whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭнергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычы тапшырылды

Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычы тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн. сомдон ашуун каражат жумшалды.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттик органдарда алгылыктуу рефомалар жүргүзүлүп, анын ичинде техникалык жактан жаңыртылып жатканын белгиледи.

“Электр энергиясыз жашоону элестетип болбойт. Ошол себептүү мамлекет башчыбыздын реформалары аркылуу өлкөнүн энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары, күн, шамал станциялары салына баштады. Ошондой эле Кыргызстандын энергетикалык потенциалы тууралуу, ири эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар кызыкдар экендиктерин айтканын кошумчалап кетейин. Анын арты менен алдыда чоң иштер аткарылат”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Адистердин белгилөөсүндө, бул жаңы алынган атайын унаалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Оңдоо иштери ыкчам жана сапаттуу болуп, техникалык жоготуулардын санын азайтууга да таасирин тийгизет.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар