whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров "Мурас" футбол мелдешине катышты

Садыр Жапаров «Мурас» футбол мелдешине катышты

Бишкекте 25-26-майда футбол боюнча «Мурас» салттуу мелдеши өттү. Мелдештин экинчи күнүндө оюнга Президенти Садыр Жапаров «Президенттин командасы» курамы менен катышты.

Оюндардын соңунда Мамлекет башчысы эки жыл мурда бул мелдеш кыргызстандыктарды спорт менен алектенүүгө шыктандыруу максатында башталганын жана бүгүн бул максат ишке ашканын белгиледи: эми мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор дагы, ошондой эле аксакалдар дагы футбол, волейбол жана баскетбол менен активдүү алектенишет. «Дени сак улут – дени сак өлкө», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана ата-энелерди балдарды спорт менен алектенүүгө үндөөгө чакырып, илим менен дене тарбияны айкалыштыруу керектигин, анткени булар ден соолуктун кепилдиги экенин ырастады.
Мелдешке ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү. Жеңүүчү болгон «Ден соолук» командасы 400 миң сом, экинчи орунду «Коопсуздук» командасы 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сомду «Спорт чеберлери» командасы алды.
«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.
Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери кубокторду жана медалдарды алышты. Сыйлоо аземинин соңунда эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар