуу чыдамкайлыгы кеминде 20 мүнөткө жетет жана максималдуу учуу бийиктиги 300 метрден ашат. Университеттин маалыматы боюнча, жердеги ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жетиши мүмкүн.