whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомО.Акпаров Беларустун Күзөт департаментинин башчысы менен жолугушту

О.Акпаров Беларустун Күзөт департаментинин башчысы менен жолугушту

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров Беларусь ИИМинин Күзөт департаментинин башчысы Александр Шепелев менен жолугушту.

ИИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Беларусь ИИМинин делегациясынын жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар стратегиялык маанидеги кайтаруудагы объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттешүү, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Келген конокторго ИИМдин Күзөт кызматынын «Санарип күзөт» борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда ИИМдин Күзөт кызматынын техникалык каражаттары, атайын каражаттар жана кармоо топторунун ар кандай шаймандары көрсөтүлдү.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар