whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
15.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда майда электрондук тахографтарга карточкалар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда майда электрондук тахографтарга карточкалар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда майдын аягында электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу болжолдонууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган ведомство кызматкерлери, Эл аралык ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык айдоочулар катышкан жолугушуу өткөн.

Анда 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер каралган.

“Азыркы мезгилде картаны чыгаруучу компания карточкаларды сертификаттоо боюнча иш алып барууда. Зарыл болгон үч сертификаттын экөө алынды. Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертифкатын алууга арыз берилди. Болжол менен Кыргызстандын аймагында картаны май айынын аягынан тарта чыгаруу пландаштырылып жатат”, — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалымат үчүн: Тахограф — бул транспорт каражаттарынын бортунда орнотулган башкаруучу жабдуу. Анын жардамы менен ылдамдык, иш тартип, айдоочулардын жана бригаданын мүчөлөрүнүн эс алуусу эсепке алынат. Карточкада болсо, айдоочу жана унаа тууралуу маалыматтар камтылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар