whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКөндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 29 миң кыргызстандыкты кесипке ээ кылды

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 29 миң кыргызстандыкты кесипке ээ кылды

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду өлкө боюнча дээрлик 29 миң кыргызстандыкты, анын ичинде 815 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды окутууну уюштурган. Курстарга катышуу 97%ды, жумушка орношуу 69%ды түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери колледж жана кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруп келет. Азыркы учурда фонддун 98 билим берүү мекемеси, анын ичинде 72 кесиптик лицей, 9 колледж, 14 жеке окуу борбору жана 3 жогорку окуу жайы менен макулдашуулары бар. Алардын негизинде 127 кесипти окууга болот.

Ошондой эле учурда фонд аркылуу фонд аркылуу IT-технологиялар, айыл чарба, курулуш, энергетика, транспорт, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, туризм, тейлөө жана башка тармактарда иш берүүчүлөрдүн буйругу боюнча жаңы суроо-талапка ээ болгон кесиптерди ишке киргизүү колдонулууда.

«Жаңы кесипти үйрөнүү үчүн кесип жана ыңгайлуу окуу жайын тандап, арыз калтырып, ыңгайлуу окуу графигин макулдашуу керек», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар